Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Экономикалык мунапыс: кимге, канча?


Азырынча мурдагы бийлик тушунда өлкөгө экономикалык зыян алып келгендердин саны канча, келтирилген зыян өлчөмү кандай экендиги тууралуу так маалымат жок.
Азырынча мурдагы бийлик тушунда өлкөгө экономикалык зыян алып келгендердин саны канча, келтирилген зыян өлчөмү кандай экендиги тууралуу так маалымат жок.

Убактылуу өкмөт мурдагы бийлик тушунда экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоодо. Мамлекетке ири өлчөмдө материалдык, каржылык зыян алып келгендер атайын комиссия аныктаган акчаны төлөп берсе сот жоопкерчилигинен бошотулуп, беш жылга чейин жооптуу кызматка жолобос болушат.

Өкмөт мындай кадамга өлкө кабылган каржылык оор абалдан чыгыш үчүн барып жатканын айтууда.

Акча кайтаруунун дагы бир аргасы

Кийинки ай башына чейин иштей турган президент жарлыгы “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү жөнүндө” деп аталат. Азырынча мурдагы бийлик тушунда өлкөгө экономикалык зыян алып келгендердин саны канча, келтирилген зыян өлчөмү кандай экендиги тууралуу так маалымат жок. Мурунку бийлик жетекчилеринин көбүнө кылмыш иштери козголуп, издөө жарыяланып, миллиондогон сомдордун дарек-дайны иликтенип жатканы жайында экен-токондо өткөрүлгөн маалымат жыйындарында гана кабарланып келатканы болбосо коррупция токоюун карааны дагыле барандуу турат. Камакка алынып же үйүнөн сыртка чыкпай отургандар арасынан, болбосо из жашырын качып жүргөндөрдүн канчасы келтирген зыяндарынын ордун толтуруп, акчасын кайтарып беришке макул болору да азырынча белгисиз.
Министрлерди көрдүм. 200 миң долларга жип машинесин сатып алышыптыр. Жөнөкөй министрлер, 400 доллар айлыгы барлар. Эми алардын канчалык жегенин ким айтып чыгат? Ө. Абдырахманов

Өлкөнүн экономикалык абалынан улам апыл-тапыл чыга калган жаңы мунапыстын тагдыры ошол эле Курманбек Бакиевдин тушунда кабыл алынган каржылык мунапыс мыйзамынын кейпине түшүп калбайбы суроосу да турат. Белгилүү коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, мурдагы бийлик тушунда экономикалык кылмыш жасагандарга минтип мунапыс жарыялоо саясаты жаңылардын принциптен тайып баратканын гана көрсөтчү көрүнүш. Буга чейин коммунисттердин, андан соң акаевчилердин, эми болсо бакиевчилердин кылган иштерине саясий баа берилген жок. Мунун натыйжасы системадагы болгон кемчиликтин баарын бир кишиге жүктөп салып, калгандары мурдагысындай эле жооптуу кызматтарды ээлеп калышына алып келүүдө.

- Министрлерди көрдүм. 200 миң долларга жип машинесин сатып алышыптыр. Жөнөкөй министрлер, 400 доллар айлыгы барлар. Эми алардын канчалык жегенин ким айтып чыгат? Эч кандай тергөө жүрбөй, текшерилбей, коомдук пикир жаралбай, анан ага мунапыс берип койсо бул деген саясий принциптин жоктугу, саясий багыттын жоктугу болот. Бул баягы эле эски турмушка келебиз, бийлик алсак эле болду, деген макулчул позицияны түшүндүрөт. Мындан эч кандай жыйынтык чыкпайт.

Эскилер менен жаңылардын чөнтөк тиреши

Бийлик алмашылгандан кийин мурункуларды кодулап, кыйласына кылмыш иш ачып, дүйнө-мүлкүн кийинкилердин тартып алышы Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес. 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин А.Акаевдин жакындарынын жыйган-тергенин К.Бакиевдин жанындагылардын тартып алышы көпчүлүктүн көз алдында өткөн. Бул ирет да Бакиевдерге тиешелүү делген дүйнө-мүлктүн кыйласы мамлекет ээлигине өткөрүлүп, калгандарынын маселеси азырынча арасат калууда.

Белгилүү ишкер Чапырашты Базарбаев экономикалык мунапыс айла жоктон жасалып жаткан иш деп эсептейт. Анын айтуусунда, эгемендик тушунда экономикалык оор кылмыштары үчүн катуу бир да жетекчи жоопко тартыла элек.

- Мунун баарын сот, прокуратура, тергөөчүлөр өздөрүнчө мамлекеттин акчасын тиги кишиден сыгып алышат. Анан ал шарттуу түрдө же сотто далилденбегени үчүн деген сөздөр менен шылтоолонуп чыгып кетип жатат. Бул эми айласыздан болуп жаткан иш. Бирок “жегениңди кусуп берсең ошол замат жоопкерчиликтен бошоносуң”, дегендин өзү тигилерге жол ачкандык болуп жатпайбы.

Бир айга жакын убакыт ичинде экономикалык кылмыштарга шектүү делгендердин текши баары курун мойнуна илип, кимдин канча акча төлөрүн аныктачу комиссия алдына келеби же баштатан келаткан көнүмүшкө салып тааныш-тамыр, илик-жарманы ошол эле күч кызматтардын өзүнөн издейби – бул суроо да азырынча ачык калууда. Анткен менен экономикалык кылмыш жасагандарды чөнтөгү аркылуу жазалоону жактоочулар деле биртоп. Президент Роза Отунбаева экономикалык мунапысты мамлекеттин уурдалган акчасын өз ордуна тынч-аман кайтарып алуу аргасы катары мүнөздөйт. Мамлекет бюджетин толтуруу үчүн өкмөт эми мунапыстан башка дагы кандай арга издейт болду экен?

XS
SM
MD
LG