Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Волгоградда украиналык дрондор мунай заводуна кайра сокку уруп, өрт чыкты


 "ЛУКОЙЛ-Волгоград мунайды кайра иштетүү" заводу. Архив
"ЛУКОЙЛ-Волгоград мунайды кайра иштетүү" заводу. Архив

Украинанын дрондору 19-августка караган түнү Орусиянын Волгоград облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку уруп, өрт чыкканын, аны эртең менен гана өчүрүүгө мүмкүн болгонун "Интерфакс" жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди.

Чабуулдун кесепеттери айтылган жок.

Ушуну менен бул завод 13-августтан бери кеминде үчүнчү жолу дрондордун бутасына алынды.

Украина завод орус армиясын күйүүчү май менен камсыз кылгандыктан, аскердик объект болуп эсептелерин билдирген.

Согушка чейин ишкана жылына 15 млн тоннадай мунай өндүрчү, бул Орусиядагы жалпы мунай өндүрүшүнүн 5.5% жакынын тузөт. Учкучсуз аппараттар аны 2024-жылдын февралынан бери бутага алып келүүдө.

Волгоград облусунун бийлиги билдиргендей, түндө атып түшүрүлгөн дрондордун биринин сыныгы шаардын түштүгүндөгү №16 оорукананын аймагына түшүп, анын корпустарынын биринин чатыры өрттөнүп кетти. Жабыркагандар жок деп кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бүгүн эртең мененки маалыматында Волгоград жана Ростов облустарынын, аннексияланган Крымдын үстүндө 23 украин дронун жок кылганын жарыялады. Жалпы канча дрон менен чабуул коюлганын тактаган жок.


Шерине

XS
SM
MD
LG