Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:54

"Абакка адилетсиз кесилишти". "Клооптун" мурдагы операторлоруна сот өкүмү, эл аралык уюмдардын реакциясы


Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов.
Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооп Медианын” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести.

"Өкүмдү мыйзамсыз деп эсептейбиз"

Алардан тышкары басылманын эки эсепчисин да айыптуу деп таап, беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырды. Мындай өкүмдү райондук соттун судьясы Чолпонай Үмөталиева чыгарды.

Прокурор операторлорду сегиз жылдан, эки эсепчини алты жылдан абакка кесүүнү сураган.

Адвокаттар тергөөдө коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, баарын актоону өтүнгөн.

Жактоочу Кайсын Абакиров райондук соттун бул өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берилерин айтты:

“Соттун өкүмүн мыйзамсыз деп эсептейбиз. Анткени сот бир да далил жок эле ушундай чечим чыгарып койду”.

17-сентябрдагы отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгып, айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Дуулатов да, Александров да аларга тагылган күнөөнү мойнуна албай тургандарын айтып, "мойнубузга алабыз" деген баштапкы көрсөтмөнү басым алдында, адвокатсыз беришкенин кайталашты.

16-сентябрда алар мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартышкан. Жаңы кармалганда адвокаты жок, басым алдында жана "бошотобуз" деген убададан кийин аргасыз макул болгонун айтышкан. Иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан эсепчилер дагы журналисттик иликтөө даярдоого аралашпаганын билдирген. Сотто көрсөтмө берип жатып Жоомарт Дуулатов УКМКда сурак адвокатсыз өткөнүн, мажбурлоо да болгонун билдирген:

“Ушул тапта мен күнөөнү мойнума албайм. Биринчи жолу, чынымды айтсам, коркконумдан мойнума алгам. Тергөө изоляторуна биринчи жолу түшкөм. Тергөө тарабынан "Мойнуңа алсаң эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үй камагына чыгасың" деген сунуш болгон. Темир тор артына отуруп калуудан коркуп мойнума алгам”.

Тергөөдө жазылган баштапкы көрсөтмөсүнөн ушундай эле жүйөдө баш тартып, тагылган күнөөнү мойнуна албай турганын Александр Александров да айткан:

"Иштин материалдарында мен видеого тартып, монтаждаганымды айткан көрсөтмөм бар. Бирок, чындыкты айткым келет, мен андай кылган эмесмин. Ушундай көрсөтмө берсем мени үй камагына чыгарууну сунушташкан. Мындай учурга биринчи жолу туш болуп жатам, мурда соттолгон эмесмин, үй-бүлөм бар. Ошондуктан коркконумдан ушундай көрсөтмө берип, өзүмдү күнөөлүү катары көрсөтүүгө туура келди. Бирок мен иште көрсөтүлүп жаткан эмне видео экенин билбейм дагы, тарткан дагы, монтаждаган дагы эмесмин. Болот Темиров менен жеке тааныштыгым жок, аны менен жазышкан дагы, байланышкан дагы эмесмин".

Александров менен Дуулатовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда кармап, үйлөрүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондон бери атайын кызматтын абагында отурушат.

"Клооптун" маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишине бийликтин дарегине сын айтылган беш видео (“Байлар эт жейт, кедейлер доширак жейт”, “Жапаровдор алтынды Кипрге чыгарууда”, “Ысырапкорчулук жана репрессия: Бийлик кантип биздин оозубузду жабууда?”, “Жапаровдордун калпы жана кожо көрсүн аракети: Карыздар, коррупция”, “Кыргызстандын алтыны жоголду: Миллиондорду ким алды?”) тиркелген.

Бирок, медиа белгилегендей, алардын бардыгы "Темиров Лайв" каналына таандык жана бул видеолор эч бир форматта "Клооптон" чыккан эмес.

"Бир дагы материалга шилтеме жок экенин көрдүк"

“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин соттун өкүмүн “киши жегичтикке” теңеп, акылга жана логикага сыйбас деп атады. Ал мурдагы операторлор жаңы кармалып, тагылып жаткан айыпты өзүнө алышкан учурда жанында бир да жактоочусу болбогонун, адвокаттарды жолотпой коюшканын белгилеп, коюлган кинеге алардын эч тиешеси болбогону сотто далилденгенин айтты:

Ринат Тухватшин
Ринат Тухватшин

“Ишти дыкат карап чыкканыбызда анда “Клоопко” жарыяланган бир дагы материалга шилтеме жок экенин көрдүк. Ал жерде Болот Темировдун беш материалы тууралуу сөз болот экен, аларга биздин айыпталып жаткан кызматкерлерибиздин таптакыр тиешеси болгон эмес. Ал материалдар “Клоопко” эч качан чыккан эмес. Ошого карабастан аларды реалдуу мөөнөткө соттоп жатышат”.

Тухватшин “Клооптун” бардык кызматкерлерине азыр өтө эле оор болуп жатканын кошумчалап, бирок бул өкүм алардын иши эмне үчүн маанилүү экенин, эмне үчүн ишин уланта бериши керек экенин көрсөткөнүн кошумчалады:

“Кандай болгондо да биз ишибизди уланта берүүгө аракет кылабыз. Колдоп жатканыңыздарга ыракмат. Биз күрөшүбүздү, өлкөбүздө болуп жатканды чагылдырууну уланта беребиз”.

"Клооптун" башкы редактору, учурда чет өлкөдө жашап жаткан Анна Капушенко сот иши боюнча "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, башында эле операторлордун ал видеолорго тиешеси жоктугу белгилүү болгонун, сот адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатканын айткан:

"Мен сурактын бардыгы адвокатсыз өткөнүн белгилеп кетким келет. Ошондуктан басым болгон эмес деп айтуу кыйын. Туугандарын коркутушкан. Менин мурдагы кесиптештерим коркпой, чындыкты айтып чыкканы абдан кубандырды. Анткени башынан эле Болот Темировдун видеолоруна байланышы жок экени белгилүү болчу. Сотто эки эксперт суралды. Бири башаламандыкка чакыруунун белгилери жок экенин айтса, экинчиси бар деп эсептей турганын билдирген".

Анна Капушенко Болот Темиров эч качан "Клоопту" каржылабаганын жана басылма ар дайым каржылык документтерин ачык-айкын көрсөтүп келгенин кошумчалады. Анын айтымында, Темировдун аты аталган бир дагы келишим жок.


Болот Темиров бийликти сындаган бир катар иликтөөлөрү менен белгилүү журналист. Ал 2022-жылы ноябрда "паспорту мыйзамсыз" деген негизде соттолуп, дароо өлкөдөн күчтөп чыгарылган.

9-сентябрда "Клооп" боюнча соттук отурумда Темировдун материалдарына лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер Таалайбек Абдыкожоев менен Айдин Өмүрзаков көрсөтмө берген. Алар Болот Темировдун иликтөөлөрүндө “Клооп” тууралуу маалымат жок экенин айтышкан.

Прокурордун жүйөсү

6-августтагы отурумда прокурор “Клооп Медиа” сот аркылуу жабылгандан улам анда иштөө мыйзамсыз экенин белгилеп, ага карабай басылма Кыргызстандын бийлигин каралоо жана коомчулукта башаламандык чыгарууга чакырган материалдарды жарыялап келген деп билдирген. Ал Дуулатов менен Александров “Клооп” медиасынын тапшырмаларын аткаруудан сырткары Болот Темиров менен кызматташканын белгилеген:

“Дуулатов менен Александров Кыргызстандын сыртында жайгашкан, деструктивдүү видео контент уюштуруп жаткан фонддун жетекчилеринин – фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин жана редактору Анна Капушенконун тапшырмасы менен Болот Темировдон алынган видеолорду монтаждап, биргеликте жасалган материалдар медиа мейкиндигинде жарыяланган. Анын ичинде “Байлар эт жейт, кедейлер доширак жейт”, “Жапаровдор алтынды Кипрге чыгарууда”, “Ысырапкорчулук жана репрессия: Бийлик кантип биздин оозубузду жабууда?”, “Жапаровдордун калпы жана кожо көрсүн аракети: Карыздар, коррупция”, “Кыргызстандын алтыны жоголду: Миллиондорду ким алды?” деген материалдарды чогуу жарыялашкан. Соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жогоруда айтылган иликтөөлөр жогорку бийлик өкүлдөрү жөнүндө терс маалыматтарды камтыйт деп табылган. Башкача айтканда “жапырт каршылык билдирүүгө, жапырт башаламандыкка жана бийликти алмаштырууга” жасалган чакырыктардын белгилери аныкталган”.

Дуулатов менен Александров кармалган күндөрү, 28-29-майда Ошто жана Бишкекте “Клооптун” иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери, алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.

“Клооп” тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.

20-июлда “Манас” аэропортунда “Клооптун” мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилген.

Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн.

30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Темиров мындай айыптоону четке каккан.

УКМК: Алар оор кылмыш жасаган

Мурдагы эки оператор менен эки бухгалтерге каршы кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 40-беренеси (Кылмышты аткаруучу) жана 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен козголгон.

Бул айыптоонун негизинде беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү жүргүздү.

Тергөөчү чыгарган айыптоо актынын текстин “Клооп” өзүнүн сайтына жарыялаган. Анда төртөө тең “оор кылмыш” жасаганы, “чындыкка дал келбеген маалыматты жайылтып, коомдук пикирди бурмалап, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды чыңалтуу жана жарандар арасында нааразылык маанайды көбөйтүү максатын көздөгөнү” белгиленген.

““Клооп Медиа” жана “Темиров Лайв” жарыялаган биргелешкен иликтөөлөрдө өлкө жетекчилиги тууралуу анык эмес маалыматтар, негизсиз сын камтылган. Деструктивдүү күчтөрдү жапырт башаламандыкка козутуу, бийликти күчтөп басып алууга ачык чакыруу максаты көздөлгөн”, - деп жазылган айыптоо актында.

Анда операторлор мына ушундай мазмундагы видео материалдарды даярдап, жайылтканы, ал эми бухгалтерлер алардын кызматы үчүн акы төлөө ишин уюштурганы үчүн айыпталып жатканы жазылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда "Kloop Media - Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Клооп" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда.

“Клооп Медиа” басылмасынын негиздөөчүлөрүнө козголгон кылмыш иши өзүнчө тергелип жатканы маалым болгон.

Эл аралык уюмдар ишти калыс кароого чакырууда

Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын “Чек арасыз кабарчылар” (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырып келишет.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) “Клооп” порталынын мурдагы операторлору Александр Александров жана Жоомарт Дуулатовго карата сот чечимин айыптап, аларды бошотууга чакырды. Уюм 17-сентябрда тараткан билдирүүсүндө эки операторду беш жылга кесүү боюнча чечимди абсурд деп атап, "кыргыз бийлиги жогорку деңгээлдеги коррупция тууралуу чагылдырган медиалардын оозун басуу үчүн кандай кадамдарга барарын көрсөттү” деп жазды.

Уюм Кыргызстан "эркин медианын уясынан журналисттерди аткарган иши үчүн абакка камаган өлкөгө айланды" деп, кыргыз бийлигин Жоомарт Дуулатовду, Александр Александровду жана Temirov Live медиасынын камактагы директору Махабат Тажыбек кызын абактан бошотууга чакырды.

Кесиптештердин пикири

Журналист Мирлан Дүйшөнбаев ар бир аракеттин артында жоопкерчилик бар экенин белгилеп жатат:

"Жөндөн жөн эле асмандан, абадан алып жүйө келтирип, айыптоо корутундуларын токубайт да. Демек ошонун чындыгы бар да. Эгер атайылап мамлекеттеги саясий абалды бузууга, туруктуулукка, элдин тынчтыгына каршы деструктивдик максатта жасалган болсо элге каршы багытталган кылмыштын белгилерине жетишерлик эле. Андай иш-аракети үчүн мыйзамдык негизде чара көрүлүшү керек. Беш жылды деле жөн эле чыгарбаса керек, анын баарын деле өтөбөйт да. Убактылуу кармоочу жайда отурган күндөр дагы ошого кирип кетет. Бул сыртка чыгып кетип ал жактан деле иш жүргүзүп жатса бул жактагы көз-кулак болуп, жардам берип тургандарга дагы коңгуроо деп эсептейм. Муну сыртта жүрүп ар кандай аракеттерге баргандарга дагы ишарат, эскертүү катары кабыл алсак болот".

Ал эми журналист Асел Сооронбаева өлкөдө журналистика менен алектенүү кооптуу болуп калды деп эсептейт. Ал Кыргызстандын сыртында жүрүп журналисттик иликтөө жасаган медиаресурстар менен кыргыз бийлигинин ортосунда тиреш болуп жаткандай деген пикирде:

Асел Сооронбаева
Асел Сооронбаева

"Мына ошол тиреште жаш оператор балдар жөн жерден садага чабылып кетти. "Клооп" Кыргызстандагы дүйнөлүк тренддерди өздөштүрүп, дүйнөлүк медиа чөйрөдө салмагы, аты бар беделдүү басылма экени талашсыз. "Клооп" Кыргызстанда иштеп жүргөндө журналисттик иликтөө, дата журналистика, аналитика деген сыяктуу жанрлар боюнча материал даярдоодо көптөгөн ЖМКлардан алдыда болчу. Мындан тышкары күчтүү журналисттерди таптап чыгарууда дагы чоң мектеп болуп бере алды. "Клооп" өлкөдө ликвидация болгондон кийин сыртка чыгып ишмердүүлүгүн улантууга мажбур болгон. Албетте, курч журналисттик иликтөөлөр үчүн куугунтук болот деген тобокелдик дайыма бар, болуп келген. Ал эми жаш операторлор, пробация көзөмөлүндөгү улгайган эсепчилер ушул системанын курмандыгы болуп калды".

"Фергана.ру" басылмасынын башкы редактору, Борбор Азия боюнча эксперт Даниил Кислов соттун өкүмүн азыркы бийликтин тушунда "Кыргызстандагы көз каранды эмес журналистикага жасалган басымдын кезектеги бөлүгү" деп жазды.

"Бул иш сын материалдарды жарыялаган прессаны жок кылуу боюнча чоң кампаниянын бир бөлүгү гана. Алгач Темиров өлкөдөн чыгарылды, андан кийин "Клоопту" жоюу чечими чыкты, сайты жабылды, эми башка бирөөнүн материалы үчүн техникалык адистер менен бухгалтерлерди камап жатат", - дейт Кислов.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков медиа тармагында иштегендеге оор жаза берилген биринчи учур эмес экенин белгилөөдө. Ал соңку жагдай иликтөө журналистикасын ого бетер алсыратат деген ойдо:

Нурдин Дүйшөнбеков
Нурдин Дүйшөнбеков

"Видеолордун автору катары Темиров өзү дагы ал операторлордун эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Ага карабай, тилекке каршы, ушундай өкүм чыгып жатат. Негизи контент жаратууда операторлордун вазийпасы бөлөк. Ал өзү алып баруучу болуп, камеранын алдында турбагандан кийин, сөз сүйлөбөгөндөн кийин кандайча чакырык кыла алат деген суроо туулат. Жактоочулары деле ушул бойдон калып калбайт, апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылат деп күтүп жатабыз. Дагы деле болсо ал жактагы коллегия калыс чечимин чыгарат деп үмүт кылабыз, балким жумшартабы. Айла кеткенде ушундай үмүттөнүп жатабыз. Бул жерде прецедент жаралып жатат. Буга чейин алып баруучу же редактор, редакциянын жетекчилигине карата кылмыш иши же жарандык негизде иштер каралса, азыркыдай оператор жазаланган учур болгон эмес. Өзгөчө иликтөө журналистикасы акыркы 2-3 жылда ушундай нерселерге кайра-кайра кабылып жатат. Ушул жанр Кыргызстанда аксап баштады, мындан ары дагы алсырайт го деп ойлойм".


“Клооптун” мурдагы операторлору беш жылга кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:33 0:00

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG