Адам укуктары жаатында иш алып барган эл аралык жети уюм мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгесин кескин айыптаган билдирүү таратышты.
“Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү өтө маанилүү болуп саналса өлүм жазасын киргизүү аны чече турган жол эмес. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, катаал жазалар, анын ичинде өлүм жазасы да натыйжалуу токтотуучу фактор эмес. Өлүм жазасын кайра киргизүү, тескерисинче, коррупциядан, жазасыз калуудан жана мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздыгынан жапа чеккен укуктук системада кайрадан кыянатчылыктарды күчөтөт. Ал аз келгенсип мындай кадам Кыргызстандын Конституциясын түздөн-түз бузат. Анткени анын 25-беренесине ылайык өлүм жазасына тыюу салынган жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин, атап айтканда, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколун бузат. Бул документ аны ратификациялаган мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан, кандай гана жагдай болбосун, өлүм жазасын жоюуну талап кылат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Укук коргоо уюмдары өлүм жазасынын ордуна кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө, анын ичинде кризистик борборлорду, баш калкалоочу жайларды иштетүүнү, тиешелүү кызматкерлерди окутууну, укук коргоо органдарындагы катачылыктар үчүн сөзсүз жоопко тартууну, кылмышкерлерге кылганына жараша оор жаза берүүнү жана башкаларды сунуштаган.
Кайрылууга Freedom For Eurasia, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR), Адам укугу боюнча Хельсинки фонду (HFHR), Araminta, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), People in Need (PIN), Civil Rights Defenders, уюмдары кол койгон.
27-сентябрда Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү” сунуштап жатканын 1-октябрда билдирген.
13-октябрда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан.
Долбоордо Конституциянын 25-беренесине жаңы норма киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, ар бир адамдын жашоо укугу ажыратылгыс деп белгиленгени менен өлүм жазасы балдарды зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мыйзам менен белгилениши мүмкүн.
Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. (ErN)
Шерине