Британ өкмөтүнүн 16-январдагы билдирүүсүндө премьер-министр Кир Стармердин Киевге сапары учурунда Улуу Британия менен Украина 100 жылдык өнөктөштүк келишимине кол койгону айтылды.
"Келишим Балтика, Кара жана Азов деңиздеринде коопсуздукту бекемдөө жана Орусиянын агрессиясын токтотуу үчүн аскердик кызматташууга өбөлгө түзөт", - деп билдирди премьер-министрдин басма сөз кызматы.
Документ эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жөнгө салып, коргонуу жана аскердик эмес тармактардагы кызматташууну кеңейтет деп болжолдонууда.
Лондон ошондой эле Украинанын оккупацияланган аймактарындагы эгинди Орусия уурдап, өзүнүн белгисин коюп, сатып жаткан маселени чечүүгө жардам берерин жарыялады. Бул үчүн данды текшере турган атайын система киргизилет. Анын жардамы менен эгин кайсы жерден жыйналганын аныктаса болот.
Жүз жылдык шериктештик боюнча келишим жана саясий декларация жакынкы айларда парламентке сунушталары айтылды.
Кир Стармер 16-январда эртең менен Киевге барып, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.
Украина 2024-жылы августта Улуу Британия менен 100 жылдык өнөктөштүк боюнча эки тараптуу келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөргөн.
Британия 2022-жылы Украина Орусиянын агрессиясына кабылгандан бери Киевдин эң жакын өнөктөштөрүнүн бири. Лондон согуш башталганы Украинаны колдоо үчүн дээрлик 13 млрд фунт стерлинг бөлгөн. Анын 7,8 миллиарды аскердик жардамга жана Украинанын энергетикалык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жумшалган. (AiA)
Шерине