Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:34

"Кылдат талдоо зарыл". Өлүм жазасы боюнча сунуш коомдук талкууга коюлду


Кыргызстанда Баш мыйзамга өлүм жазасы боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилге президенттик администрацияга таандык. Сунушка ылайык, бала зордуктаган же аялды зордуктап өлтүргөн кылмышкер өлүм жазасына тартылат. Эксперттер бул үчүн кылдат талдоо зарыл дешет.

Президенттик администрация 13-октябрда эки мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Алардын бири, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордо 25-беренеге жаңы норма сунушталууда.

Сунушка ылайык, өлүм жазасы кылмыштын бала зордуктоо жана адамды зордуктап өлтүрүү деген эки түрү үчүн каралган. Мыйзам долбоорун өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституцияга төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү каралып жатат:

"25-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 1. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасы балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн гана мыйзам менен белгилениши мүмкүн".

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында Башмыйзамдын 23-беренесине ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери, анын ичинде – балдардын жана аялдардын жашоо укугу жана жыныстык кол тийбестиги өлкөнүн жогорку баалуулуктарына кирери, мындан тышкары Балдар жөнүндөгү кодекстин 16-беренесинде ар бир бала абийирин жана кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укуктуу экени белгиленген.

Президенттин кеңсеси Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) "Балдардын укуктары жөнүндө" конвенциясында (Кыргызстан ага 1994-жылы кошулган) баланы зордук-зомбулуктун бардык түрүнөн, анын ичинде сексуалдык зордук-зомбулуктан, эксплуатациядан коргоо мамлекеттин милдети деп көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Сунушталып жаткан документте статистикалык маалыматтар да камтылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, 2024-жылы Кыргызстанда 14 жашка чейинки 5 бала жана 34 аял өлтүрүлгөн. Быйыл жыл башынан бери 8 ай аралыгында 3 бала, 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду. Былтыр 14 жашка чейинки 53 бала жана 19 аял зордукталса, быйыл сегиз ай аралыгында 14 жашка чейинки 20 бала, 18 жашка чейинки 42 өспүрүм жана 19 аял ушундай кылмыштан жабыркады.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутовдун пикиринде, аталган беренелерге өзгөрүү киргизүү туура болот:

Ялкун Даутов
Ялкун Даутов

"Акыркы эки жыл ичинде ошондой кылмыштар көбөйдү. Жоопкерчиликти күчөтүү, андайды болтурбоо максатында.. Биз келишимдерге кол коюп, нормаларды алып салганда ушундай жолго келгенбиз. Көп өнүккөн мамлекеттерде бул норма жок. Ошол эле учурда башка өнүккөн мамлекеттерде - Кытайда, ошондой эле АКШда мындай норма бар. Анткени мыйзам үстөмдүгү болуш керек, мыйзам иштеши керек. Мындай норма киргизгенде, кабыл алганда сот арачы институтун да караш керек. Башка мамлекеттерде чечимди сот өзү чыгарбайт. Сот арачылар менен биргиликте чогуу чыгарышат".

Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен катар президенттик администрация БУУнун өлүм жазасына тыюу салган экинчи факультативдик протоколунун ратификациясын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

"Сезим" кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова дүйнөлүк тажрыйбада бул протоколдон чыккан өлкө боло электигин айтууда:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"БУУнун адам укуктар комитети 2018-жылы резолюция чыгарган. Ага ылайык, протоколго кошулган мамлекеттер өлүм жазасы колдонгон практикасына кайра келе албайт. Конституцияга киргизген учурда да кайра практикага киргизе албайт деп жазылган. Ушуга байланыштуу башка мамлекеттердин тажрыйбасын карасак, Либерия менен Мадагаскар, Филиппин 2006-жылдары аракет кылышкан. Акыры алардын юристтери протоколду денонсациялоо мүмкүн эместигин айтышкан. Денонсация маселеси референдумга да коюлушу мүмкүн. Элдин эрки деп айтып, суверенитеттин ээси эл болуп жаткандан кийин мамлекет ушундай позицияда турушу мүмкүн. Бирок эл аралык норма жактан туура эмес кадам болуп калат".

Клара Сооронкулова мындай кадамдын өлкө үчүн эл аралык деңгээлде кесепети кандай болорун алдын ала аныктоо зарылдыгын белгилейт. Ошол эле учурда ал жазанын башка түрлөрүн, мисалы, кастрация жолун карап көрүүнү сунуштайт.

Саясат талдоочу Эмил Жороев маселени комплекстүү чечүүгө, экономикалык-социалдык көйгөйлөргө, укук коргоо, сот органдарынын ишине көңүл бурууга чакырууда.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

"Коом арасында өтө катуу кооптонуу, катуу талап өнүгүп жатат. Албетте, ошого караганда, өлүм жазасын киргизип коюш бул өтө оңой, кыска жолу. Бирок маселе бир берене менен чечилип калбайт экен да, муну дүйнөдөгү канчалаган тажрыйба көрсөтүп келген. Бул комплекстүү жумуш. Анын ичинде социалдык-экономикалык саясаттан баштап тарбия, маданий баалуулуктарды иштеп чыгуу. Жана, албетте, укук коргоо органдарынын кынтыксыз иши. Сот системасынын кынтыксыз иши".

Коомчулукта өлүм жазасы тууралуу талкуу жакында Ысык-Көлдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин башталган.

Өлүм жазасы саясий куралга айланабы? Дүйнөлүк тажрыйба
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00

Президент Садыр Жапаров бул боюнча “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстанда өлүм жазасы киргизиле турган болсо чечим эл менен кеңешилип кабыл алынарын айткан. Ал жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөн кылмыштар көбөйгөнү себеп экенин белгилеген.

Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Amnesty International уюмунун маалыматына караганда, 2024-жылы өлүм жазасы дүйнөнүн 15 өлкөсүндө, эң көбү Кытайда, Иранда, Сауд Арабиясында ишке ашырылган. 113 өлкө мындай жазадан баш тарткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG