Кыргызстанда сурак берип кеткен мурдагы президент Аскар Акаев орус басылмасына берген маегинде сапары Путин жана Жапаров менен макулдашылганын жарыялады. Ал Москвага кайткан күнү 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаев июнь окуясы боюнча суракка чакырылды. Ал арада бул эки окуянын саясий байланышы бар экени айтыла баштады.
"Кыргызстанга сапарым Путин, Жапаров деңгээлинде макулдашылган"
2005-жылы өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашап жүргөн Аскар Акаев соңку беш айдын ичинде Кыргызстанга эки курдай келип кетти. Анын 16 жылдан кийин келишине Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш иши себеп болуп, Акаев күбө катары сурак берип жатат. 20-декабрда орусиялык "Московский комсомолец" басылмасы Аскар Акаевдин маегин жарыялады. Ал журналисттин “Жайында барганда алдап коюшат же чагым уюштурулат деген кооптонуу болгон жокпу?” деген суроосуна мындай деп жооп берген:
“Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарым тууралуу маселе Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин жана Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Садыр Жапаров мага өзү чалып, 16 жылдын ичинде Кыргызстанда мага карата көп иш чогулуп калганын, анын көбү ойдон чыгарылганын, бирок аларды жабыш үчүн менин түшүндүрмөм жана жообум керектигин айтты. Мен Бишкекке болгон чакырууну ыраазычылык менен кабыл алдым. Андан сырткары УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты".
Мындан тышкары Аскар Акаев өзүнө карата Кыргызстандагы "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" билдирген. Эми катардагы жаран катары Кыргызстанга каалаган учурда келип-кете аларын кошумчалаган. Ал 2005-жылдагы март ыңкылабын "мамлекеттик төңкөрүш" деп эсептерин, андан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков анын ишин калыс кароого кызыкдар болбогонун да айткан.
Анын маегинен кийин эле “Кумтөр ишин” тергеп жаткан УКМК маалымат таратып, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
“УКМК "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка маалымдайт. Мындан тышкары, мурдагы президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды. Айрыкча, Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт”, - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.
Мурдагы президенттин айткандары менен кыргыз бийлигинин сөзү биринчи жолу эки башка чыгып жаткан жок. Акаев суракка келген август айында УКМК ал “алып келинди” деген маалымат тараткан. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда “Кумтөр иши” боюнча мурдагы мамлекет башчыларын айыптап, алардын ар бири алтын кенден өз үлүшүн алып келгенин билдирген эле.
Президент Садыр Жапаров болсо жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Акаев өзү байланышка чыкканын билдирген.
"Бирөөлөр аркылуу "Кумтөр боюнча мен да көрсөтмө берейин" деп байланышка чыккан. Мен "берсин, чындыкты айтсын андан башка нерсе сурабайбыз" дегем. Келди, чындыкты айтып берди. Анча-мынча жерден күнөөсүн моюнуна алды. Анын кайрылуусунда деле "мамлекет башчылардан кемчиликтер кетиптир" деп айтпадыбы. Мурда "Кумтөр боюнча эч кандай күнөөм жок" деп айтып жүргөнүн билесиздер. Келип 10, 15, 20 жыл мурдагы жана жакындагы эле документтерди көргөндөн кийин бул кишинин ою өзгөрдү. Бул Кумтөр маселеси боюнча бизге жардам гана берет, зыяны тийбейт".
Аскар Акаев быйыл август айында УКМКнын алгачкы сурагынан чыгып баратканда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын айткан эле. Мурдагы жана азыркы президенттин ортосунда эмне сөз болгону белгисиз.
Саясатчы Бектур Асанов Кыргызстанды 15 жыл башкарып, андан кийин 16 жыл качкын президент атанган Аскар Акаевдин келишин мындай жоромолдоду:
“Аскар Акаевдин акырындык менен Кыргызстага келишин Бакиевди жана анын режимин актоого болгон аракет катары баалайм. Анткени бийликтин кадрлары акталууда. Кээ бири парламентке, жогорку кызматтарга келип жатышат. Курманбек Бакиевди түз эле актап койсо, талаш пикир жаралат. 2010-жылы каза болгондордун жакындары, өзгөчө Чүйдө жашагандар капа болбошу үчүн Акаевге жол ачышты. Ушундай жол менен балансты сактагысы келип жатышат. Эми ал келе баштагандан кийин “Эмнеге Бакиевди алып келишпейт” деген суроо жаралат да. Бирок бийлик Курманбек Бакиев Аскар Акаев эмес экенин түшүнүш керек”.
Бектур Асанов Кыргызстандагы дагы бир чуулгандуу кылмыш ишин Бакиевдер менен байланыштырып жатат. Ал Башкы прокуратура кайра жандандырган 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу иш.
Убактылуу өкмөттү убайым кылган июнь окуясы
Быйыл апрель айында президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 2010-жылы болгон июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү тапшырганы белгилүү болгон. Азыр болсо ишти Башкы прокуратура тергеп жатат. Алар Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн суракка четинен чакыра баштады. 2010-2011-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турган Бектур Асанов өзү төрт жолу сурак берсе, 20-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев тергөөчүнүн суроолоруна жооп берген.
Текебаев өзүнүн прокуратурага чакырылышы боюнча үн ката элек. Ал эми Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттыкка” буларды маалымдады:
“Июнь окуясына убагында баа берилген десек болот. Анткени депутаттык, эл аралык жана мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Мындан тышкары Башкы прокуратура иштердин баарын болбосо да көбүн тергеп, такталган күнөөлүүлөрдү жоопко тартканга аракет болгон да. 11 жылдан кийин кайра казып жаткандарына түшүнбөй турам. Анткени бул окуя азыркы бийликке аброй алып келбейт. Мындан тышкары коомдогу туруктуулукка шек жаратат. Негизи июнь окуясынын келип чыгышына үчүнчү күчтөр, Кыргызстанда демократиянын орношуна, парламенттик башкаруу системасынын келишине каршы болгон мамлекеттер уюштурган”.
Кеңешбек Дүйшөбаев айтып жаткан эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тааныган. Ошондой эле коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок, өзбек коомчулугу тарабынан жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Буга ошол учурдагы бийлик, Жогорку Кеңеш макул болгон эмес. Ал эми Улуттук комиссия куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөрдү, Курманбек Бакиевдин жактоочуларын жана сырткы күчтөрдү айыптаган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева 2010-жылдагы окуяларда Убактылуу өкмөттүн моралдык күнөөсү бар экенин айтып келет. Ал дагы 22-декабрда Башкы прокуратурага көрсөтмө берүүгө чакыртылган.
“Албетте юридикалык бааны тергөө берет. Бирок Убактылуу өкмөттүн моралдык жоопкерчилиги бар. Анткени бийлик сепаратисттик күчтөр менен соодалашууга барбаш керек эле. Мындан тышкары куралдуу кагылышуу башталып кеткенден кийин токтото албай калышкан. Биз алдын ала коңгуроо кагып келгенбиз. Бизди укпай коюшкан. Бирок ошол эле учурда бул ишти саясий өңүттө карап, азыр сын айтып жаткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жаагын жабам деген ой болбошу керек”.
Расмий маалымат боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.
2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн курамына 14 киши кирген. Алар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер, Дүйшөнкул Чотонов, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев.