Жолдош Турдубаев, адабиятчы
P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт
Мүнүшкөр - "султан" жана Төрөкул
“Курултой” повести календердин мүнүшкөргө кайрылып: “Кечээки жыйындан кеп салчы, султаным”, – деген какшык сөзү менен башталат. “Султан” түшүнүгү “падыша”, “хан”, “каган” сыяктуу терминдер менен маанилеш. Мамлекет башкарып, карамагындагы бүтүндөй өлкөнүн, бардык букаралардын тагдырын каалагандай калчаган өкүмдардын даражасын билдирүүчү наам.
Эзелтен алгыр куш таптаган мүнүшкөр, ит агыткан аӊчы, көзгө атар мергендер элин багып келген. Бул чыгармадагы мүнүшкөр – элдин азыгын эле эмес, акысын (укугун) да ойлогон киши. Дүйнөнүн жыргалынан кечкен думанага (календерге) ал ушул жагынан жакын.
Дагы бир мүнүшкөрдүн тагдыры оор – Төрөкулдун карамагындагы кушбегин аӊчылыктан куру кол келгени үчүн бийдин көпкөн жигиттери өлгүдөй сабап салат.
Каармандардын аттары тагдырын айтып тургандай тандалганы кээде кош маанилүү чыккан. Бийдин аты Төрөкул, анын кооптуу түшүн жоруган Календер төрөлүгү убактылуу, дээринен кул экенин айтат.
“Кул” ысымдуу дагы эки каарман бар: бири – кызын зулумдардын кордугунан сактап кала албай зар какшаган Кулуке, экинчиси – Эркегүл менен төө чечмейге чыккан Кулубай (анын башы азат болгондо, аты Бекбол деп өзгөртүлөт).
Мындай ыкма адабиятта көп эле колдонулуп келген. Мисалы, филология илимдеринин доктору Айнура Кадырманбетова ”Чыӊгыз тоого чыйыр жол” макаласында Айтматовдун каармандарынын аттарын жакшы иликтеген.
Бирок кишинин азан чакырып коюлган атына анын инсандык сапаты, мүнөзү дайыма эле жараша бербегендиктен, диалектикалуу карама-каршы: кыял-арман, үмүт-өкүнүч, ырастоо-какшык маанилеринде кабыл алынган учурларды да эске ала жүрүү керек. Мисалы, Айтматовдун “Кыямат” романындагы Бостон кенже уулунун атын Кенжебек койгон:
“Ар заманда малчылар бек болсок деп самашкан, тилек кылышкан, бирок тагдырдын келекесин карабайсыӊбы – ар заманда малчылар малчы боюнча кала беришкен”.
Көкжал карышкыр, жексур адамдар
Капканга чабылып кармалган карышкырды курултойдо (автор “курултай” сөзүн ушундай жазат) кеӊ талаага коё берип, бүркүткө алдырган эпизод абдан элестүү сүрөттөлгөн:
“Боз топурак чаңда төрт аягы тыбырап, бүркүттүн алдында жатты көк жал. Жарык жалп өчтү көзүнөн. Көзүн канча ачса да болбоду. Үстүндөгү бүркүт караңгы чүмбөттү калдайтып жаап салды ага. Караңгы чүмбөт бүркүттүн калдайган канаттарыбы же асмандагы күн бир заматта уясына жашынганыбы – кашаба бейтааныш караңгы дүйнөдө жандалбастап, көз ымдагылай берди”.
“Караңгыда улуганы алыска жаңырыктап, алыстагы башка үйүрлөрдүн коштогон үндөрүн уккандай... азыр да улумак эле, бирок аны айланадагы кыйкырык, бакырык, чуулар басып, бөтөн бир караңгылыкта улуп-уңшууга дарманы жетер эмес. Бул бөтөн караңгылыкта адамдардын түп көтөрө улугандары жаңыра берди кулагына...”
Метафора деӊгээлине жеткен көрүнүш. Кашабанын кареги оюлган учурдагы абалы – бийлик менен байлыкка көзү тунара мас болгон адамдардын ички дүйнөсүнө да кыйыр ишарат. Утурумдук пайда, напси, куру дымак менен чектелген алардын көкүрөгүндө ак менен кара аралашып, айырмаланбай калган.
Төрөкулдун кол алдындагыларды, атаандаштарын сестентүү үчүн жасалган ишарат повестте ушундай сүрөттөлгөн. Бирок кошоматчылар анын каруусуна бүркүттү кондурган учур мунун бий үчүн да болор кесепетин каӊкуулайт:
“Көзүн алыстатты куштан. Тумшугу канга малынган кушка өз чечекейин ойдуруп алчудай чурмуюп тиктеди бий”.
Ушул жерден Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычындагы” көзүн өзү таптаган бүркүтү оюп алган Сарыбайдын трагедиясы эске түшөт. (Адабияттагы, жалпы эле көркөм өнөрдөгү бир чыгарманын башка чыгармалардагы идеялар, бейнелер же тарыхый-маданий окуялар менен үндөшүүсү “реминисценция” деп аталат. “Аллюзия” деген термин да ушуга жакын.)
Олжобай Шакирдин повестиндеги мүнүшкөрдүн башына ээлик кылган бийге бүркүт кол салган жок, бирок залим бийдин карөзгөйлүгү акыры барып өзүнүн түбүнө жетти.
Төө чечмей – бийликке мас болгондордун жүзү
Курултойдогу төө чечмей оюну – сюжеттин кескин бурулуш учурларынын бири. Албетте, көпчүлүктүн көзүнчө аялдын жылаӊачтанып чыгышы – уят жосун. Аны коштой чыккан эркектин жоругу ого бетер шермендечилик. Бирок ошонун баарын эӊ орчундуу көйгөйлөрдөн элди алаксытуу, рухий өсүшүнө тымызын бөгөт коюу үчүн уюштурган, адал менен арамды, кан менен жинди аралаштырып, чалмакейди чалган кимдер? Өкүмдардын өзү, утурумдук пайдага туйтунуу үчүн баарына даяр турган жөкөрлөрү. Булардын кылганы жылаӊач эркек-аялдын жоругунан миӊ эсе жийиркеничтүү.
Бийликке мас болгон пенде напсисин тыя албай, пас жосундарга азгырыла берет да, өзүн кудайдай көрүп, эч нерседен тартынбай, уялбай, элди көзгө илбей калат. Дан багардын эгинин тебелетип, кол алдындагы мүнүшкөрдү зөөкүр желдеттерине сабатып өлтүртүүгө чейин жетет. Бирок дал ушул ашынган кара өзгөйлүгү, ач көздүгү, кесир пейили Төрөкул бийдин өз тамырына балта болуп чабылбай койбойт. Мактаныч үчүн өткөрүлгөн төө чечмей анын казынасын эле эӊшербестен, бийликтин кутун да качырат. Элдин сый-урматы азайгандан азая берет, бирок кошоматчылар муну байкатпаш үчүн балекеттин баарын кылууга даяр...
Төө чечмейге чыгуу менен азаттыкка жетүүнү чечкен Эркегүлдүн кадамы Фрэнк Дарабонттун “Шоушенктен качуу” фильминдеги Энди Дюфрейндин эрдигин эске салат. Олжобай Шакирдин повестиндеги Эркегүл менен чоорчу Кулубайдын (Бекболдун) ээн колоттогу жалгыз алачыкта жашаган чал-кемпирге кезиккени да чыгарманын өзгөчө маанилүү жери. Мында элдик “Ак Саткын менен Кулмырза”, “Олжобай менен Кишимжан” сыяктуу дастандардын доошу бул эки бөлөк түгөйлөрдүн тагдырында башка бир кырынан жаӊыргандай болуптур.
“Ээн талаа, эрме чөлдө далайды көргөн кыраакы карылар жолоочу кейпин жамынган бул экөөнү жарым кылым мурдагы өздөрүндөй – арзуунун азабынан эл безип, жер кезип жүргөн кош жүрөгү бир жаралган жандардан экенин илгиртпей туюшту”.
Эгер эротика сыяктуу сырткы эффекттерге көп алаксыбай, андан көрө психологизмди күчөтүп, подтекст түзүп, бул сюжеттик сызыкты өзүнчө ийине жеткире иштесе, башка деӊгээлдеги чыгарма жаралышы мүмкүн деп ойлойм.
Повесттин башка өксүк жерлери да бар. Мисалы, Эркегүл менен Бекболдун кулдарды сатып алып, аларга эркиндик тартуулаганы жөн гана кооз кыялдай же өзүнчө иштеп чыкса боло турган сюжеттик бурулуштун схемасындай таасир калтырат. Эгер автор бул жагын колго алса, негизги идеясын такыр башка деӊгээлде иштеп чыгышы керек. Анткени эркиндик эмне экенин аӊдап билүү зарыл, ал үчүн күрөш ичкериден башталса гана натыйжага жетиши мүмкүн.
Тышкарыдан берилгенде, пенделердин көпчүлүгү азаттыктын баркына жетпейт. Мунун дагы бир кейиштүү өӊүтү повесттин негизги финалында жакшы көрсөтүлгөн: бийлик алмашса эле баары жакшы болуп калат деп ишенген караламан калайыктын баёолугу, башчыны эле эмес, башкаруу нугун өзгөртүү керектигин, бул үчүн эл өзү, ар бир букара билимге куштар болушу зарыл экенин түшүнбөгөнү... Ошондуктан чыгарма календер жана аны ээрчип көз көргүс жакка кеткен мүнүшкөрдүн байлык, бийлик жана китеп жөнүндө ак урган алым сабагы менен аяктайт.
Өздүк бөтөн сөз
Шуркуянын амалы жеңип кетти аны. ...
... Төө чечмейди бир даары көрүп, бир даары көрбөй жүргөн бекзаадаларга күндүзү – кымыз, түнү – кыз... сонун эмеспи.
Бул автордун же аӊгемечинин өзүнө таандык эмес сөзү. Каармандын ойлору үчүнчү жактан берилген учур. Тике сөзгө окшоштугу – каармандын сүйлөө өзгөчөлүктөрү чагылдырылат, анын көп колдонгон сөздөрү камтылат. Бирок үчүнчү жактагы этиштер колдонулгандыктан, үстүрт караганда, муну автор же аӊгемечи өзү айтып, төө чечмейге чыккан аялды ал өзү да жектегендей көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында бул мисалда, “аны” деген акыркы сөздү кошпогондо, бүтүндөй сүйлөм каарманга – Төрөкул бийге таандык. Эгер демейки тике сөз болгондо, сүйлөм тырмакчагы алынып, “деп кыжырланды” дегендей төл сөз да кошулмак.
Өздүк бөтөн сөз (же өздүк эмес автордук/тике сөз) каармандын ички абалын окурманга жакындата туюнтуу мүмкүндүгүн берет. Мындайда сөз авторго да, каарманга да, окурманга да дээрлик бирдей тиешелүүдөй туюнтулат. Ошондуктан мунун “ички монолог” деген аталышы да бар.
Бул өтө кылдат, чебер иштөөнү талап кылган ыкманы колдонуу үчүн калемгерлер көркөм текст жаратуу жагынан жетиштүү тажрыйба топтоп, тилдик туюмун өнүктүрүүсү зарыл. (Болбосо теӊирден тескери натыйжага кабылышы мүмкүн.) Мунун классикалык үлгүсү катары Чыӊгыз Айтматовдун “Кыямат” романында Базарбай геологдорго жол көрсөтүп баратканда өзүнүн тагдырына наалыган жерин окуп көрөлү:
Аай-ата, эмнесин айтасыӊ – бу дүйнөдө акыйкат деген эч качан болгон эмес, болбойт дагы – жайдыр-кыштыр тоодо темселеп келип жүргөнүӊ, же бир асфальт болсочу, же бир суу түтүк болсочу, же бир электр жарык болсочу, таштыбы, мына ушу, жашасаӊ жаша, жашабасаӊ кой, жүрөсүӊ келип жыл бою койдун артынан сасыган кыкты жыттап; а тиерде бутуна ак тапичке кийип жалактаган бирөө стадионду айлана катуураак бир чуркап, же дарбазага киргизе топ тээп койсо болду – өзү да ыраазы, стадиондо олтурган эл сүйүнгөнүнөн жинди болуп кете жаздайт; карасаӊ тиги жалактаган неме даӊкка да бөлөнүп атканы, газетанын баарында, көрүнгөн жерде макталып атканы, а биерде бүккөн белиӊ жазылбай, оӊкобашатып, дем алыш дегенди билбей иштегенде тапканыӊ өз тамагыӊан артпайт. Жиниӊ кайнаганда ичесиӊ, анда катыныӊ тирүүлөй жеп баштайт – ичкенде жыргаганыӊ ал.
Же ошол эле романдагы Понтий Пилаттын ушундайча туюнтулган ойлорун эстейли:
Императордун улуулугунун белгиси да болот канат, өткүр көз, кажырлуу ийри тумшук бүркүт болуп турганы бекер эмес тура. Император да ушундай болмогу эп! Бийикте баарына көрүнөө, бирок эч ким жете алгыс... Ошол бийиктен дүйнөнү бийлеп, эч кимди, эч нерсени теӊине албайт.
Императордун кудайлары да башкалардан бөтөнчө, карамагындагыларга кайдыгер, аларды жек көргөн кудайлар болуу керек. Мына күчтүн күчү ошондо, мына калтаарыткан бийлик ошол, мына дүйнөнүн курулуш тартиби ошол. А тиги Назарянин болсо, көшөрүп өз илимин жактап, император менен кулду бир теӊ кылгысы бар, анткени дейт, Кудай бирөө гана, баардык адамдар Кудай алдында бирдей, адилеттиктин Дөөлөтү баарыга теӊ келет дейт.
Сөз соӊу
Жыйынтыктап айтканда, бул повестти О. Шакирдин изденүү жолундагы кыйла татаал, карама-каршылыктуу чыгарма деп баалоого болот. Мында кыйла чебер, таасирдүү сүрөттөөлөр, метафоралуу туюнтмалар менен катар схема деӊгээлинде калган жерлери да кездешет. Жазуучу кийин муну кайра башкача иштеп чыгышы да ыктымал.
Шерине