Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

"Санкциялар кыргыз өкмөтүнө эскертүүдөй"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз бийлигинин санкциялык режимди көз жаздымда калтыруусун жана өлкөдөгү куугунтукту комплекстүү алып кароо зарыл. Мындай пикири менен Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов бөлүштү.

- Кыргызстандык төрт компанияга АКШнын Каржы министрлигинин санкция салышы өлкөнүн саясий аброюна кандай таасир этет?

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

- Албетте, өлкөнүн дүйнөлүк имиджине таасир этпей койбойт. Бирок негизинен Батыштын көз карашынан алып караганда зыян алып келет. Европа өлкөлөрү, Кошмо Штаттар менен мамилелерди татаалдаштырат деп ойлойм. Калган дүйнө, мисалы, БРИКСтин мүчөлөрү, Африка, Кытай же Орусия менен мамилелерге таасир этпеси анык. Негизги оюнчулар менен алака-катнашта акыркы мезгилде белгилүү бир алга жылуулар болгонун эске алуу зарыл.

Кытай менен Борбор Азиянын соңку саммитинде өзүңөр билгендей Бээжин чөлкөмдөгү өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга ири инвестиция салууга убада кылган. Муну менен Кытайдын таасири күчөп жатат. Борбор азиялыктар Батыштын талаптарын же арткан үмүтүн аткарууга азыраак кызыкдар болуп жаткандай. Ошол эле маалда алар көп векторлуу саясаттан баш тарткан жок, Батыш менен жакшы мамилелерди сактоого аракеттенүүдө. Технологиялар, инвестициялар ошол жактан келет эмеспи. Бирок жакынкы келечекте Батыштын таасиринин солгундашын, Кытайдын таасиринин күчөшүн күтсө болот.

Андыктан Кыргызстандын аброюна тийген залаканын чеги да болот. Практикалык жактан ал санкциялар иш жүзүндө эч нерсе чечпейт. Санкцияларга кабылган бир күндүк компаниялар былтыр эле түптөлүптүр. Алар Орусия менен соода кылуу үчүн негизделгени айдан ачык.

- Кыргызстан санкциялардын сакталышын көзөмөлдөөдө чара көрөбүз деп айтууда. Олуттуу кадамдар жасалат деп күтсө болобу?

- Кыргызстандын өкмөтү экспортту чектөөнү көзөмөлдөө үчүн олуттуу чара көрөбү же жокпу азырынча ачык суроо бойдон калууда. Сөз жүзүндө бул маселеге көңүл бурулганын, көзөмөлдү күчөтүшөрүн айтышууда. Биздин өлкөлөрдөгү патронаждык системаны эске алуу зарыл. Орусия менен сооданын көлөмү эселеп өскөнүн унутпаш керек. Мындан улам мен санкцияга туш болгон төрт компаниядан тышкары андай иш менен алектенгендер көп деп ойлойм. Кыргызстан Орусияга экспорттолгон товарлар жагынан алдыңкы орунда турса керек. Казакстан жана Өзбекстан дагы андай иштерге аралашкан, бирок мындай деңгээлде эмес.

- Эмне себептен дал Кыргызстан ушундай абалда калды? Бул эмнеден кабар берет?

- Балким, Кыргызстандын чабалдыгын көргөзөт. Өлкө экономикалык жактан сырткы оюнчуларга көз каранды, өзүн өзү камсыздай албайт. Эмне дегенде энергетикалык, башка ресурстары аз, калган өлкөлөр, ошол эле Казакстан Батыштын, Европанын инвестицияларынан көбүрөөк көз каранды, соодасын, өзүнүн энергетикалык экспортун сактап калууга аракеттенет. Өзбекстан да дээрлик ушундай абалда.

Кыргызстан Кытай менен Орусиянын таасиринде көбүрөөк калгандай. Муну акыркы мезгилде эркин басма сөзгө, жарандык коомго болгон басым-кысым, куугунтуктун күчөшүнөн байкаса болот. Атап айтканда, бийлик Батыштын реакциясын көзгө илбей эле аракет көрүүдө. Бул жагынан Өзбекстандан да ашып түшөт деп айтар элем. Менимче, мындай артка чегинүүнү комплекстүү караш керек. Санкциялык режимге көңүлкош мамиле кылуу жана репрессиялар бир эле тенденциянын көрүнүштөрү. Патронаж же мамлекеттин көзөмөлү шартында андай бизнеске башкаруудагы элитанын жогорку адамдары аралашкандай. Алардын кызыкчылыктары бар, киреше алып турушу мүмкүн. Ал кирешеден баш тартуу кыйын болчудай. Андыктан көзөмөлдөп жатабыз деген имитация болушу ыктымал. Өкмөт санкциялык товарларды чектөө үчүн конкреттүү кадамдарга барат деп азырынча ишенимдүү айта албайбыз.

Иш жүзүндө санкцияларды ошол бир күндүк компанияларга эмес, өкмөткө салыш керек эле. Азыркы жазалоочу чаралар символикалык болгону менен сыягы, АКШ жана Европа тарабынан эскертүү катары каралууда. "Биз азыр силердин компанияларга каршы чара көрүп жатабыз, тиешелүү көзөмөл орнотпосоңор, эртең өкмөткө каршы ошондой чара колдонушубуз мүмкүн" деп белги бергендей.

XS
SM
MD
LG