Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:30

Айсулуу, Камила... Бир кылмыштан ачылган кыңыр иштер


Маркум Айсулуу Мукашева (солдон оңго карай) жана 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаева (оңдо). Ортодо кыздардын өлүмүнө шектүү. (коллаж)
Маркум Айсулуу Мукашева (солдон оңго карай) жана 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаева (оңдо). Ортодо кыздардын өлүмүнө шектүү. (коллаж)

Ысык-Көлдө өлтүрүлгөн 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү жаран дагы жети оор кылмышка тиешеси бар экени тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу ЭлТР телеканалынын укук коргоо органдары менен бирге жасаган иликтөөсүндө баяндалат. Журналисттик иликтөөдө шектүүнүн бети-башы ачык, аты-жөнү толук берилди.

Иликтөөдөгү маалыматка таянсак, шектүүнүн 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар. Соттук териштирүүлөрдө мунун баары каралмакчы.

30-сентябрдан бери тергөө абагында отурган шектүүнүн адвокаттары же жакындары азырынча маалымат бере элек.

"Мени каналга түртүп, үстүмө таш таштады"

"Бул жерден чөптөрдү алып келип, анын денесин жашырып койдум", - дейт курмандыктын сөөгүн каткан жерди көрсөткөн шектүү видеодо.

Милиция кызматкерлеринин коштоосунда жүргөн шектүүнүн чекеси, бир көзү көгала экени даана көрүнөт.

Кылмыштын изин куугандар аны Айсулуу Мукашева жоголгондон кийин камерага түшүп калган күмүш түстүү "Хонда Стрим" автоунаасы аркылуу табышкан.

"Бул он жыл мурда сатылган. Ушунча убакыттан бери биринчи ээсинин наамында болгон. Айыптарды төлөгөнүн текшерип келгенде, төлөм шектүүнүн атынан жасалып турганы аныкталган. Такталып отуруп, шектүүнү кармадык", - дейт журналисттик иликтөөдө сүйлөгөн милиция кызматкери.

Териштирүү жүрүшүндө шектүүнүн ушул автоунаа менен жасаган буга чейинки кылмышы ашкере болгону дагы айтылат.

2015-жылы октябрда шектүү Бишкектин аймагында дагы бир кызды автоунаасына салып барып, каналга ыргыткан. Аны өлтүрмөк болуп, чоң ташты үстүнө таштаган. Жабырлануучу таш башына тийбей калганын айтып берген.

"Ошол жерде жаттым, кайра келип калабы деп корктум. Мага көп убакыт болгондой болду. Канча убакыт жатканымды билбейм. Кийин каналдан чыгып карасам, жолдун аркы жагында май куюучу жай бар экен. Ошол жакка чуркап бардым, кишилер чыгышты. Кийин МАИ кызматкери келдиби, ким келди, билбейм. Мени автоунаага салып ооруканага алып кетишти".

Шектүүнүн тергөө учурундагы күмөндүү сөзүнөн кийин укук коргоо органдары анын башка кылмыштарга да барганын болгонун аныктап чыгышкан.

2014-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук милициясына Раззаков көчөсүндө бир кыздын сөөгү табылганы жөнүндө маалымат түшкөн. Экспертиза 22 жаштагы кыз алгач зордукталып, кийин башына баштык кийгизилип, тумчуктурулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган.

2011-жылы 14-мартта Сокулук районунун Орок айылынын айдоо талаасында бир кыздын сөөгү табылган. Териштирүү учурунда бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 1989-жылы туулган, ошол кезде 22 жаштагы кыз экени аныкталган. Сегиз айлык боюнда бар маркум алгач зордукталып, кийин өлтүрүлгөнү такталган. Шектүү тергөөдө ошол кылмыштар кандай, кайсыл жерде болгонун көрсөтүп берет.

Шектүүнүн мындан сырткары 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экени кабарланды.

Милицияга көрсөтмөсүндө, ал алгачкы кылмышын 2006-жылы жасап, көчөдө апасы менен бараткан 22 жаштагы кызды башка гезитке оролгон темир менен чаап, уюлдук телефонун алып качып кеткенин айтып берген. Кийин колго түшүп, жабырлануучулардан кечирим сурап, сот чегерген 5 миң сом айыпты төлөп абактан чыккан.

“Кутудагы таттуубу же печеньеби, айтор, бизге алып келишти. “Бул апасынын жалгыз уулу, кечирип койгула, сураныч. Эми кайталанбайт” дешкен. Азыркы окуялардын болорун билсем, андай кадамга бармак эмесмин”, - деди ошондогу жабырлануучу кыз.

Милиция аны төрт кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнө, дагы эки кызды зордуктоого айыптап жатат. Бир кыздын жагдайы белгисиз бойдон калууда. Укук коргоо кызматкерлери анын курмандыгы болгондор жалаң жаш кыздар экенине көңүл бурууда.

“Иликтеп чыкканда, ал кыздар келбеттүү, 18-25 жаштагы, чачын жайып жүргөндөр экенин белгилүү болду”, - деди ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери.

Жогорку соттун маалыматы

Жогорку соттун басма сөз кызматы шектүү буга чейин төрт жолу түрдүү берене менен соттолгонун билдирген.

Тактап айтканда, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 167-беренеси ("Тоноо") менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген. Он жылдан кийин, 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны "киши өлтүрүүгө аракет жасаган" деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 28-беренеси ("Кылмыш кылуу далалаты") жана 97-беренеси ("Киши өлтүрүү) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга камоо жазасын дайындаган. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык соттук коллегия райондук соттун өкүмүн өзгөртүп койгон. Ал жерден айып Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо") жана 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча тагылып, акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу дайындалган, калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган. Жогорку соттун басма сөз кызматы ал дайындалган жазасын өтөгөн деп билдирди.

Айсулуунун өлүмү

17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Шектүү кылмышын жашыруу үчүн машинесин жууп-тазалап, кыздын уюлдук телефонун жана СИМ-картасын жок кылган. Аны милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринен кармаган.

Айсулуунун сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилген.

"Айсулууну өлүкканадан эле кепиндеп беришиптир, атасы менен апасы да кызынын айдай жүзүн акыркы жолу көрө алышкан жок. "Ачпагыла" дешиптир. Демек, ошончолук мыкаачылык менен ай чырайын бузган да. Аргасыздан мейли дедик, Айсулуубуз эсибизде жаш, сулуу бойдон калсын дедик. Биз талап кылабыз, кызыбызды кыйнап өлтүргөн зөөкүрдү эң жогорку жазага - өлүм жазасына тартып берсин!" - деген маркумдун жакындарынын бири "Азаттыкка".

Кыз шектүү менен мурда-кийин тааныш болгон эмес.

Саясатка айланган кылмыш

Шектүүнүн мындан сырткары 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экени кабарланды.

18 жаштагы Камила 2014-жылы 10-мартта сабакка кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Арадан алты күн өтүп, 16-мартта студент кыздын сөөгү Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. Андан бери 11 жыл өтсө да кылмыштын бети ачылган эмес.

"Зордуктоо болгон эмес дешти, пальтосун кийген бойдон, жоолугу да ошол бойдон экен, муунтуп коюшкан дешти. Жолдун үстү да, ылдый жагы да мүрзө. Сөөктү ылдый жакка тоголотуп жибериптир да. Ал жакка эч ким кирбейт да. Аны бир койчу көрүп калып, милицияга кабар бериптир. Телефону Баха көчөсү менен Лев Толстойдо өчүп, жеткиликсиз болуп калган. Баха менен баратканда ипподром бар го, ошол жактагы чоң жолдун боюндагы арыкка ыргытып жибериптир. Телефонду кароолчулар таап алып, бирөө колдонуп жүргөн экен. Ош базарына алып барып тазалатып, өзү пайдаланып жүргөнүн айтыптыр суракта", - деген "Азаттыкка" Камиланын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев.

Убагында өлүмдү иликтөө үчүн ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Арасында мурдагы баш прокурор Аида Салянованын жакын тууганы Калыбек Элтуйбасов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүүгө айланган.

Салянова агасы Элтуйбасов АКШга 2017-жылы коопсуздугуна байланыштуу чыгып кеткенин айткан. Ошол эле жылы ага ИИМ издөө жарыялаган. Калыбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп алганы белгилүү болгон.

ИИМ менен ЭлТРдин иликтөөсүндө Элтуйбасов ошол күнү Камила менен телефондон сүйлөшкөнү, андан кийин саунага барып башка кыздар менен эс алганы да айтылат. Кийин кыз табылбай жатканда саунадагы видеокамерага түшкөн жазууларды өчүртүп салганы, бул аракети менен тергөөгө жолтоо болгону, ошон үчүн милиция андан шек санаганы да сөз болгон.

Иликтөөдө шектүү апасына жолукканда Камила ал айдаган таксиге түшкөнүн, жанынан бир таңгак акча көрүп калып ошон үчүн аны өлтүргөнүн айтканын көрүүгө болот.

Өткөн жумада Аида Салянова Фейсбук баракчасына бул тууралуу түз эфир уюштурарын билдирген. Салянова анда 11 жыл мурда болгон кылмыштын Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай байланышы барын айтмакчы болгон. Бирок көп узабай тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат берүү белгисиз убакытка жылганы маалым болгон.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова Дүйшөбаеванын өлүмүн ошол кездеги бийликтер ага каршы саясий курал катары колдонгонун айтып келет.

Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлүп, аны эл аралык уюмдар кескин айыптаган билдирүү таратышты.

13-октябрда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан.

Долбоордо Конституциянын 25-беренесине жаңы норма киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, ар бир адамдын жашоо укугу ажыратылгыс деп белгиленгени менен өлүм жазасы балдарды зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Шерине

XS
SM
MD
LG