Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аны кызматтан алуу боюнча Жогорку Кеңештин президентке берген сунушу, парламент менен аткаруу бийлигинин мамилеси жана өлкөдө баалардын кымбатташы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
“Азаттык”: Жогорку Кеңештеги бийликчил деп саналган “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” тобу сизди кызматтан алуу демилгесин көтөрүп, парламент президентке сунуш бергенине бир айдан өттү. Спикер Нурланбек Шакиев президент жана өкмөт башчы чечим кабыл алганын да айткан. Кандай чечим кабыл алынды?
Эдил Байсалов: Мен эл шайлаган жалпы Жогорку Кеңешти жана ар бир депутатты сыйлайм. Эгерде мен Жогорку Кеңешке же депутаттардын арасынан бирөөнө ачуу сөз айтып, беделине шек келтирсем, парламент төрагасы Нурланбек Тургунбековичтен кечирим сурайм.
Ортодо жалпыга маалымдоо каражаттарында мен айтпаган да сөз чыгып, абалды курчуткан кишилер да болду. Азыр ал түшүнбөстүктөр чечилди.
Бирок бул жеке менин маселем эмес, Конституцияга барып такаларын айткым келет. Эл кабыл алган Баш мыйзам боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда. Элдин атынан тапшырманы президент коёт жана программаны аныктайт.
Аны аткаруу Министрлер кабинетинин колунда. Бул менин пикирим эмес Конституциянын талабы ушундай. Муну эч ким талаша албайт.
- Бирок эми ошол эле учурда Жогорку Кеңештин да мамлекеттик саясатта, чечим кабыл алууда өзүнүн ролу бар да.
- Ооба, Европаны, АКШны же Чыгыш Азия өлкөлөрүн айтабызбы демократиянын талабы бир эле. Парламентте кээ бир учурда аша чапкан да учурлар болуп атат. Социалдык тармактарды карасаң депутаттар министрлерди, алардын орун басарларын кагып-силкип, мазактаган видеолор аябай талкууланат. Биз мындай орой мамилени токтотушубуз керек. Бул биздин элдин маданиятына да туура келбейт. Андай орой мамиле парламентте эле эмес көчөдө да болбошу керек. Ал биз үчүн жат көрүнүш. Парламентте бири-бирибизге сый мамилени көрсөтүшүбүз зарыл. Буга бир да депутат каршы болбосо керек.
- Мен башында берген суроомо толук жооп алган жокмун. Сиз президент, өкмөт башчы менен жолуктуңузбу жана кызматыңыз боюнча кандай чечим болду?
- Эми ушинтип маселени кайра-кайра ырбата бергенди токтотолу. Мамлекет башчы кандай чечсе ошондой болот. Биз кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдү чече алдык. Менин сөздөрүм Жогорку Кеңештин ишине кийлигишүү сыяктуу кабыл алынышы мүмкүн. Азыр баары тең маселени түшүндү. Ортодо эч кандай келишпестик жок. Мен парламентке сый-урмат менен мамиле кыларыма ишендире алдым.
- АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) акыркы сурамжылоосунда кыргызстандыктар жумушсуздук жана баалардын жогорулап кетишин негизги көйгөй деп эсептей турганы анык болду. Министрлер кабинети кымбатчылык менен күрөшүү боюнча эмне иштерди кылып жатат?
- Бул сурамжылоону мамлекет буюртма берип жүргүзгөн жок. Аны 20 жылдан бери ушул иш менен алектенип келаткан беделдүү институт жүргүздү. Сурамжылоодо эл президент Садыр Нургожоевичтин бийлигине ишене турганын айткан. Мурда коррупцияны эң чоң көйгөй деп аташса, азыр ал артка жылды. Бул да коррупция менен күрөш жүрүп жатат дегенди билдирет.
Албетте, Кыргызстанда социалдык абал оор. Президенттин бийликке келгенине 2,5 жыл болду. Маселенин баарын 2,5 күндө чечип коё албайт. Бийлик кымбатчылык болуп атканын билет. Мамлекет башчы жана анын командасы маселени чечүү үчүн иштеп жатат. Президенттин тапшырмасы менен күзүндө жакырчылыкты азайтуу боюнча чоң улуттук форум өткөнү турат.
- Ошол эле учурда президент Садыр Жапаровдун рейтинги өткөн жылга салыштырмалуу 3% төмөндөп кеткенин да айта кетүү керек. Дагы бир маселе жакында талкуу жараткан окуялардын бири - Орусияга санкцияга кабылган товарларды сатып атат деп кыргызстандык төрт компания АКШнын санкциялык тизмесине кошулду. Кыргыз өкмөтү бул жаатта кандай аракеттерди көрүп жатат?
- Ал сурамжылоо былтыр апрель айында болуп анда президенттин саясатын сурамжылоого катышкандардын 92% колдогон. Азыр 2-3% түшкөнү олуттуу маселе эмес. Президентке ишеним жетиштүү. Ал эми санкция коркунучу бар. Биз Европанын, АКШнын тиешелүү жетекчилери менен байланышып жатабыз. Алар деле түшүнүү менен мамиле кылышууда. Анткени Кыргызстанда экономика эркин. Биз бардык фирмаларды тыкыр көзөмөлдөй албай калып жатканыбызды өнөктөштөр деле түшүнүп турат.
- Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги боюнча көп маселелер бар экенин билдирип келет. Жакында Европарламентте да сөз болуп, кыргыз бийлигине кайрылуу болду. Бийлик кандай жыйынтык чыгарды?
- Биздин мамлекет адамдын жашы менен салыштырганда 32ге чыкты. Бул жашта адам бутуна туруп, өзүн-өзү таанып калат. Кыргызстанда 1990-2000-жылдары адам укугу, демократия жаатында иштер биздин чет жактагы өнөктөштөр, донорлор үчүн жасалчу. Алардын мактоосун угуу үчүн. Азыр биздин Конституцияда адам укугу, эркиндиги, демократия боюнча так жазылган. Ошондуктан айтылган сындар 4-5 эле маселе.
- Бирок ошол эле кезде беделдүү уюмдардын берген баасы, алар жарыялаган рейтинги инвестиция, алака-катышка таасир берет да.
- Албетте эске ала турган маселелер бар. Мен бирөөнү табалаганды жаман көрөм. Мисалы, Кемпир-Абад боюнча камакта жаткан Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров же калган жаш активисттер болобу баары менен жеке мамилем да бар. Бирок алар шылтоо кылып бийликти алмаштыргысы келген да. Ал ишке ашпай калды. Муну моралдык банкрот деп айтсак болот. Алар абакта отуруп алып “бийлик башындагыларга санкция киргизилсин” деп Батыш өлкөлөрүнө кат жазып атат. Бул каттарды эч ким деле эске албайт.
- Кемпир-Абад иши боюнча алардын күнөөсү бар же жогун эми сот чечет деңизчи. Бирок сот эмне үчүн жабык болуп жатат. Айыбы болсо ачык сотто далилдеп беришсе туура болот беле?
- Кемпир-Абад боюнча бийлик бардыгын чакырып Өзгөндө бир күн бою, кийин Бишкекте да бир күн түшүндүрүп маалымат берди. Мүмкүн маалыматтары жок болсо керек деп жабык жыйында бардыгын айтып беришкен. Бирок анын баарын билип туруп ушундай иштерге барышкан.