Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы 25-декабрда Актауга жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагынын "кара жашигине" жазылган маалыматтар Бразилиядан келип, адистер изилдей баштаганын билдирди. Коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы Казакстан Орусия менен Азербайжанга укуктук кызматташтыктын алкагында тергөө үчүн суроо-талаптарын жөнөткөнүн кошумчалады. Кырсыкка кабылган бортто жазылган маалыматтар Embraer-190 лайнери чыгарылган Бразилияга жиберилген.
Орусиянын Тергөө комитети AZAL учагынын кыйрашына байланыштуу диспетчердик кызматтардын, аба каттамдарын уюштуруунун жана абадан коргонуу системаларанын ишине баа берүү үчүн комплекстүү экспертиза дайындалганын билдирди.
Орусиянын күч органдарына жакын Baza Telegram каналы кыйраган учактын экипажынын сүйлөшүүсүнүн толук стенограммасын алганын айтууда. Андагы маалыматка караганда Грозныйга бир нече жолу конуу аракетинен майнап чыкпаган соң учкучтар Махачкала жана Минеральные Воды шаарларындагы аба ырайы тууралуу маалымат сурай башташкан. Акырында алар Бакуга, андан кийин Актауга учууну өз алдынча чечишкен.
Экипаж ал учурда байланыштын начардыгын айтып даттанган. Грозныйга конууга аракет кылганга чейин учкучтар эки GPS сигналы тең жоголгонун билдиргенин Baza басылмасы жазды.
Телеграм канал стенограмманын булагын ачыктаган жок. Иликтөөнүн жүрүшүндө алынган учкучтардын сүйлөшүүсү тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.
25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай, Каспий деңизинин аркы жээгиндеги Актауга баратып шаардын жанында кулаган.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын, каргаша үчүн "жоопкерчилик Орусия Федерациясынын өкүлдөрүнө жүктөлөрүн" билдирген.
Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.
Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.
Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы, арасында кыргызстандык 3 жаран жаракат алган.
Орусиянын Тергөө комитети кылмыш иш ачкан. Кырсыкты Казакстан, Азербайжан жана Орусиянын адистери иликтеп жатышат. (AiA)
Шерине