Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International (“Эл аралык мунапыс”) эл аралык уюму “Клооп” медиасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровго чыккан сот өкүмүн айыптап, кыргыз бийлигин аларды эркиндикке чыгарып, Кыргызстанда көз карандысыз медиаларга басымды токтотууга чакырды.
Amnesty International уюмунун директорунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча орун басары Денис Кривошеев “Клооптун” иши Кыргызстанда сөз эркиндигине болгон кысымдын бир эле бөлүгү экенин, өлкөдө көз каранды эмес журналистикага басым акыркы 15 жылды алып караганда болуп көрбөгөндөй күчөгөнүн айтты.
17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Андан тышкары басылманын эки эсепчисин да беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырды.
Адвокаттар коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, актоону өтүнгөн. Абакка кесилген операторлордун кесиптештери соттун чечими эч негизсиз жана адилетсиз болгонун айтып, өлкөдөгү сөз эркиндигине чоң кысымдын белгиси катары сыпаттап жатышат.
“Клооп” 16-сентябрда Биринчи май райондук сотунда өткөн соттук отурумда Дуулатов менен Александров тергөөдө коюлган күнөөнү мойнуна алган мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартышканын жазган.
Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну четке каккан.
2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. (BTo)
Шерине