Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Асанов: Акаевдин айыл чарба реформасына каршы чыккам


Асанов: Айыл чарбасын сактап калгым келген
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:20 0:00

Асанов: Айыл чарбасын сактап калгым келген

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри, “легендарлуу парламенттин” депутаты Карыпбек Асанов болду.

Карыпбек Асанов маекте мамлекеттик кызматка келиши, саясий ишмерлер Корчубек Акназаров, Исхак Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Аскар Акаевге болгон мамилеси, министрлик кызматынан кетишинин себеби, депутаттык жарыштан кулашы ж.б. маселелердин тегерегинде кеп кылат.

- 1992-жылы сиз Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Кыргызстандын айыл чарба министри болдуңуз. Ал кызматка сизди биринчи президент Аскар Акаев өзү телефон чалып сунуштаган, көндүргөн деп айтылып калат, кандай болгонун өзүңүздөн угалы?

- Ошол учурда Нарын облустук кеңешинин төрагасы Кемел Ашыралиев эмгек өргүүсүндө болгондуктан биринчи орун басары катары ал кишинин ордунда иштеп жаткам.

Президент Акаев айыл чарбасы боюнча республикалык кеңешме өткөрүп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды укту. Мен дагы чыгып сүйлөп, өз сунуштарымды айттым. Президент жыйынтыктоочу сөзүндө менин айткандарымды жактыруу менен кабыл алганын байкадым. Нарынга келип, облустук активди чогултуп, президент койгон талаптарын жеткирип, жер-жерлерде аны аткаруу боюнча тапшырмаларды бердим.

Иш ордума келсем, “сизди президенттин кабылдамасынан сурашты, кетпей туруңуз, Аскар Акаевич сүйлөшөт” деп калышты. Көп өтпөй президент менен байланыштырышты. Ал-жай сурашкандан кийин эле “мен сизди айыл чарба министри кызматына сунуш кылып жатам, кандай дейсиз?” деди. “Аскар Акаевич, “мен Нарындан башка жерде иштеген эмесмин, Чүйдү, түштүк Кыргызстанды билбейм” десем, “сиз аябай “самокритичный” турбайсызбы, бул жакшы сапат” деп калды.

Президент атайын өзү телефон чалып, сунуш кылып жатса, деп макул болдум. “Эртең сизге аңгемелешүүгө барайынбы” десем,”жок, мен бүгүн жарлык чыгарам, эртеңден баштап жумушту баштай бериңиз” деди. Ушул сөздөрдүн баары күнү бүгүнкүдөй кулагымда жаңырып турат.

- Бир жылдан кийин 1993-жылы айыл чарба министри кызматынан кетишиңиздин эки себеби айтылат: биринчиси - Акаевдин агрардык саясатын колдобой койгону үчүн, экинчиси-биринчи айым Майрам Акаеванын классташын кызматка албай койгону үчүн дешет. Чын-бышыгын өз оозуңуздан кантет?

- Эки версия тең туура. Кеп мындай. Мага чейин министр болгон Бекболот Талгарбеков 21 башкармалыктын жетекчилерин бир буйрук менен кызматтан алган экен.

“Туура эмес жумуштан бошотту” дешип, соттошуулар болуп келиптир. Ошолордун бири Асанкадыр Жунушов деген “жумушка ордуна кайра коюлсун” деген соттун чечимин көтөрүп келди. Анын ордуна коюлган Тойчубек Касымовду бошотуп, Жунушовду ордуна койдум.

Анткени биз ал учурда “укуктук мамлекет болобуз” деп жатканбыз. Бир күндөн кийин үйүмө Таластан дегелеция келип, “Майрам Акаевна Тойчубек Касымовду кайра кызматына коюп койсун деди” деп айтып кетишти. Мен аны аткарган жокмун, Касымовго башка жумуштарды сунуш кылсам макул болгон жок.

Экинчи себеби, мен министр болуп ишти жаңы баштаганда Аскар Акаев 10 күндүк чет өлкөгө сапарга кеткендиктен жолуга алган жокмун. Вице-президент Феликс Куловго барып, айыл чарбасындагы абалды түшүндүрүп, өзгөчө асыл тукум ж.б. ири чарбалар талкаланып баратканын айтып, аларды сактап калуу зарыл экенин, ошондуктан реформаны бир жылга токтото турууну сунуштадым. Ал киши менин сөзүмө ынанды окшойт, дароо жарлыкка кол коюп берди.

Ошентип айыл чарбасындагы реформа токтоп калды. Жарлыкты ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик мүлк фондусу менен бирге өкмөттүн токтомун даярдадык. Эки министрлик биригип чоң кеңешме өткөрүп, мен анда “чарбалардын баары тарап жатат, аз продукция өндүргөн, кичинекей жеке менчик чарбалар менен өнүгө албайбыз, кыргызда жаңы тамды бүтүргөнчө эски тамды бузбайт, реформаны ири чарбалар болгондо гана жасай алабыз” деген сөздөрдү айткам.

Ошол сөзүм кечинде эле президентке жеткен экен, эртеси чоң жыйынга чакырышты. Ага Акаев өзү келип катышты. Ал ачууланып, өзүнөн чыгып “менин министрим менин реформама каршы болуп, бут тосуп жатат” деп катуу сүйлөдү. Ошол окуя да мени кызматтан алууга себеп болуп калды.

- 1990-жылы сиз Жогорку Кеңешке, «легендарлуу парламентке» депутат болуп, демократияны колдогон «114 депутаттын тобуна» кирип кеттиңиз, ал топко кошулууга кайсы ынанымдар себеп болду эле?

- Ал топко мен өзүмдүн жеке көз карашым менен кошулгам. Мен ал учурдагы республиканын биринчи жетекчиси алысты көрө албаган адам экенине көзүм жеткен, ичим чыкчу эмес. Канча демилге болду, “бизде бир эле президент болуш керек” деп Москванын көзүн карап отурбадыбы. Демократ депутаттардан турган топтун түзүлүп жатканын айтканда эле макул болдум, Нарын облусунун депутаттарынын атынан теңтөрага болуп шайландым. Ошол 114 депутаттын күчү менен бир топ иштер болгон.

- Ошол кездеги парламент төрагасы Медеткан Шеримкулов сизди ошол 114 депутаттын тобунан чыгаруу үчүн вертолет менен учуп келген деп угуп калдым, ушул чынбы?

- Ооба, Медеткан Шеримкулов мени эле эмес, көп депутаттарды “114төн” чыгарууга аракет кылды окшойт. Оштон вертолет менен Ак-Талаага учуп келген. Ат минип ары бери бастырдык, ойноп-күлдүк, кечинде коноктодук. Ошондо мени элден бөлүп алып калып, жарым саат “Борбордук Комитетти коргойлу, Апсамат Масалиевди сактап калышыбыз керек, демократ-депутаттардын тобунан баш тарт, чык” деп көндүрүүгө аракет кылган. Мен макул болгон эмесмин.

- Сиз 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына өтпөй калганыңызга, шайлоонун бузулушуна да бийликти кысымы болгонун китебиңизге жазыптырсыз, ага кандай аргументтериңиз бар?

- Ал кездеги бийликке айыл чарбасы боюнча негизги оппонент мен элем, сынды көп айтчумун. Жогорку Кеңешке шайлоо болуп 10 талапкер ат салышып калдык. “Жумгал-Ак-Талаа” шайлоо округу боюнча шайлоонун биринчи турунда мен 8 миңден ашык добуш, 6 миңден ашык добушту Жумгалдан Эркин Аманалиев деген жигит, үчүнчү орунду Жамин Акималиев алган.

Экинчи тур көп добуш алган эки талапкердин ортосунда жүрүш керек болчу. Менин депутат болуп келишим ал учурдагы бийликке жаккан жок окшойт, шайлоонун жыйынтыгын күч менен бузушуп, Аскар Акаевдин өзүнө жакын кишиси Акималиевди депутат кылышкан.

XS
SM
MD
LG