Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:15

Эгемендик: Экономикалык өсүш, саясий жүрүштөр, чек ара жана адам укуктары


Астана. Улуттук көк бөрү оюнчуларынын күйөрмандары Кыргызстандын желеги менен
Астана. Улуттук көк бөрү оюнчуларынын күйөрмандары Кыргызстандын желеги менен

Борбор Азияда саясий процесстерди эң көп башынан өткөргөн жалгыз өлкө - Кыргызстан бүгүн өзүнүн көз карандысыздыгынын 34 жылдыгын белгилеп жатат.

Чынында, Кыргызстандын жакын тарыхтагы саясий турмушун кыскача талдоо оңой эмес. Чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө отуз жылда болгону эки президент алмашса, Кыргызстанды алтынчы президент башкарууда. Алардын үчөө элдик толкундоолордун арты менен бийликтен кетип, айрымдарына кылмыш иштери да козголгон.

“Эгер Борбор Азия мамлекеттеринин саясий өнүгүүсүнө көз жүгүртсөк, Кыргызстан чейрек кылым ичинде чоң тажрыйба топтоду. Түрдүү башкаруу ыкмаларын сынап көрдү, көп жол басты. Ошондуктан азыр өлкөдө саясий коркунучтар менен чакырыктарга белгилүү бир иммунитет калыптанды”,дейт талдоочу Эрлан Камалов.

Саясий сериалдай...

Кезинде “демократия аралчасы” деп сыпатталган Кыргызстанда бүгүнкү реалдуулук башкача. Туруктуулукка жеткенче өлкө ушунчалык татаал саясий процесстерден өткөндүктөн, айрымдар аны узун сериалга да салыштырат: ар бир “сезондо” жаңы президент, жаңы окуялар.

Мисалы, алгачкы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийликтен кетиши нааразылыктар, революциялар жана курмандыктар менен коштолгон. Бир жылдан ашуун мамлекетти Роза Отунбаева башкарып, аймактагы жалгыз аял президент катары тарыхта калды. Андан кийин Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков бийликте болушту. Кыскасы, президенттер алмаша берди, бирок көйгөйлөр кала берди.

Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров.
Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров.

Чын эле бир фильмдин сериалындай, окуялар улам татаалдашып, маселелер чечилгис болуп көрүнөт, бирок күтүлбөгөндөй оюнчулар алмашат. 2020-жылдын күзүндөгү элдик толкундоолордун арты менен Кыргызстанда жаңы саясий мезгил башталды. Ошол учурда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров жана мурдагы бийликтин башкы сынчыларынын бири Камчыбек Ташиев саясий аренадагы башкы каармандарга айланышты. Бири президент, экинчиси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп ишке киришти. Эл арасында аларга карата “эки дос” деген аталыш кеңири колдонула баштады.

Көп жылдан бери уланып келаткан курч маселелердин чечилиши да ушул мезгилге туш келди: нааразылыктардын фонунда Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерине чекит коюлду, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы катуу күрөш башталды.

Бирок ошол эле учурда, бийликти ачык сындап келген жарандык активисттердин, оппозиция өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз журналисттердин үнү кыйла басаңдады. Коомдук жайларда пикет жана митингдерди уюштурууга соттун чечими менен чектөөлөр киргизилди.

Талдоочулар мамлекет демократия жолун акырындык менен “катуу тартиптеги” башкаруу моделине алмаштырып жатканын белгилешет. Мамлекеттик кызматкерлер арасында да, жөнөкөй эл арасында да Жапаров менен Ташиевди мактагандар көбөйүп, бийликке ашкере алкыш айтуу да реалдуулук болуп калды.

Экономикадагы өсүш жана талаштуу суроолор

Кыргыз коомунда азыркы саясий-коомдук абалга карата пикирлер эки түрдүү: айрымдар мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүү процесстерине ыраазы болсо, башкалар сөз эркиндигинин жана адам укуктарынын чектелишине тынчсызданышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда ички дүң продукция 11,5% өскөн. Жакырчылыктын деңгээли 2021-жылдагы 7% төмөндөп, 4,4% түзүүдө.

2022-жылы мамлекеттик көзөмөлгө кайтарылган Кумтөр кени экономикадагы негизги таянычка айланганын айтып келет. Президент Жапаров 28-августтагы сөзүндө акыркы үч жылда курулган мамлекеттик ипотекалык үйлөр, бала бакчалар, мектептер, сатып алынган аскердик дараметти чыңдоого жана башка заманбап техникага аталган кенден түшкөн акча жумшалып жатканын билдирген. Мурун негизинен Бишкек менен чектелген жаңы курулуштар азыр Ош, Жалал-Абад жана башка аймактарда да кеңейген. Өкмөттөгүлөрдүн “30 жылда мындай болгон эмес” деген сөздөрү социалдык тармактарда мемге да айланды.

Мамлекет башчысы 30-августта Жалал-Абад шаарындагы Эгемендик майрамы белгиленген расмий иш-чарада сүйлөгөндө, бийлик "жаңы Кыргызстанды куруу жолунда" экенин билдирди:

" Быйыл көз каранды эместиктин 34 жылдыгын белгилеп жатып, Кыргыз Республикасынын бардык чек арасы такталып бүткөндүгүн баса белгилеп айта кетейин. Өткөн жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата жүздөн ашуун социалдык жана өндүрүш объектилерин ишке киргизсек, мына быйыл Көз карандысыздык майрамынын 34 жылдыгына карата кечээ дагы 100 социалдык жана 60тан ашуун өндүрүш объектисин ишке киргиздик. Алар, албетте, өлкө экономикасына дем берип, элдин жашоосун жакшыртууга чоң салым кошот. Быйыл жылдын 7 айын мисалга тарта турган болсом, ички дүң продукциянын көлөмү 865,2 млрд сомду түзүп, 11,5 пайызга көбөйдү. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан чак. 2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча курулуштун өсүү темпи 137,8 пайыз болгонун баса белгилеп айта кетейин. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жети облуста тең үйгө муктаж жарандарыбызга үй куруп берүү саясатыбыз өз жолунда кетип баратат. Салынып бүткөн үйлөр кезекке турган жарандарыбызга четинен тапшырылууда".

Геосаясат жана коңшулардын моделине өтүү

Кыргызстандын геосаясий көрүнүшү да көп кырдуу. Өлкөнүн экономикасы бир жагынан Орусияга байланыштуу болгондуктан, эксперттер Кремлдин Бишкекке таасири дале күчтүү экенин белгилешет. Расмий маалыматтарга ылайык, жүз миңдеген кыргызстандык жаран Орусияда миграцияда жүрөт.

Ошол эле учурда, Кытай менен стратегиялык өнөктөштүк, айрыкча инфраструктура жана карыздар аркылуу бекемделүүдө. Батыш менен да кызматташтык бар, бирок ал негизинен каржылык жардам жана демократиялык реформаларды колдоого багытталат.

Кыргызстан акыркы жылдары Борбор Азиядагы коңшулары менен мамилелерди кыйла бекемдеди. Ошол эле учурда, саясий башкарууда да Бишкек акырындык менен коңшулардын моделине өтүп жатканы тууралуу пикирлер бар.

“Кыргызстанда автократияга карай олуттуу жылыш байкалууда. Өлкөнүн айрым артыкчылыктары регионалдык экономикадагы орду менен байланыштуу. Ошондой эле, Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкциялар да Кыргызстандын экономикасына таасир этүүдө. Айрыкча, жергиликтүү банктарга Орусиянын кызыкчылыктарын колдогону үчүн экинчи даражадагы санкциялар салынган. Кыргызстан регионалдык транзитте белгилүү роль ойноп жатканы менен, бул факторлор узак мөөнөттүү туруктуу экономикалык өсүштү камсыздай албайт”, - деп божомолдойт казакстандык эксперт Димаш Алжанов.

АКШ жана Британия Кыргызстандагы эки банкка санкция салган. Буга Орусия менен байланыштуу каржылык маселелер себеп болгону айтылган.

Президент Садыр Жапаров 21-августта бул маселеде пикирин билдирип, банктарды көз карандысыз аудиторлор аркылуу текшерүүнү сунуштаган. Ал ички дүң продукциядагы 11,7% өсүш эл аралык басымга себеп болуп жатканын болжолдоп, экономикалык байланыштарды саясий кысымга айлантпоого чакырган.

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын азыркы саясатындагы таасирдүү жетекчиге айланды.
Камчыбек Ташиев Кыргызстандын азыркы саясатындагы таасирдүү жетекчиге айланды.

Коррупцияга каршы катаал күрөштүн башталышы

Бийлик коррупцияга каршы күрөш - өкмөттүн саясатынын маанилүү багыты экенин жарыялады. Эл арасында “Кустуризация” деп жайылган ыкманын алкагында айрым аткаминерлер камалып, мамлекетке ири суммадагы каражаттарды кайтарууга мажбур болушту.

Журналисттик иликтөөлөрдө чоң коррупция менен аты чыккан, бирок мурдагы бийликтер олуттуу көңүл бурбаган миллионер, Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов жана башка бир катар кызмат адамдары камалып, миллиарддаган сом мамлекетке кайтарылганы жарыяланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын жети айынын жыйынтыгында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер арасында ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээлегенин жарыялады.

Экономикалык талдоочу Эрлан Камалов мамлекет көңүл бурушу керек болгон жагдайлар бар экенин белгилейт:

“Экономикалык жактан Кыргызстан азыр калыбына келүү баскычында, өсүү башталды. Бул жерде негизги ролду мамлекеттин инвестициясы ойноодо, башкача айтканда, өкмөт экономикада башкы оюнчу катары катышууда. Бул - оң көрүнүш, бирок татаал ыкманы талап кылат: акча менен инфляция дайыма кошо жүрөрүн унутпаш керек. Ошондуктан айлык акыны тезирээк көбөйтүү жана экспортту күчөтүү зарыл. Себеби азыр импорт менен экспорттун айырмасы үч эседен да көп.

Өкмөт болсо айлык акыларды жана пенсияларды баскычы менен көбөйтүп жатканын айтып келет.

Жыйын учурундагы кармоолор

2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин Кыргызстан парламенттик-президенттик башкарууга өткөн жана бул системаны тандаган Борбор Азиядагы жападан-жалгыз мамлекет болгон. Бирок 2021-жылдагы реформалардан соң өлкө кайрадан президенттик башкарууга өтүп, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары күчөтүлдү. Байкоолорго караганда, бүгүнкү күндө парламентте президенттин саясатына сын айтылбайт, депутаттар негизинен мамлекет башчысынын дээрлик бардык сунуштарын колдошот.

Кыргыз саясатындагы дагы бир тенденция - президент Садыр Жапаров же атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик мекемелерде ишинде кемчилиги бар жетекчилерди катуу урушкан учурлар көбөйдү. Жыйын маалында эле аткаминерди камакка алуу тажрыйбасы пайда болду.

Эл аралык уюмдар Кыргызстанда адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдүн өсүп жатканына тынчсызданууда. Маселен, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдын кабыл алынышы, бир катар активисттер менен саясатчылардын, журналисттердин камалышы эл аралык уюмдардын камтамачылыгын жараткан. Бишкек бул аракеттерди өлкө ичиндеги туруктуулукту бекемдөө багытындагы кадам катары түшүндүргөн.

Кыргызстан дүйнөлүк сөз эркиндиги рейтингинде да бир нече баскыч артка жылды. Айрым көз карандысыз интернет-басылмалар жабылды, кээ бир журналисттер менен блогерлерге карата кылмыш иштери козголуп, камакка алынгандар болду.

2024-жылы жапырт кармалган журналисттердин портреттери. Алар ар кандай шартта бир нече айлардан кийин бошотулду. Мындан тышкары учурда айрым медиа кызматкерлери камакта.
2024-жылы жапырт кармалган журналисттердин портреттери. Алар ар кандай шартта бир нече айлардан кийин бошотулду. Мындан тышкары учурда айрым медиа кызматкерлери камакта.

“Акыркы жылдары Кыргызстан саясий кризистер аркылуу белгилүү мандатка ээ болуп, Конституцияны өзгөрттү жана президенттин ыйгарым укуктарын күчөттү. Бул багытта өтө ыкчам кадам таштап, Казакстан менен Өзбекстандын деңгээлине жетти. Оппозициялык үндөр басылды, саясий атаандаштар четтетилди. Бул процесстин узак мөөнөттүү кесепеттери олуттуу: өлкө бай эмес, калктын бир бөлүгү аз камсыз болгон катмарга кирет. Бул болсо көз карандысыз саясий жана жарандык институттардын калыптанышына тоскоолдук жаратат, коом болсо көйгөйлөргө натыйжалуу чечим табууда кыйналат. Автократия коомду басаңдатса, анын кесепеттери келечекте сөзсүз сезилет”, - дейт Димаш Алжанов.

Президент жана өкмөттүн расмий өкүлдөрү активисттер менен эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүнө жооп кылып, өлкөдө сөз эркиндиги жана көз карандысыз журналистика бар экенин белгилеп келишет. Ошол эле учурда расмийлер “сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалангандар” сот алдында жооп бериши керектигин дайыма эскертишет.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов эл аралык рейтингдерде сөз эркиндиги жана башка маселелер боюнча артка кетүүгө өкмөт терикпей турганын буга чейин "Азаттыкка" билдирген:

"Биздин башкы максатыбыз - элибиздин жашоо-турмушун оңдоо. Ошол бизге негизги критерий. Биздин эң негизги кожоюнубуз – улуу кыргыз эли жана ошондуктан алардын баасы бизге маанилүү. Өзүңүздөр да байкап жатасыздар, сырттан болгон рейтингдерди мурда каржылап келген өкмөт азыр баарын жоюп, “бул эч кандай туура эмес, адамзаттын турмушуна кереги жок” деп жатат. Бир да мамлекетти башкага салыштырууга болбойт. Ар биринин өзүнүн уникалдуу, суверендүү мамлекети, орду, көздөгөн максаттары бар. Ошондуктан биз андай рейтингдерге терикпейбиз. Бизде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болуп жатса, ал жакырчылык маселеси. Кудай буюрса, президентибиздин көздөгөн амбициялуу пландары боюнча келерки 10-15 жылдын ичинде 4-5 эсе жакшыраак жашасак, бардык көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзүлөт."

Бирок ошол эле учурда сөз эркиндиги жана аны кыянаттык менен пайдалануунун чеги кайда экени талаш маселе бойдон калууда.

Чек ара маселеси чечилди

Кыргызстандын азыркы бийлигинин тушунда аткарылган маанилүү иштердин бири - Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелеринин чечилиши болду. Айрыкча, Тажикстан менен чек ара талаштары көп жылдар бою курч турган. Кандуу кагылышуулар тез-тез кайталанып, эки тараптан күнөөсүз жарандар курман болгон. Бир нече жылга созулган татаал жараянга 2025-жылдын жазында расмий чекит коюлуп, чек аралар такталып, келишим жарыяланды.

"Чек ара маселелеринин чечилиши Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда чыныгы интеграцияга жол ачты деп ойлойм. Бул оң кадам. Бүгүнкү күндө биздин регион көз карандысыз жана күчтүү геосаясий субъект катары калыптанып жатканы - үмүт жараткан белги", - дейт талдоочу Адил Турдукулов.

2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан да чек ара маселеси толук чечилгенин жарыялашкан. Мурун жабылган чек ара пункттары ачылып, автоунаа менен каттоого уруксат берилген. 2024-жылдан тарта эки өлкөнүн жарандары чек ара көзөмөл пунктунан ички паспорт - ID-карта менен өтө башташты. Эки өлкө ортосунда туризм жанданды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттардын биринин ачылышы. Июль, 2025-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттардын биринин ачылышы. Июль, 2025-жыл.

Мамлекеттик символдордун өзгөрүшү

Акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик символдорго да олуттуу көңүл буруу башталган. 2023-жылы мамлекеттик желектеги күндүн нурларынын формасы өзгөртүлүп, бул коомдо ар кандай талаш-тартыштарга себеп болду, каршы чыккан айрым жарандар камакка алынган. Президенттик администрация үчүн жаңы имарат курулду. Азыр мамлекеттик гимнди да алмаштыруу аракети көрүлүп жатат. Өкмөт бул процессти өлкөнүн жаңы жүзүн калыптандыруу багытындагы кадам катары түшүндүрөт.

Садыр Жапаров Борбор Азиядагы башка лидерлерден айырмаланып, социалдык тармакта активдүү. Ал кээде Фейсбук аркылуу элге кайрылып, айрым маселелерди коомдук талкууга коёт. Кээде күтүүсүздөн карапайым эл жашаган үйлөргө барып, көчөдө адамдар менен сейилдеп, таштанды терип, футбол ойнойт жана башка кызматкерлерди да топ тебүүгө чакырат.

Дээрлик апта сайын улуттук “Кабар” агенттигинде актуалдуу суроолорго жооп берет. Интервью түз эфирде эмес, текст түрүндө жарыяланат.

Садыр Жапаров футбол ойноп жаткан учур.
Садыр Жапаров футбол ойноп жаткан учур.

Талдоочулардын пикирлерине караганда, Кыргызстан азыр саясий кесилиште тургандай: бир жагында катуу тартип, экинчи жагында адам укуктары. Бийлик тартипти жана туруктуулукту артык көрүп, көзөмөлдү күчөтүүгө умтулат. Ошол эле учурда коомдо сөз эркиндигинин кепилдиктерине болгон талап да бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG