“Бакай Банк” АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) санкциясына кабылган “Керемет Банк” менен кызматташууну убактылуу токтотконун жарыялады. Бул тууралуу банк мобилдик тиркемеси аркылуу кардарларына жиберген билдирүүдө айтылат.
Ага ылайык, насыя төлөө жана депозиттерди толуктоо, банк эсебин толуктоо, QR код менен төлөмдөрдү ишке ашыруу, “Бакай Банктын” аппараттарында “Керемет Банктын” банк картасы менен акча алуу жана төлөм жүргүзүү операциялары убактылуу токтотулду.
Кыргызстанда катталган “Керемет Банк” АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) банкка салган санкциясы тууралуу комментарий берип, ага каршы арызданганын билдирген. “Керемет Банк” ар дайым улуттук мыйзам жана эл аралык укуктарга ылайык так иш алып барарын кабарлаган.
15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет Банкка” да санкция салган.
АКШ “Керемет Банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлады.
Вашингтондун билдирүүсүндө “Промсвязьбанк” Орусиянын аскердик-өнөр жай базасындагы ишканаларга миллиарддаган доллар каржылык колдоо көрсөткөнү жазылган.
Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги “Керемет Банктын” акцияларынын контролдук пакетин Орусиянын өкмөтүнө жакын орус олигархына байланышы бар фирмага сатканы айтылат. Вашингтондун маалыматында молдован тектүү орус олигархы Илан Шор санкцияларды кыйгап өтүү үчүн схемалардагы “Керемет Банктын” ролу тууралуу талкууларга катышканы да маалымдалат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган “санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат” деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
Былтыр күзүндө мамлекеттик “Керемет Банк” жеке колго сатылганы белгилүү болгон. Банктын жаңы төрайымы болуп Татьяна Куржей аттуу казакстандык менежер дайындалган.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары “Керемет Банк” сатылганын, жаңы кожоюндары чет элдиктер экенин жазышкан. Былтыр жыл соңунда жергиликтүү медианын бири банкка Люксембургда катталган компания ээлик кылып калганын кабарлаган.
Былтыр июлда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында банк орусиялыктарга сатылганын жазган. Бул тууралуу журналисттер кайрылганда банк маалыматты четке каккан.
“Керемет Банктын” тарыхы 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанкка” барып такалат. Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жыл ортодо арсар абалда турган банктын 97,45% акциясын 2024-жылы март айында Финансы министрлиги сатып алган.
АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар.
Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда 21 коммерциялык банк бар. (BTo)
Шерине