Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Исламабад ооган талиптерин бошоткону анык эмес


Сүрөттө: "Талибан" кыймылынын мурдагы мучөлөрү куралдарын таштап, Куранга кол коюп, ант беришүүдө
Сүрөттө: "Талибан" кыймылынын мурдагы мучөлөрү куралдарын таштап, Куранга кол коюп, ант беришүүдө

Исламабаддан Пакистан ооганстандык бир нече талипти бошотууга макул болду деген кабар келип түштү. Бирок бул кабарды Пакистандын Тышкы иштер министрлиги бышыктай элек.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исламабад бир нече талипти бошотууга макул болуп жатат деген кабарды ырастоодон баш тартты.

Анын аралыгында Ооганстандын Тынчтык кеңешинин улук мүчөсү Пакистан өкүлдөрү менен Исламабадда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө үмүтүү экендигин билдирди.

Мохаммад Масум Станекзай "Азаттыктын" ооган кызматына ошондой эле абактагы ооган талиптери тууралуу сүйлөшүү пакистандык тарап менен сүйлөшүүнүн күн тартибинде бар экендигин белгилеп, бирок макулдашуу али жетишиле элек деди:

Азыр Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча кызматташтыкты талкуулап жатабыз. Ушул жаатта Пакистандын түрмөлөрүндөгү ооган талиптери да сөзгө алынып жатат.

Бирок Батыш агенттиктери Пакистанда бир нече ооган талиптери бошотулгандыгын жазып жиберишти. Ал кабарларга караганда, жетиге чейинки сандагы талип өкүлдөрү эркиндикке чыкты. Алар ортоңку жана төмөнкү даражадагы согушкерлер деп мүнөздөлдү.

Салахуддин Раббани жетектеген ооганстандык делегация Исламабадда таасирлүү ооган талиптерин, анын ичинде талиптердин кол башчысы Абдул Гани Барадар молдону бошотуунун айласында жүрүшөт.

Ооганстандагы тынчтыктын орношу биринчи кезекте ооган өкмөтү менен айрымдары Пакистанда жүргөн талип козголоңчуларынын ортосундагы келечек сүйлөшүүгө көз каранды. Ал эми Барадар көп сандаган талип козголоңчуларын сөзгө келтире ала турган адам катары сүрөттөлүп келет.

Ооганстанда согушуп жаткан Вашингтон жана анын союздаштары ооган бийликтерин 2014-жылы чет элдик аскерлер чыгарылып кеткенге чейин талиптер менен элдешүүгө үндөшүүдө.

Перси булуңундагы Катар мамлекетинде байланыш кеңсесин ачкан талиптер ушул жылы мындан мурдараак Вашингтон менен алакасын токтотуп койгон.

Азыр эми Ооганстандагы тынчтык жараянында Пакистан башкы арачы күч катары каралууда. Исламабаддын талиптер менен алакасы 1990-жылдарга барып такалат. 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр Ооганстанга чабуул жасагандан кийин талип жетекчилеринин көпчүлүгү Пакистанга качып, ошол жакта баш калкалап жврөт деп саналат.

XS
SM
MD
LG