АКШ Мамкачысы Хиллари Клинтон Босниядагы этникалык топторду өлкөнүн Евробиримдик жана НАТОго интеграциялануусун тездетчү реформаны алгалатууга үндөдү. Бүгүн Сараевого келген Клинтон айым Босния-Герцеговинанын президенттик үчилтигинин мүчөлөрү жана сербдердин Српска Республикасынын жаңы шайланган президенти Милора Додик менен кездешти.
Ай башында Босния-Герцеговинада болгон шайлоо жарандык согуш бүткөнүнө 15 жыл болсо да, өлкөдө этникалык ажырым күчтүү экенин көрсөткөн. Федерациянын мусулман-хорват бөлүгүндө эл реформачыларды колдоп, бирок серб калктуу Српска Республикасында улутчулдар жеңген.
Мурдараак АКШ Мамкатчысынын Европа жана Евразия боюнча орун басары Филипп Гордон этникалык каршылашуу- Босниядагы саясый жараяндарды алга жылдарбай жатканын билдирген.
Хиллари Клинтон Сараеводон соң Белградга барып, Сербиянын жетекчилиги менен Косово маселесин талкуулайт.