Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Р. Жээнбеков: “Ата Мекендин” төрагалыкка моралдык укугу бар


Равшан Жээнбеков "Азаттыктын" студиясында, 20-май, 2010.
Равшан Жээнбеков "Азаттыктын" студиясында, 20-май, 2010.

Жогорку Кеңешке келаткан беш партия ушу тапта коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Азыр бир тарапта “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс”, экинчи тарапта Социал-демократтар менен “Республика” турат. “Ата Мекен” партиясы ортодо. Аталган партия төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков бул маселе жаатында “Азаттыктын” түз обосундагы суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Шайлоодон кийин эле 7-апрелде чогуу бийликке келген, көп жыл бою санаалаш болгон партиялар катары Социал-демократтар менен “Ата Мекен” биригээрин боолгоп атышкан эле. Аркы жээкте президенттик башкарууну алып келерин айтып, Орусияга ыктаган “Ар-Намыс” менен “Ата-Журт” партиясы турган, азыр деле турат. Бирок соңку кездери чечүүчү партия болот делген “Республика” партиясы Социал-демократтар менен тил табышып кетти. “Ата Мекен” ортодо калды. Бул кандайча болду? Социал-демократтар менен келише албаган маселелер да барбы?

Равшан Жээнбеков: Жок. Менин оюмча, андай деле тил табышпаган нерсе жок. Бул эми көбүрөөк добуштарды алган эки партия өздөрүнчө биригүү тууралуу чечим кабыл алышса элек. Бизге азырынча ырасмий түрдө эч кандай сунуштар болгон жок. Сунуш боло турган болсо албетте “Ата Мекен” партиясы карап көрөт аларды.

“Азаттык”: Буга чейин “Республика” партиясын бойго жеткен кызга салыштырып, башка партияларды ошол кызды жандап калган боз уландарга окшоштурушпады беле. Эми ошол абалга “Ата Мекен” партиясы түшүп калды. Коалиция түзүүдө “Ата Мекен” партиясы кандай шарттарга көнөт, кайсы жээкти тандайт?

Р. Жээнбеков: Албетте “Ата Мекен” партиясы үчүн моарлдык жактан укуктары чоң Социал-демократтар партиясы менен чогуу болгону келечекте туура. Коомдук пикир да ушуну көргөзүп атат. Бирок иш жүзүндө кандай болот, көрө жатарбыз. Анткени коалиция түзүү маселеси чынында абдан оор маселе. Себеби коомчулукка көрүнгөн жана көрүнбөгөн бир топ кыйын маселелер бар. Эгерде ошолордун бардыгы туура келе турган болсо, албетте биз үчүн эң жакшы конструкция – бул Социал-демократтар менен биригүү эсептелинет.

“Азаттык”: Ошентсе да Социал-демократтар менен чечишкен күндө да баары бир үчүнчү партия болуш керек да коалиция түзүш үчүн. “Республика” партиясы менен көз караштарда кандайдыр бир келишпестиктер барбы?

Р.Жээнбеков: Менин оюмча, жалпысынан келишпеген деле нерселер жок. Азырынча “Республика” менен Социал-демократтар чогуу иштеп атат. Мына кечээ эле ырасмий түрдө жыйынтыктар чыкпадыбы. Эми эки күн арасында мандаттар тапшырылып, Жогорку Кеңеш өз ишин баштайт. Ошол иш башталгандан тарта мурда биригебиз деген партиялар башка партияларга сунуштарды кылат. Андан кийин гана ырасмий түрдө “Ата Мекен” партиясы дагы өз позициясын билдирүүгө туура келет. Эгерде алар сунуш кылышса...

“Азаттык”: Ошондой сунуштар боло турган болсо “Ата Мекен” кандай шарттарды коёт? Маселен серепчилер айтып атышат, “Ата Мекен” партиясы парламентте төрагалык кызматты алуу талабын коёт деп. Ушундай талаптар болобу?

Р. Жээнбеков: Менин оюмча, жалпысынан алганда ал айтылгандар туура эле. Себеби “Ата Мекен” партиясынын коомдогу жана мамлекеттеги орду, жасаган эмгеги аябай чоң. Ошондуктан биздин партия ошол орунга моралдык укугу бар жана ушуга жараша коалиция ичиндеги ордун ээлегенге аракет кылат. Ал эми ар кандай позициялар болушу мүмкүн. Ырасмий түрдө гана сунуштар болгондон кийин муну коомчулукка айтса болот. Эми азырынча ырасмий түрдө сунуштар болбогондон кийин айтканга эртерээк болуп эсептелет го дейм.

“Азаттык”:
Бирок сиздер кайсыл чечүүчү кызмат орундарын мелжеп турасыздар?

Р. Жээнбеков: Бизде бир топ ойлор бар бул боюнча. Мисалы азыркы күндө “Акиперсс” агенттигинде эки социалдык сурамжылоо жүрүп атат. Ошол жерде “Спикерликке кимди көрөсүңөр?” дегенде, көпчүлүк добуш 45 пайыз менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына Өмүрбек Текебаевди айтып атышат. Менин оюмча, бул коомдук пикир кандайдыр бир реалдуулукка таянган нерсе. Бул “Ата Мекен” партиясы үчүн бир топ маанилүү.

Кеңири коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү канчалык? “Ар-Намыс”, “Ата-Журт” партиясы да ушундай сунуштарды айтып атышат. Эгер ушундай сунуштар болсо кеңири коалиция иштеп кетерине көзүңүз жетеби?

Менин оюмча бул маселени талкуулоо азырынча эртерээк. Эгер президент айым “Ар-Намыс” партиясына өкмөттү жана коалицияны курууну тапшыра турган болсо, ошондон кийин гана “Ар-Намыс” партиясы бардык партияларга ушундай сунуш менен ырасмий түрдө чыкса, андан кийин гана партиялар карап көрсө болот.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG