“Бакай Банк” “Керемет Банк” менен кызматташууну токтотконун билдирди
“Бакай Банк” АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) санкциясына кабылган “Керемет Банк” менен кызматташууну убактылуу токтотконун жарыялады. Бул тууралуу банк мобилдик тиркемеси аркылуу кардарларына жиберген билдирүүдө айтылат. Кыргызстанда катталган “Керемет Банк” АКШнын санкциясына каршы арызданганын билдирген. “Керемет Банк” ар дайым улуттук мыйзам жана эл аралык укуктарга ылайык так иш алып барарын кабарлаган. 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет Банкка” да санкция салган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциянын деңгээлин түшүрүү керектигин айтты
Ташиев Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, ушул тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин айтты. Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.
Экс-депутаттын уулу Данияр Ибраевге издөө жарыяланды
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге издөө жарыяланганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Свердлов райондук соту алдамчылык фактысы боюнча сегиз эпизод менен Данияр Ибраевди күнөөлүү деп таап жети жылга эркинен ажаратып, үч жыл пробациялык жаза берген. Андан тышкары жабырлануучуларга зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилген. Жабырлануучулар райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданган. Данияр Ибраев сотко келбегендигине байланыштуу шаардык сот аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. Свердлов райондук соту 2023-жылы 20-июлда Данияр Ибраевди алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кесүү чечимин чыгарып, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошоткон. Мындан тышкары аны жалпы 19 млн 821 миң доллар материалдык чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирген.
Мэрия накталай жол кирени 40 сомго көтөрүүнү кайра сунуштады
Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө 40 сомго жогорулатуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев 16-январда Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу үч комиссиясынын жыйынында айтты. Борбордо каттамга күнүгө 1200 автобус чыгып жатат. Ушул тапта автобуста “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруттук кичи автобуста 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу былтыр январь айында көтөрүлгөн. Мэрия электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга элди кызыктыруу үчүн 2024-жылы октябрь айында коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө 40 сомго көтөрүү сунушун берип, сынга кабылган.
Израил ХАМАС келишимди "кайра карап чыгууга аракет кылып жатканын" билдирди
Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча бир күн мурда жетишилген келишимдин бир катар жоболорун кайра карап чыгууга жетишүү аракетин көрүп жатканын билдирди. «ХАМАС келишимди бузуп, акыркы мүнөттөрдө кризис жаратууда», – деп билдирди Нетаньяхунун кеңсеси. "Ортомчулар ХАМАС келишимдин бардык деталдарын жактырганын жарыяламайынча Израил өкмөттүк жыйындын датасын белгилебейт", - деп айтылды билдирүүдө. ХАМАСтын расмий өкүлү Иззат эл-Решик аталган топ тексти ортомчулар аркылуу макулдашылган тынчтык келишимин сактарын Reuters агенттигине айтты. Израил менен ХАМАС макулдашууга жетишкенин Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 15-январдын кечинде Вашингтондо билдирген.
Британия Украина менен 100 жылдык өнөктөштүк келишимине кол коюлганын жарыялады
Британ премьер-министри Кир Стармердин Киевге сапары учурунда кол коюлган документ эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жөнгө салып, коргонуу жана аскердик эмес тармактардагы кызматташууну кеңейтет деп болжолдонууда. "Келишим Балтика, Кара жана Азов деңиздеринде коопсуздукту бекемдөө жана Орусиянын агрессиясын токтотуу үчүн аскердик кызматташууга өбөлгө түзөт", - деп билдирди премьердин басма сөз кызматы. Британия 2022-жылы Украина Орусиянын агрессиясына кабылгандан бери Киевдин эң жакын өнөктөштөрүнүн бири. Лондон буга чейин Украинаны колдоо үчүн дээрлик 13 млрд фунт стерлинг бөлгөн.
Казакстан кыйраган AZAL учагынын бортунда жазылган маалыматтарды алды
Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы 25-декабрда Актауга жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдорунун" учагынын "кара жашигине" жазылган маалыматтар Бразилиядан келип, адистер изилдеп баштаганын билдирди. Орусиянын күч органдарына жакын Baza Telegram каналы кыйраган учактын экипажынын сүйлөшүүсүнүн толук стенограммасын алганын айтууда. Андагы маалыматка караганда Грозныйга бир нече жолу конуу аракетинен майнап чыкпаган соң учкучтар Махачкала менен Минводыдагы аба ырайы тууралуу маалымат сурай башташкан. Акырында алар Бакуга, андан кийин Актауга учууну өз алдынча чечишкен. Экипаж ал учурда байланыштын начардыгын айтып даттанышкан. Грозныйга конууга аракет кылганга чейин учкучтар эки GPS сигналы тең жоголгонун билдиришкенин Baza басылмасы жазды. Телеграм канал стенограмманын булагын ачыктаган жок. 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай, Каспий деңизинин аркы жээгиндеги Актауга бет алып, шаардын жанында кулаган.
Армениянын ТИМи Еревандагы Орусиянын элчиси Сергей Копыркинге нота тапшырды
Министрлик мындай дипломатиялык кадамга 12-январда "Россия 1" телеканалындагы Армениянын суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө каршы келген көрсөтүү негиз болгонун белгиледи. "Вести недели" программасынын алып баруучусу Дмитрий Киселевдун кайсы сөздөрү Армениянын суверендүүлүгүнө шек келтиргени маалыматта белгиленген эмес. Берүүдөгү сюжеттердин бири Армения менен Азербайжандын мамилесине арналган. Киселев Ереван "үч тараптуу келишимдеги өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерге" көңүл бурбай жатканын белгилеген. Ал Армения өкмөтүнүн "Орусия менен байланыштан кайтып", Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун комментарийлеп, "силердин тандооңор эч кандай жакшы нерсе менен бүтпөйт" деген. 2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) ишмердигине катышууну токтоторун билдирген. Ал эми 4-декабрда парламентте жасаган билдирүүсүндө Еревандын ЖККУга кайтуусу мүмкүн болбой калганын айткан.
Шерине