Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04

Иранда балдарды идеологиялык жактан даярдоо күч алды


"Басиж" уюмунда кыздар да согуштук даярдыктан өтөт.
"Басиж" уюмунда кыздар да согуштук даярдыктан өтөт.

Мурдагы СССРде коммунисттер бийликке келгенде биринчи кезекте жаштарды тарбиялоону колго алышкан. Бүгүн да пост-советтик мейкиндикте ар кыл күчтөр биринчи кезекте улан-кыздарды өздөрүнө тартып жаткандыгы байкалат.

Ал сыңарында Иранда азыркы исламчыл бийликтер керек болсо окко көкүрөгүн тосконго тарбиялай турган "Басиж" деп аталган куралдуу уюшмалардын жаштар канатынын ишин күч алдырууга киришти.

Былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин жаштардын нааразылык акциялары Иран бийликтеринин эсин оодарган эле. Жаштарды чет элдик «кас» пропаганданын терс таасиринен сактап калуу үчүн өлкөнүн башкы Аятолласы Хаменейнинин буйругу менен "Басиж" мектеп окуучуларын идеологиялык жактан даярдоону күчөттү.

Студенттик "Басиж" уюмун жетектеген генерал Мохаммад Салех Жокардын айтымында, акыркы жарым жылда башталгыч мектептерде алты миң «каршылык көрсөтүү борборлору» ачылды. «Алар 12 жашка чыкканда "Басиж" уюмдарына толугу менен кошулууга даяр болушу» керек деп билдирди генерал өткөн аптада "Мехр" кабар агенттигине.

Советтер Союзунда болшевиктер бийликке жаңы келген жылдарда душмандарына каршы күрөшүндө жаштарды, анын ичинде мектеп окуучуларын да пайдаланышкан. Өз атасын бийликтерге карматып берген Павлик Морозов өңдөнгөн балдар даңазаланып, алар тууралуу темалар окуу программасына киргизилген.

Иранда да мектеп окуучулары согушта пайдаланылган. 1980-жылдардагы Ирак менен согушта 13 жаштагы Хосеин Фахмеде кан күйгөн майданда гранатасы менен кошо ирактык танктын алдына боюн таштап, набыт кеткен. Исламдык Иран жумуриятынын негиздөөчүсү Аятолла Хоменейи өспүрүмдү баатыр деп жарыялап, анын эстелиги Тегерандын чет жакасында тургузулган. Ал жерге бүгүн да мектеп окуучулары келип, зыярат кылышат.

Генерал Жокардын айтымында, "Басиждин" катарында бүгүн 4.6 миллион мүчө бар. Алар башталгыч мектептин окуучулары кирген "Омидан" (же Үмүт), орто мектептин окуучуларынан турган "Пуйондеган" (Чындыкты издегендер), жана жогорку окуу жай студенттеринен куралган "Пишгаман" же Үлгүлүүлөр деген бөлүмдөргө мүчө. Бул бөлүштүрүү СССРдеги октябренок, пионер, комсомол уюмдарынын түзүлүшүнө окшоп кетет.

Анын аралыгында саясий билим берүү боюнча төрт миң эксперт бүт өлкө боюнча мектептерге жөнөтүлүүдө. Билм берүү министрлигинин бир өкүлү Ирандын "Жумуш Кабар" агенттигине билдиргендей, бул эксперттер балдарга Батыштын идеологиялык согушу менен кантип күрөшүштү, жана Исламдык төңкөрүшкө каршы душмандар кандай кутум даярдап жаткандыгын балдарга үйрөтүү мидети жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG