Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

"Клооптун" мурдагы операторлору пробация менен бошотулду


Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов сотко алып келинген учуру. Архивдик сүрөт.
Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов сотко алып келинген учуру. Архивдик сүрөт.

мазмуну

  • Сот экстремисттик деп тапкан "Клооп Медианын" мурдагы операторлору пробация менен сот залынан бошотулду.
  • Бишкек шаардык соту медианын эки эсепчисинин үч жылдык пробация мөөнөтү күчүндө калтырды. Биринчи май райондук соту Дуулатов менен Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен.

“Клооп Медиа” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовдун райондук сот чыгарган өкүмү шаардык сотто өзгөртүлдү. Аларга үч жылдык жаза чегерилип, пробация менен сот залынан бошотулду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 25-ноябрдагы отурумда чыгарды.

Ушул эле отурумда аталган медианын эки эсепчисинин иши каралып, райондук соттун аларды күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация жаза чарасын чегерген өкүмү күчүндө калтырылды.

Быйыл 17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Дуулатов менен Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен. Алардан тышкары басылманын эки эсепчисин да айыптуу деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган.

Прокурор операторлорду сегиз жылдан, эки эсепчини алты жылдан абакка кесүүнү сураган.

Адвокаттар тергөөдө коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, баарын актоону өтүнүп келишти. Жактоочу Кайсын Абакиров райондук соттун бул өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берилерин айтып:

“Соттун өкүмүн мыйзамсыз деп эсептейбиз. Анткени сот бир да далил жок эле ушундай чечим чыгарып койду”, - деп белгилеген.

16-сентябрда райондук сотто Дуулатов менен Александров мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартышкан. Жаңы кармалганда адвокаты жок, басым алдында жана "бошотобуз" деген убададан кийин аргасыз макул болгонун айтышкан. Иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан эсепчилер дагы журналисттик иликтөө даярдоого аралашпаганын билдирген.

Сотто көрсөтмө берип жатып Жоомарт Дуулатов УКМКда сурак адвокатсыз өткөнүн, мажбурлоо да болгонун билдирген:

“Ушул тапта мага тагылып жаткан күнөөнү мойнума албайм. Биринчи жолу, чынымды айтсам, коркконумдан мойнума алгам. Тергөө изоляторуна биринчи жолу түшкөм. Тергөөдө "Мойнуңа алсаң эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үй камагына чыгасың" деген сунуш болгон. Темир тор артына отуруп калуудан коркуп мойнума алгам”.

Тергөөдө жазылган баштапкы көрсөтмөсүнөн ушундай эле жүйөдө баш тартып, тагылган күнөөнү мойнуна албай турганын Александр Александров да айткан:

"Иштин материалдарында мен видеого тартып, монтаждаганымды айткан көрсөтмөм бар. Бирок, чындыкты айткым келет, мен андай кылган эмесмин. Ушундай көрсөтмө берсем мени үй камагына чыгарууну сунушташкан. Мындай учурга биринчи жолу туш болуп жатам, мурда соттолгон эмесмин, үй-бүлөм бар. Ошондуктан коркконумдан ушундай көрсөтмө берип, өзүмдү күнөөлүү катары көрсөтүүгө туура келди. Бирок мен иште көрсөтүлүп жаткан эмне видео экенин билбейм дагы, тарткан дагы, монтаждаган дагы эмесмин. Болот Темиров менен жеке тааныштыгым жок, аны менен жазышкан дагы, байланышкан дагы эмесмин".

Александров менен Дуулатовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда кармап, үйлөрүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондон бери атайын кызматтын абагында отурушту.

"Клооп Медианын" маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишине бийликтин дарегине сын айтылган беш видео (“Байлар эт жейт, кедейлер доширак жейт”, “Жапаровдор алтынды Кипрге чыгарууда”, “Ысырапкорчулук жана репрессия: Бийлик кантип биздин оозубузду жабууда?”, “Жапаровдордун калпы жана кожо көрсүн аракети: Карыздар, коррупция”, “Кыргызстандын алтыны жоголду: Миллиондорду ким алды?”) тиркелген.

Бирок, медиа белгилегендей, алардын бардыгы "Темиров Лайв" каналына таандык жана бул видеолор эч бир форматта "Клооп Медиадан" чыккан эмес.

"Бир дагы материалга шилтеме жок экенин көрдүк"

“Клооп Медианын” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин соттун өкүмүн “киши жегичтикке” теңеп, акылга жана логикага сыйбас деп атаган. Ал мурдагы операторлор жаңы кармалып, тагылып жаткан айыпты өзүнө алышкан учурда жанында бир да жактоочусу болбогонун, адвокаттарды жолотпой коюшканын белгилеп, коюлган кинеге алардын эч тиешеси болбогону сотто далилденгенин айткан:

Ринат Тухватшин
Ринат Тухватшин

“Ишти дыкат карап чыкканыбызда анда “Клоопко” жарыяланган бир дагы материалга шилтеме жок экенин көрдүк. Ал жерде Болот Темировдун беш материалы тууралуу сөз болот экен, аларга биздин айыпталып жаткан кызматкерлерибиздин таптакыр тиешеси болгон эмес. Ал материалдар “Клоопко” эч качан чыккан эмес. Ошого карабастан аларды реалдуу мөөнөткө соттоп жатышат”.

"Клооп Медианын" башкы редактору, учурда чет өлкөдө жашап жаткан Анна Капушенко Болот Темиров эч качан "Клооп Медианы" каржылабаганын жана басылма ар дайым каржылык документтерин ачык-айкын көрсөтүп келгенин кошумчалаган. Анын айтымында, Темировдун аты аталган бир дагы келишим жок.


Болот Темиров бийликти сындаган бир катар иликтөөлөрү менен белгилүү журналист. Ал 2022-жылы ноябрда "паспорту мыйзамсыз" деген негизде соттолуп, дароо өлкөдөн күчтөп чыгарылган.

9-сентябрда "Клооп Медиа" боюнча соттук отурумда Темировдун материалдарына лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер Таалайбек Абдыкожоев менен Айдин Өмүрзаков көрсөтмө берген. Алар Болот Темировдун иликтөөлөрүндө “Клооп Медиа” тууралуу маалымат жок экенин айтышкан.

Прокурордун жүйөсү

6-августтагы отурумда прокурор “Клооп Медиа” сот аркылуу жабылгандан улам анда иштөө мыйзамсыз экенин белгилеп, ага карабай басылма Кыргызстандын бийлигин каралоо жана коомчулукта башаламандык чыгарууга чакырган материалдарды жарыялап келген деп билдирген. Ал Дуулатов менен Александров “Клооп Медианын” тапшырмаларын аткаруудан сырткары Болот Темиров менен кызматташканын белгилеген:

“Дуулатов менен Александров Кыргызстандын сыртында жайгашкан, деструктивдүү видео контент уюштуруп жаткан фонддун жетекчилеринин – фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин жана редактору Анна Капушенконун тапшырмасы менен Болот Темировдон алынган видеолорду монтаждап, биргеликте жасалган материалдар медиа мейкиндигинде жарыяланган. Анын ичинде “Байлар эт жейт, кедейлер доширак жейт”, “Жапаровдор алтынды Кипрге чыгарууда”, “Ысырапкорчулук жана репрессия: Бийлик кантип биздин оозубузду жабууда?”, “Жапаровдордун калпы жана кожо көрсүн аракети: Карыздар, коррупция”, “Кыргызстандын алтыны жоголду: Миллиондорду ким алды?” деген материалдарды чогуу жарыялашкан. Соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жогоруда айтылган иликтөөлөр жогорку бийлик өкүлдөрү жөнүндө терс маалыматтарды камтыйт деп табылган. Башкача айтканда “жапырт каршылык билдирүүгө, жапырт башаламандыкка жана бийликти алмаштырууга” жасалган чакырыктардын белгилери аныкталган”.

Дуулатов менен Александров кармалган күндөрү, 28-29-майда Ошто жана Бишкекте “Клооптун” иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери, алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.

“Клооп” тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.

20-июлда “Манас” аэропортунда “Клооптун” мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилген.

Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн.

30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Темиров мындай айыптоону четке каккан.

УКМК: Алар оор кылмыш жасаган

Мурдагы эки оператор менен эки бухгалтерге каршы кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 40-беренеси (Кылмышты аткаруучу) жана 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен козголгон.

Бул айыптоонун негизинде беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү жүргүздү.

Тергөөчү чыгарган айыптоо актынын текстин “Клооп” өзүнүн сайтына жарыялаган. Анда төртөө тең “оор кылмыш” жасаганы, “чындыкка дал келбеген маалыматты жайылтып, коомдук пикирди бурмалап, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды чыңалтуу жана жарандар арасында нааразылык маанайды көбөйтүү максатын көздөгөнү” белгиленген.

““Клооп Медиа” жана “Темиров Лайв” жарыялаган биргелешкен иликтөөлөрдө өлкө жетекчилиги тууралуу анык эмес маалыматтар, негизсиз сын камтылган. Деструктивдүү күчтөрдү жапырт башаламандыкка козутуу, бийликти күчтөп басып алууга ачык чакыруу максаты көздөлгөн”, - деп жазылган айыптоо актында.

Анда операторлор мына ушундай мазмундагы видео материалдарды даярдап, жайылтканы, ал эми бухгалтерлер алардын кызматы үчүн акы төлөө ишин уюштурганы үчүн айыпталып жатканы жазылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда "Kloop Media - Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Клооп" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда.

“Клооп Медиа” басылмасынын негиздөөчүлөрүнө козголгон кылмыш иши өзүнчө тергелип жатканы маалым болгон.

Эл аралык уюмдардын ишти калыс кароо чакырыгы

Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын “Чек арасыз кабарчылар” (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырып келишти.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) “Клооп” порталынын мурдагы операторлору Александр Александров жана Жоомарт Дуулатовго карата сот чечимин айыптап, аларды бошотууга чакырган. Уюм 17-сентябрда тараткан билдирүүсүндө эки операторду беш жылга кесүү боюнча чечимди абсурд деп атап, "кыргыз бийлиги жогорку деңгээлдеги коррупция тууралуу чагылдырган медиалардын оозун басуу үчүн кандай кадамдарга барарын көрсөттү” деп жазган.

Уюм Кыргызстан "эркин медианын уясынан журналисттерди аткарган иши үчүн абакка камаган өлкөгө айланды" деп, кыргыз бийлигин Жоомарт Дуулатовду, Александр Александровду жана Temirov Live медиасынын камактагы директору Махабат Тажыбек кызын абактан бошотууга чакырган.

27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Клооп", "Темиров Лайв" жана "Айт Айт Десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG