Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Көк-Бөрү мелдешин “Бөрүлүү” жеңди


Бүгүн кыргыз президентинин Көк-Бөрү боюнча Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Таймашка президент К.Бакиев, премьер- министр И.Чудинов да барышты.

Эртең мененки саат тогуз жарымда коло байге үчүн Жалал-Абад облусун жана Тажикстандын командалары мөрөй талашты. Мында жалалабаддык жигиттер Бакыт Чилинбаев, Улан Кулукеев, Байыш Ниязов, Улан Жапаров, Табылды Шекитов айырмаланып Тажикстандын тайказанына 13 улан таштап, күйөрмандардын көңүлүн бурду.

Тажикстандык Халим Халилов менен Рустам Мукимов жооп кылып, 3 улак салууга жетишти.

Орусиянын “Алтай” командасынын жетекчиси Ямит Тузачиновдун айтымында, Алтай аймагында да мелдештер өткөрүлүп турганы менен кыргызстандык көкбөрүчүлөрдүн чеберчилиги жогору, аттары мыкты экен.

Президенттин Кубогунун баш байгеси үчүн таймашууну көрүү үчүн “Ак-Кула” ат майданына президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчысы Игор Чудинов, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баш болгон жетекчилер, депутаттар жана башка күйөрмандар келишти.

Ошондуктан коопсуздук катуу көзөмөлгө алынып, айрым күйөрмандар ат майданга кирбей да калышты. Милициянын тосконуна карабай дубалдан ашып кирген күйөрмандар да болду.

Быйылкы президенттин Кубогунун финалдык беттешүүсүнө укук алышкан Талас облусунун “Ынтымак” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы биринчи таймда курч таймашууга өтүп, эсепти таластык Нургазы Анарбаев ачып, тайказанга биринчи улак таштады. Бишкектик жигиттери канчалык эсепти теңдөөгө аракет кылганы менен майнап чыкпады.

Экинчи таймдын башында Бишкектин “Бөрүлүү “ командасы демилгени колго алып, эсепти Эмил Бекбердинов теңдеди. Бишкектик Атайбек Эгембердиев тай казанга таштаган улагы менен “Бөрүлүү” командасы алдыга озду.

Экинчи таймдын акыркы мүнөтүндө бишкектик Алтынбек Эсеналиев таластыктардын тайказанына кезектеги улакты салуу менен эсеп 3:1 болуп, “Бөрүлүү” артыкчылык кыла баштады.

Көк-Бөрү оюнунун тыныгуу учурларында кыргыз эл оюну – Кыз куумай болуп, мында бишкектиктер Жоомарт Бейшембиев менен Олена Бершина аргымактарын камчылап, өнөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле Рано Назизованын аргымагы күлүктүнүн айгинелеп, Эрнис Табалдиевге жеткирбеди.

Үчүнчү таймда дагы күйөрмандардын сүрөөсүнө арзыган Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасынын мүчөсү Радмир Саманчиев удаасы менен үч улак таштап, президент Курманбек Бакиев белгилеген 5 миң сомдук соруктуктун ээси болду.

Таластык улакчылар канчалык аракет кылса дагы “Бөрүлүү” командасы тайказанына улак салдырбады. Финалдык таймашуунун акыркы улагын быйылкы мелдештин мыкты оюнчусу аталган бишкектик Мирлан Сражидинов салуу менен “Бөрүлүү” командасынын жеңишин бекемдеп койду. Натыйжада 7:1 эсеби менен Бишкектин “Бөрүлүү” командасы Таластын “Ынтымак” командасын утуп, баш байгенин, 1 миллион сом акчалай сыйлыктын ээси болушту.

Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 2,5 млн. сом каражат бөлгөн. Баш байгени жеңип алышкан Бишкектин “Бөрүлүү” командасына мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу Кубокту жана 1 млн. сом акчалай сыйлыкты тапшырды.

Бабалардан мурас болгон Көк-Бөрү оюну эл аралык деңгээлде таанылып баратканын айтып, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу күйөрмандарды, калкты эгемендүүлүктүн 18 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Экинчи орунду ээлеген Талас облусунун командасына 500 миң сом байгени президенттик администрациянын жетекчиси Данияр Үсөнов ыйгарды.

Үчүнчү орунду Жалал-Абад облусунун командасы ээлеп, 300 миң сыйлыктын ээси болушту. Мелдешке катышкан 9 команданын баары акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

“Бөрүлүү” командасынын улакчысы Мирлан Сражидинов турнирдин “мыкты оюнчусу” аталып, атайын байгеге арзыды. “Мыкты аргымак, чабандес” деген сыйлыктар да ыйгарылды.

Өзбекстандын Фергана облусунун Көк-Бөрү федерациясынын башкы катчысы Рахимжан Хомитовдун пикиринде, бул оюн эл аралык деңгээлде таанылып келатат.

Быйылкы Президенттин Кубогуна арналган эл аралык турнирге Нарын, Талас, Жалал-Абад, Чүй облустарынын, Бишкектин командалары жана Өзбекстан, Тажикстан, Орусия командалары катышты.
XS
SM
MD
LG