Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

"Акундун" айланасындагы талаш: 14 жылдан кийин жокко чыккан чечим


Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун Ысык-Көл" пансионаты.
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун Ысык-Көл" пансионаты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы "Акун" пансионатынын жеке менчигине 17, 65 гектар жер тилкеси майзамсыз берилгенин билдирди. Эс алуу борбору Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Алар пансионатты мындан 24 жыл мурун мыйзамдуу сатып алганын айтып жатышат.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту "Акун Ысык-Көл" пансионатына Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган. Анын натыйжасында Мамлекеттик каттоо органы жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны мыйзамсыз берген.

“Жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган”, - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМКнын “жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды” деген маалыматын ишкананын жетекчилиги четке кагууда. “Акун” пансионатынын адвокаты Жылдыз Исакованын айтымында, Ысык-Көл облустук соту 20-декабрда райондук прокуратуранын доо арызын карап, эс алуу жайы турган жерге 2008-жылдагы “кызыл китеп” берүү чечимин жокко чыгарган.

Буга макул болбогон “Акун” Жогорку сотко кайрылууга документтерди ырастап жатыптыр. Демек, азырынча талашка чекит коюла элек.

“Жер мамлекеттин балансына өткөн жок. Бүгүнкү күндө пансионат жери менен жеке менчикте турат. Азыркы тапта “кызыл китеп” берүү боюнча чечим гана жокко чыгарылды. Бул абдан кызык жагдай. Анткени пансионат сатылды, бирок ал турган жер сатылган жок деген туура эмес да. Үйдү жери менен чогуу сатып аласың да. Облустук соттун 20-декабрдагы чечимин колго алгандан кийин Жогорку сотко кайрылабыз. Акыркы чекит ошондо коюлат. Ошондуктан УКМКнын “жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды” деген маалыматы туура эмес”, - деди адвокат Жылдыз Исакова.

Исакованын айтымында, “Акундун” мамлекеттик актысына байланыштуу териштирүүнү Ысык-Көл райондук прокуратурасы жүргүзгөн. Аталган документ 2008-жылы алынган. УКМКнын маалыматын жергиликтүү бийлик, мекемелерден да тактап көрдүк.

Пансионат жайгашкан Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы окуя боюнча кабары жок экенин айтса, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Анвар Осмонов “Азаттыкка” мындай деди:

“Биз дагы маалыматты интернеттен көрүп калдык. Бирок бизге “мамлекеттин карамагына өтсүн” деген сыяктуу расмий документ келе элек. Аны мамлекетке катташ үчүн соттун чечими, токтом келиш керек. Мен бир күн мурун эле архивди карап чыктым. Азырынча бир дагы документ жок. Ал эми УКМКнын “2008-жылы мамлекеттик акты мыйзамсыз берилген” деген маалыматы боюнча кабарыбыз жок. Кайсыл документ туура эмес экенин айтса, карап чыгат элек”.

"Акун Ысык-Көл" Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова Фейсбуктагы баракчасына пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы аркылуу сатып алынган деп жазды.

"Сатыкка 32 пансионат коюлган, анын ичинде "Чынар" пансионаты дагы бар эле. 1999-жылы тендерге (аукционго) катышып, “Чынар” пансионатын белгиленген нарктан жогору баада сатып алганбыз. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына кошулат. Башкача айтканда, пансионатты сатып алууда жер тилкесинин баасын да төлөп бергенбиз. Бизде пансионатты алып-сатуунун мыйзамдуулугун тастыктаган бардык документтер бар. Жада калса кабыл алуу актысы да бар, ага ылайык бизге кыймылсыз мүлк эле эмес, тротуар, жолдор, спорт аянтчалары, жашылдандыруу, канализация жана водопровод системалары да өткөрүлүп берилген. Сот адилеттүү чечим чыгарат деп ишенебиз", - деген Айдай Турсунбекова.


Бир нече компаниянын башын бириктирген “Акун” холдингин Чыныбай Турсунбеков 1997-жылы түптөгөн. Компания 1999-жылы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Чынар” пансионатын сатып алып, 2002-жылдан тарта “Акун Ысык-Көл” деген ат менен иштете баштаган.

Эс алуу борборуна “Акун” жабык акционердик коому жана Чыныбай уулу Эржан ээлик кылат. “Акун Ысык-Көл” көл жээгиндеги мыкты делген пансионаттардын бири.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Абдывахап Нурбаев "Акундун" айланасындагы окуя ички инвесторлорду чочутат деп эсептейт.

“Ушуга окшогон нерселерди чукуп, мамлекетке кайтарып алуу аракеттери инвестициялык климаттын начарлашына алып келет. Бизге сырткы эмес, ички инвестор ишенбей калат. Өлкөнүн экономикасына таасир эте турган көрүнүш. Ал жерге эмне деген акча жумшалган, салык төлөп атышат. Жумуш орду менен камсыз кылууда. УКМК жыйынтык кылабыз деп ушундай жолго барышы мүмкүн. Муну эми коррупция менен күрөш деп айтууга болбойт”.

Бийликтин коррупция менен күрөшүн УКМК жүргүзүп келет. Ушуга чейин мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеген, депутат болгон жарандардын мүлкү текшерилген. Алардын бир тобу кармалып, бюджетке акча төккөндөн кийин кое берилген.

Ишкер Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы КСДП партиясы аркылуу чоң саясатка аралашып, катары менен эки чакырылыштын депутаты болду. 2016-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

2017-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болуп чыгуу ниетин билдирип, бирок саясаттагы санаалашы, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийликтин колдоосуна ээ болгон эмес. Ушул окуядан кийин төрагалык кызматтан четтеген.

Чыныбай Турсунбеков 60 жашында 2020-жылы июлда (Кыргызстанда коронавирус жүздөгөн өмүрлөрдү алып, "Кара июль" аталып калган) өпкөсүнөн кагынып (пневмония) көз жумган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG