Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Апта окуясы: Катаал мезгилдеги кышка даярдык


Нарынга калың кар жаашы тоодогу малчыларды бир топ түйшүккө салды.
Нарынга калың кар жаашы тоодогу малчыларды бир топ түйшүккө салды.

Быйылкы саясий-экономикалык кыйынчылыктар кыш алдында өлкөнү ого бетер түйшүккө салды. Түштүктөгү калабада үй-жайсыз калгандардын абалы сарсанаа кылса, Нарында калың кар жаашы айласын таппай турган өкмөттү ого бетер ойлонтту.

87 адамдын өмүрүн алган 7-апрелдеги окуя өлкөнү экономикалык жактан да кыйла артка тартты. Ошол күнү Бишкек шаарында миллиондогон чыгымдарды алып келген талап-тоноочулук орун алса, кийинчерээк качкан бийлик өзү менен кошо жүздөгөн миллион доллар көтөрө кеткени билинди.

Андан соң июнь айында өлкө түштүгүндө коогалаң башталып, жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылды, жүздөгөн турак-жайлар талкаланды. Өлкө кайрадан миллиондогон чыгымдарга учурады. Убактылуу өкмөт түзгөн комиссия, эл аралык эксперттер да бул аралыкта Кыргызстан эки миллиард долларга жакын чыгымга учураганын айтып чыгышты.

Эми антип-минткиче кыш айлары да жакындап, техникалык өкмөт шаша-буша кышка камылга көрүүдө. Ушул тапта Бишкек менен Ош шаарларындагы ТЭЦтерди отун-суу менен камсыздоо, газды үзүлтүккө учурутпоо, калкты көмүр менен камсыз кылуу, эң негизгиси июнь окуяларында үй-жайынан айрылгандарды кышка чейин турак-жай менен камсыздоо иштери башкы маселе болуп турат.


Көмүр, газ маселеси кантип атат?

Кыргызстан жылына 2 миллион тоннага жакын көмүр керектейт. Анын бир миллион тоннага жакын көмүрүн бюджеттик мекемелер, Бишкек ТЭЦи керектейт, ал эми 900 миң тоннадан ашыгын калк керектөөсүнө кетет.
Кара-Кече көмүр кени, 2008-жылдын 17-октябры.

Бирок быйыл саясий-экономикалык кыйынчылыктардан улам өлкөнү көмүр менен камсыз кылуу маселеси солгундап турат.

Быйыл жайда Кара-Кече көмүр кениндеги “Беш сары” ишканасы жоюлуп, анын ордуна “Кара-Кече көмүр” аттуу мамлекеттик ишкана түзүлдү. Бирок бул ишкана көмүр казуу укугу боюнча уруксат кагазын 9-сентябрда гана алды. Андыктан Кара-Кече көмүр кени да бул жылы толук кандуу иштебей, сырттан көмүр сатып алууга көбүрөөк басым жасалууда. Негизинен ушул тапта Кыргызстан коңшу Казакстандын көмүрүн сатып алууда.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын башкы адиси Замир Куттубаевдин маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдө кышта жагылчу көмүрдүн кыйласы топтолуп калды:

- Бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү суроолордун бири бул чын эле кыргыз эли кышка көмүр менен камсыз боло алабы деген суроо көп келет. Бүгүнкү күндө былтыркы жылга салыштырмалуу январь, август айларында 2009-жылы 190 миң 537 миң 900 тонна көмүр казылынып алынса, быйылкы жылы 190 миң 719,8 тонна көмүр казылып алынды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 100,1 пайызды түзөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө көмүр ишканаларынын кампаларында Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр казып алуучу жайларда 242 миң 900 тонна көмүрдүн запасы жүктөөгө даяр турат. Түштүк региону боюнча 218 миң 719 тонна көмүрдүн калдыктары сакталып турат. Бул кышка карата көмүр менен Кыргыз Республикасынын калкын жана бюджеттик мекемелерин, анын ичинен Бишкек электр борборун камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Ошентсе да техникалык өкмөт кышка чейин өлкөдө жетиштүү көмүр болорун айтып, Энергетика министри Осмон Артыкбаев ушул тапта элдин 80 пайызга жакыны көмүр менен камсыз болгонун айтууда.
Осмон Артыкбаев

Андан тышкары жыл сайын өлкөнү газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси да чыга калып жүрөт. Жыл сайын өзбек тарап газ үчүн карызды төлөбөгөндүгү үчүн Кыргызстанды айыптап, газды өчүрүп саларын айтып коркутуп келет. Кыргызстандын өзүндө керектөөчүлөр “Кыргызгазга” 500 миллион сомдой каражат карыз. Ал эми “Кыргызгаз” Өзбекстанга когүлтүр отун үчүн 1 миллион 700 миң доллар бериши керек. Кыргызстан газды Өзбекстандан 1000 куб метрин 210 доллардан сатып алат.

Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын орун басар жетекчиси Куралбек Насыкеев газ маселеси боюнча жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Өзбекстанга карыз акчабызды төлөө боюнча айтсак, азыр былтыркыга слаыштырмалуу жакшы эле. Өзүңөр көрдүңөр, былтыр 19 миллион долларга жакын карыз болсок, быйыл 1 миллион 700 миллион. Кудай буюрса аны да учурунда төлөгөнгө күч жетет го. Бул карызды төлөө боюнча маселе болбойт деп ойлойм. Азыр эл Ошто да, Жалал-Абадда да, бул жакта да толук газ менен камсыз.


Өкмөт электр жарыгы быйыл өчпөсүн айтууда


Кыш алдында Токтогул суу сактагычында суунун мол топтолгону көңүл жубатчу көрүнүш болууда. Антпесе 2008-жылы Токтогулдагы суунун өлчөмү өтө эле төмөн түшүп кетип, кыштын кыраан чилдесинде да электр жарыгын өчүрүү күчөп, эки жылдай калк катуу жүдөгөн. Ал тургай мурдагы президент Курманбек Бакиев бир жолку сөзүндө Токтогулда суу аз экенин, ошол себептүү электр энергиясын өндүрүү азайганын айтып, элди тезек терүүгө чакырган. Андагы оппозиция болсо Токтогулдагы суу коңшу Өзбекстанга жең алдынан сатылып атканын айтып чыккан.
Токтогул суу сактагычы, 2008-жылдын июнь айы.

К.Бакиевдин бийлиги кулаганы Токтогул суу сактагычы бат эле толуп кетти. Буга таянган айрым серепчилер мурдагы бийлик суу сатуу аркылуу да кызылдай акчага туйтунуп турганын белгилеп келишет.

Азыркы бийлик болсо быйыл кышта электр жарыгы өчпөй турганын айтууда. Ошентсе да абдан майлуу, акчалуу делген энергетика тармагында жоготуулар азырынча азайбай атат. Мурдагы бийлик тушунда энергетикадагы 35-40 пайызга чейинки жоготуулар энергобарондордун чөнтөгүнө түшүп атканы, алар түзгөн электр энергиясын уурдоо схемалары бар экени айтылчу. Өлкөдөгү эң эле бай адамдардын катарына энергетика тармагын жетектеп тургандар кирери кеп болуп келген. Ал эми быйылкы эсеп боюнча да энергетикадагы жоготуулар 30 пайызга жакындап барды.

Энергетика министрлигинин Отун-энергетика департаментинин жетектөөчү адиси Мирбек Маматовдун айтымында, чындап эле жоготуулар дале көп болуп атат. Бирок жоготууларды кыска аралыкта азайтуу да оор болууда:

- Энергетикада жоготуулар болот, жоготуулар болуш керек, бир гана техникалык жоготуулар, ал эми коммерциялык жоготуулар болбош керек, аны азайтыш керек. Бирок ошол эле учурда 1 млрд. жарымы бул техникалык жоготуу, ал трансформатордун иштешине, электр линияларын өткөрүп берүүдө электр энергиянын бир бөлүгү линияны жылытканга кетип жоголот. Ошону менен техникалык жоготуулар 10-12 пайыз болот. Андан башкасы коммерциялык жоготуулар. Коммерциялык жоготуулар да бизде өтө жогору. Анын үлүшү 1-2 пайыз болуш керек. Бул электр энергиянын эсептегичтердин анча-мынча ката кеткендери, ошого байланыштуу майда-чүйдө техникалык каражаттардын туура эмес иштегенине байланыштуу, ал 1-2 пайыз.

Андан башка жоготуулар булар абоненттер, пайдаланучулар, сиз менен биз, электр энергиянын бир бөлүгүн уурдаганы үчүн, калган бөлүгү ар кандай схемалар аркылуу кеткен. Жоготуулар 3-4 жыл мурун 3-4 пайызга жетчү, бул өндүрүлгөн электр энергиянын жарымы эле жок болчу. Азыр эми Энергетика министрлигинин жоготууларды азайтуунун артынан 26 пайызга келип жатабыз. Бул кийинки жылы дагы азая турган көрсөткүч.


Ушул тапта Токтогулда суунун өлчөмү 19 миллиард 500 миллион куб метрден ашып, суу сактагыч толуп турат. Бул – кыйын абалда турган өлкө жок дегенде быйыл кышта электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз болот дегенди билдирет.

Июнда турак-жайларынан айрылгандар кышка чейин үйлүү болушабы?


Буга чейин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов баштаган айрым адамдар июнь айында кыйраган турак-жайлар кышка чейин бүткөрүлбөй калуусу мүмкүн экендигин айтып чыгышкан. Ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев болсо, коогалаңда үй-жайсыз калгандар кышка чейин үй менен камсыздаларын убада кылууда.

Ж.Сатыбалдиевдин айтымында, ушул тапта эсептөөлөр боюнча Ош жана Жалал-Абад облустарында 1861 үйдү калыбына келтирүү керек. Азыркы тапта аларды калыбына келтирүү иштери толук кандуу уланууда. Дирекциянын планы боюнча, Жалал-Абад облусундагы жабыркагандарга октябрдын соңуна, Ош шаары менен облусундагы жабыркагандарга декабрдын башына чейин үйлөр курулуп берилет.
Кара-Суу районунда тополоңдо үй-жайынан ажырап калгандар жаңы үй салууда, 2010-жылдын 3-сентябры.

Аталган дирекциянын маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп атканы тууралуу буларга токтолду:

- Мамлекеттик дирекция жабыркаган адамдардын өткөөл үйлөрүн кышка чейин толук бүтүрүү боюнча ишендире алат. Учурда кээ бир жерлерде курулуш үйлөрдүн графиги алдыга кетип атат.

Өткөөл үйлөр деп айтканыбыздын себеби, азырынча жабыркагандар убактылуу ошол үйлөрдө кыштап турсун деп атабыз. Анткени бул үйлөрдүн аянттары 48 метр квадратка чейин. Ал эми жаз келгенден баштап ушул эле үйлөр 100 метр квадратка чейин кеңейтилет. Өткөөл үйлөр деп айтылганы менен, бул үйлөр толук стандартка жооп берет. Баары кыш менен кыналган, курулуш тартибине жооп берген үйлөр.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциянын маалыматына караганда жаңы салына турчу үйлөрдүн саны дагы көбөйүшү мүкүн. Анткени бир үй деп катталган кээ бир короолордо 2-3 үй-бүлөнүн турак-жайы талкаланган учурлар да чыгууда.

Соңку эсептөөлөр боюнча июндагы коогалаңда Ош шаарында 718, Ош облусунда 717, Жалал-Абад облусунда 424 турак-жай талкаланган. Жалпы талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүүгө 1 миллиард 300 миллион АКШ доллары кетери эсептелген. Ушул тапта турак-жайларды курууга эл аралык донорлук уюмдар кол кабыш кылууда.

XS
SM
MD
LG