New York Times басылмасы 16-январда украин армиясы Донецк облусундагы Покровск шаарына жакын стратегиялык маанилүү көмүр шахтасын орус аскерлеринин чабуулу башталарда жардырып жибергенин жазды.
Таш көмүр казылган бул шахта металлургия өнөр жайын камсыз кылат. Материалда анын иштен чыгышы өлкөдөгү өндүрүштү эки эсе кыскартары айтылат. Шахтада 2023-жылы 3,2 млн тонна көмүр өндүрүлгөн.
2024-жылдын жай айларына карата өндүрүш дээрлик үчтөн бир бөлүккө азайып, күнүнө жети миң тонна көмүрдү түзгөн. Декабрдын ортосуна чейин ал суткасына эки миң тонна көмүр чыгарып турган. Бирок тынымсыз аткылоодон жана энергиянын тартыштыгынан улам шахтада иштөө мүмкүн болбой калган. Кызматкерлерге шахтага мурункудай Пещаное айылы аркылуу эмес, жер астындагы тоннелдер аркылуу кирүүгө туура келген.
NYT материалында украин аскерлери орус армиясы Украинанын жер астындагы позицияларын айланып өтүп, арт жактан сокку урушу мүмкүн деп чочулашкан. Шахтага жардыргыч заттар коюлган. Ал болжол менен 20-декабрда жардырылган. Жардыргыч заттар ишкананын дагы эки шахтасына коюлуп, азыр деле Украинанын көзөмөлүндө. Бирок алар жардырылдыбы же жокпу, белгисиз.
14-январда көмүр кенине ээлик кылган "Метинвест" Покровскиге жакын жердеги кенди жана ага коңшулаш жайгашкан кайра иштетүүчү фабриканын ишин толугу менен токтоторун билдирди. Компаниянын пресс-релизинде жазылгандай, фабрикаларда украин көмүрүн америкалык көмүр менен алмаштыруу пландаштырылууда. Бул шаар Киевдин көзөмөлүндө калган Донецк облусунун бөлүгүндөгү украин аскерлеринин логистикасынын ачкычы болгон маанилүү транспорттук түйүн болуп эсептелет. (AiA)
Шерине