АКШнын Огайо штатындагы Дейтон аскерий базасында жетишилип, кийин Парижде ырасмий кол коюлган келишим Балкандагы 3,5 жылдык согушка чекит койгон. Келишим америкалык, европалык жана россиялык дипломаттардын үч жума бою күнү-түнү тынбаган эмгегигин натыйжасында жаралган.
15 жыл мурда Дейтон келишимине кол коюшкан Сербия президенти Слободан Милошевич, Хорватия президенти Франьо Туджман жана Босния-Герцеговинанын президенти Алия Изетбегович эбак о дүйнө салышкан. Алардын кол тамгалары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң кандуу булоонду токтотту. Балкандагы үч жарым жылдык этникалык согуш 100 миң адамдын өмүрүн жалмаган. Дейтон тынчтык келишими Босниянын көп улуттуу калкы болочокто бирдиктүү мамлекетте жашоосун камсыздаш керек болчу. Бирок келишимдин долбоорун түзүүчүлөрдүн бири, Тафт университетинин профессор Брюс Хитчнер саясый документ башта күтүлгөн үмүттү актабады деп эсептейт: "Эч бир тарап Дейтон келишимин толук аткарган жок. Адамдардын келишимди ар түрдүүчө чечмелегени өткөн 15 жылдагы эң чоң проблема болду".
Босния Тынчтык келишими боюнча, Мусулман-Хорват федерациясынан жана Серб Республикасынан турат жана эл аралык коомчулук өлкөдө бейкуттукту камсыздап, стабилдүү иштеген өкмөттү курууга жардамдашууга тийиш. Ал үчүн 1996-жылы регионго Евробиримдиктин 60 миңдик колу киргизилген. Азыр Боснияда анын 1,6 миң аскери калган. Өткөн апатада БУУнун Коопсуздук Кеңеши алардын мандатын дагы бир жылга узартты.
Боснияда туруктуу өкмөтү жок. Борбордук өкмөт - Президенттик үчилтик өлкөдөгү саясый турмушту толук көзөмөлдөбөйт. Серб Республикасынын жетекчилиги өлкө курамынан чыгаарын дембе-дембе айтып келет. Бардык саясый жараяндар Биримдиктин даражалуу өкүлү Валентин Инцконун катышуусу менен жүргүзүлөт. Инцко өткөн жумадагы кайрылуусунда Евробиримдикке жана НАТОго кошулууга зарыл реформалар болжогондон жай жүрүп жатканын айтып, Босниянын лидерлерин жараянды тездетүүгө чакырды.
Профессор Хитчнердин сөзүнчө: “Конституция боюнча бир мамлекет курамындагы бийлик институттары каралган. Эл ичинде Босния эки тең укуктуу мамлекеттен турат деген сезим жок. Эки автономиялуу өкмөттү түзүү боюнча ара кандай аракет бирдиктүү Боснияны жөнүндөгү идеяны куру кыялга айланат”.
Брюс Хитчнер Серб Республикасы Босниядан өз алдынча жашап кете албайт деп боолгойт. Бирок Косовонун Сербиядан бөлүнүп чыгуусу Босниядагы этникалык топтордун саясый автономияга умтулуусуна кошумча дем берди. Мындай шартта Брюссел жана Вашингтон Дейтон келишимин бекем сактоого аракет кылышууда. Өткөн айда АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Сараевого келип кетти. Брюссел босниялык жарандардын Евробиримдиктин өлкөлөрүнө визасыз өтүүсүнө макулдук берди. Бирок да босниялыктар өлкө жетекчилигин белгиленген саясый реформаларды аткартууга түртпөсө, өлкөдө бейстабилдүүлүк сактала берет, элде Босниянын келечегине ишеним жаралбайт, дешет талдоочулар.