Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Абактагы Султанбековдун абалы начарлап, баса албай калганы кабарланды


 Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Социал-демократтар партиясынын лидери, Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык жарыялаганын билдирген Темирлан Султанбековдун ден соолугу начарлап, өз алдынча баса албай калганын адвокат Айбек Турдуев 16-январда кабарлады. Анын айтканын партиялашы Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына бөлүштү.

"Мен Темирлан Султанбеков менен жолугуп чыктым. Анын саламаттыгы начарлап баратат. Сол буту кыймылдабай жатат. Ал өз алдынча баса албай, конвойдун жардамы менен же таяк менен гана басып жатат. Бутунда чоң шишик бар. Бул кан айлануунун начардыгынан болушу мүмкүн. Мекеменин жетекчилиги анын жараатын видеого, сүрөткө тартып алууга уруксат берген жок. Мындан сырткары анын дене табы түшүп, 35,5 болуп турат. Көзү жакшы көрбөй, ички органдары жакшы иштебей жатат", - деди жактоочу.

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) учурда Темирлан Султанбековдун абалы "канааттандырарлык" деп бааланып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы ал тергөө абагынын медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

13-январда ЖАК Султанбеков медициналык комиссиянын кароосунан өткөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Мекеме Султанбеков 2024-жылдын ноябрынан бери ачкачылык кармай баштаганын, шире, суу жана дан (буудай) кошулган суусундуктарды ичип жатканын белгилеген.

Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган. Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG