Кыргыз өкмөтү экономиканы алдыга жылдыруу багытында, өзгөчө өндүрүш тармагын өнүктүрүүдө Кытайды “шыктандыруучу кошуна” катары көрөрүн жашырбайт. Мындай зор ынтызарлык президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчылардан тарта министр, облус башчыларына чейинки аткаминерлердин иш-аракеттеринен даана байкалат. Соңку кездери Кыргызстандын экономикасында Кытай долбоорлору бир кыйла көбөйдү.
Кытай – башкы соода өнөктөш
Кыргызстандын тышкы соодасында Кытай эң башкы өнөктөш – дүйнө менен жалпы соода алакасынын 35% ээлейт. Бээжиндин эсебинде 2024-жылы Кытай–Кыргызстан соодасынын көлөмү 22,7 млрд доллар болгон. Кыргыз статистикасы бул санды 5,6 млрд доллар деп көрсөтөт. Анын 98% Кытайдан келген импорт болуп эсептелет.
Президент Садыр Жапаровдун февраль айындагы Бээжинге болгон мамлекеттик сапарында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Жапаров Си Цзиньпин менен жолукканда Кыргызстан Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгесин жогору баалай турганын жана анын алкагында масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экенин билдирди. “Синьхуа” агенттигине маек куруп жатып кыргыз-кытай кызматташтыгынын “алтын доору” жүрүп жатканын белгиледи.
“Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет. Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди. 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү, бажы органдарынын маалыматы боюнча, 22,71 млрд АКШ долларына жеткен”, - деди президент.
Жапаров өз ара соода алаканын өсүп жатканын Кыргызстандын расмий статистикалык маалыматтарына эмес, Кытайдын Бажы башкармалыгынын эсебине таянып көрсөттү. Бул жаатта Бээжиндин маалыматтары адатта Бишкектикинен 4 эсеге чейин көп болуп чыгары белгилүү.
Тараптар соода алаканын көлөмүн 2030-жылга карата 45 млрд долларга жеткирүү максатын жарыялашты. Товар ташууда буга чейин Торугарт жана Эркештам жолдору колдонулуп келген болсо, былтыр Бедел ашуусунда дагы бир бажы бекетин ачууга бел байлашты. Эки тарап Барскоон–Бедел–Үчтурпан–Аксуу автожолун курууга ынтызар болуп жатышат. Кытай бийлиги Бедел өткөрмө бекетин заманбап кылып куруу үчүн 41 млн доллар гранттык каражат бермей болду. Мында Ысык-Көл аймагы аркылуу Кытайга үчүнчү дарбаза ачылат.
Жолдун узундугу 685 чакырымды түзүп, анын Барскоондон Беделге чейинки 58 чакырымы Кыргызстан тарапта жайгашкан. Салыштыруу үчүн, Кашкар–Торугарт–Бишкек жолу 1160 чакырымга созулат.
Расмий маалыматтар боюнча Кытайдан жүк ташууда Бедел ашуусу аркылуу келген жол Торугартка караганда 430 чакырым жакыныраак болот.
“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов жакында УТРКга маек куруп жатып Ысык-Көлдү айланган темир жол куруу долбоору башталып жатканын билдирди. Өз сөзүндө ал Кытай бийлиги автожол менен катар Бедел аркылуу Балыкчыга чейин темир жол салууну демилгелеп жатканын белгиледи:
“Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолун куруу долбоорунда турат. Бизге америкалык компания келген. Бүгүнкү күндө инвесторлордун кызыгуусу өтө чоң. Жакында эле СУАРдын өкүлчүлүгү келип “биз Аксуудан Бедел өтмөк жолун салып, Кыргызстанга жол ачалы, темир жолду дагы Балыкчыга чейин улантып, пландаштырбайлыбы” деп демилге кылып кетти. Ал кишинин ошол демилгесин биз дагы колдоп, азыркы күндө иш аракеттерибизди акырындан кылуудабыз”.
Экономика боюнча талдоочу Нургүл Акимова Кытайдан кирген арзан товардын агымынын көбөйүшү жана кытай компанияларынын үстөмдүгү жергиликтүү кичи жана орто бизнести кысып чыгаруу коркунучун туудуруп жатканын айтат. Ал жеңил өнөр жайда кытай товарлары базарды толтуруп, атаандаштыкка туруштук берүү кыйын болуп каларын белгилейт:
“Эгер Кыргызстандын рыногу толугу менен кытай экспортуна көз каранды болуп калса, ички өндүрүш өнүгө албай, жумушсуздук маселеси чечилбей калышы ыктымал”.
Башкы долбоор – Кытай–Кыргызстан– Өзбекстан темир жолу
Кайсы жагынан карабайлы, азыркы учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуп башталышы кыргыз-кытай алакасынын эң урунттуу жетишкендиги катары сыпатталууда.
Узак жылдардан берки оош-кыйыштар коштогон даярдыктардан кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна акыры 27-декабрда расмий старт берилди. Темир жол Кыргызстандын казынасы үчүн бир кыйла киреше алып келиши мүмкүн. Бир жагынан транзит үчүн жылына 200-300 млн доллар алым алынса, экинчи жагынан кыргыз товарларынын Европа рыногуна түз чыгышына чоң жол ачылат. Кыргыз президенти Садыр Жапаров бул долбоордун маанисин мындайча белгилеген:
“Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ. Биринчиден, аталган темир жолдун курулушу өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары биздин ролубуз бекемделет. Жүк ташуу көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден, аталган долбоор өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Жаңы инфратүзүм аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, алыскы райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшырат. Бул жол бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат”.
Долбоордун сметалык наркы 4,7 млрд доллар деп бааланган. Анын жарымына насыя алып, калганын үчөө тең чыгармай болушту. Кытайдын 51%, Кыргызстан менен Өзбекстандын ар биринин 24,5% үлүшү менен “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жол компаниясы” түзүлгөн.
Темир жол долбоорунун башталышы жана Кытай инвестициялык долбоорлорунун көбөйүшү менен кытайлык жумушчулардын карааны арбып, Ак-Талаа жакта жашаганга үйлөрдү жапырт ижарага алып жатышканын жергиликтүү тургундар кабарлоодо. Мындай көрүнуштөр башка аймактарда да, Бишкекте да бир кыйла көп кездешип жатканы байкалат.
Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова кытай долбоорлорунда жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо боюнча маселе бар экенин айтат.
“Көп учурда ири курулуш долбоорлорунда инженердик-техникалык курамдан тартып кара жумуштагыларга чейин Кытайдан өздөрүнүкүн алып келишет деген пикир кеңири жайылган. Чындыгында, кээ бир объектилерде жумушчулардын олуттуу бөлүгүн кытай жарандары түзөт (мисалы, жол курууда же тоо кен тармагында). Бул жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратып, “биздин жумушту тартып алышты” деген түшүнүккө алып келет. Андан сырткары, кытай жумушчуларынын келиши менен кошо социалдык-маданий тирешүү да жаралышы мүмкүн (мисалы, жашоонун шарттары, маданияттагы айырмачылыктар). Эгер жумушсуздук көйгөйү курч бойдон кала берсе, арзан кытай жумуш күчү рынокту толтуруп сала турган болсо, бул социалдык нааразычылыкты күчөтөт”.
Бул тапта Кытай саясатын изилдеген талдоочулар темир жол долбоорунда “Кытай үчүн эмне маанилүү?” деген суроого жооп издеген. Алар Бээжин тышкы саясатта жергиликтүү элитага таянган дипломатияга басым жасарын белгилешет.
“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кытай үчүн олуттуу мааниге ээ жана ал өз ара байланыштагы эки максатты көздөйт. Биринчиден, Бээжин геосаясий кызыкчылыктарын алдыга сүрөөгө ынтызар болсо, экинчиден, Шиңжаңдагы легитимдүүлүгүн колдогону үчүн борборазиялык элита менен жакшы мамилени камсыздоого умтулат”, - деген пикирин жазган ЕККУнун Бишкектеги академиясынын улук илимий кызматкери Нива Яу темир жол долбооруна арналган макаласында.
Эксперт ошол эле маалда Бээжиндин Кыргызстандагы экономикалык долбоорлору алардын жумушчуларынын санын көбөйткөндүктөн жергиликтүү коомдо кытай экспансиясынын инструменттери катары кабылданарын белгилейт.
Нива Яу Эл аралык республикалык институт үчүн жазган макаласында Кыргызстанда кытай компанияларынын катышуусундагы ири коррупциялык чуулар болуп турарына көңүл бурган. Соңку он жылда эле кытайлыктардын долбоорлоруна байланыштуу эки өкмөт башчы менен ири шаар мэрлери жоопко тартылган беш чуулгандуу окуя болгонун мисал келтирген.
Энергетикалык объектилер
2024-жылы Кыргызстанга кирген 873 млн доллар түз инвестициянын төрттөн бири (1/4) Кытайдан келди. Эксперттер Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгын көп тараптуу деп мүнөздөшөт.
Соңку 3-4 жылдан бери Кыргызстанда көп сандаган соода-логистикалык борборлор, тоо-кен жана энергетикалык долбоорлор да кытай компанияларынын же каржылоосунун алкагында башталып жатат.
Кыргыз өкмөтү алдыда “Камбар-Ата-1” ГЭСинен тышкары, “Жогорку Нарын”, “Куланак”, “Казарман”, “Чаткал”, “Суусамыр–Көкөмерен”, “Ат-Башы”, “Ала-Бука”, “Сары-Жаз” сыяктуу дагы 8 ГЭСтер каскадын жана 63 чакан ГЭС куруу ниетин жарыялап келет. Жалпы кубаттуулугу 7000 мВттай болгон сегиз каскаддын инвестициялык баасы 19 млрд доллар деп эсептелген.
2023-жылдагы расмий маалыматтарга таянсак, Сары-Жаз, Казарман сыяктуу каскаддарды куруу боюнча кытай компаниялары менен меморандумдар түзүлгөн. Долбоорлордун андан кийинки тагдыры, инвесторлордун иш-аракеттери тууралуу андан башка актуалдуу маалыматтар жарыялана элек.
Былтыр сентябрда энергетика министринин ошол кездеги орун басары Курсантбек Өмүрбеков Кытай менен биргеликте ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор тууралуу сөз кылып жатып Сары-Жаз каскады менен катар Кемин-Торугарт багыты боюнча 500 кВттык жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы тартылып жатканын билдирген.
9-апрель күнү энергетика министри Таалайбек Ибраев “Гидроэнергетика: Борбор Азия жана Каспий” деген аталыштагы жыйынга катышып жатып ушул айдын соңунда же майда Жогорку Нарын каскадынын курулушу башталарын жар салды. Министр инвестор тууралуу так маалыматты айта албашын, жакын арада тандоо сынагы жарыяланарын билдирди.
“Жакында сынак жарыялап, жеңүүчүнү аныктайбыз. Бүгүнкү күндө орусиялык компаниялар менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кандай болбосун, курулуш сынактык негизде болот. Жакын арада курулушту баштайбыз. Бир же эки жыл эмес, жакынкы айлар – апрель-май”, - деди Ибраев.
Бул долбоорду мурда кура албай, кетип калган орусиялык “РусГидро” компаниясы кайра кайтып келүү ыктымалдыгын билдирүүдө. Бирок өкмөт альтернативдүү инвесторлор да бар экенин, баары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилейт.
Бул арада Жогорку Нарын каскадынын бир ГЭСи курула турган Эки-Нарын айылында Кытай жарандары кандайдыр бир иштерди жүргүзүп жатышканы тууралуу маалымат айтылууда.
Эки-Нарын айылынын атын атагысы келбеген бир тургуну айыл азыркы учурда тынч экенин, бирок эл арасын суу жээгине жакын жайгашкан үйлөрдү көчүрүү ыктымалдыгы тууралуу имиштер аралап жатканын айтып берди:
“Өткөндө “14 кытай келип кетти, кичи ГЭСтерди курат экен” деп сөз кылып жатышкан. Андан башка эч ким жок, тыптынч. Бул жакка ГЭСтердин каскады түшөт экен, ошого жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү көчүрүшү мүмкүн экен”.
Сейрек кездешүүчү минералдар
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарында таза энергетикалык технологияларда колдонулуучу минералдар жаатында инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумга кол коюшту. Дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү минералдар рыногунун 65% ээлик кылган Кытай Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы кендерге да кол сунуп келет.
Чоң-Кемин районунда Куттуу-Сай 2 жана Калесай деген эки кен бар. Куттуу-Сай 2 кенинде молибден, висмут, коргошун, бериллий өңдүү 16 сейрек кездешүүчү жер элементтери бар. Өкмөт алардын жалпы кору 63 миң тонна деп жарыялаган. Ал эми Калесай бериллий кени деп эсептелет.
Соңку кездердеги иш-аракеттерге байкоо салсак, кыргыз өкмөтү Кызыл-Омпол кениндеги титаномагнетитти казып, кайра иштетүүдө Кытай менен иштешүүгө ниеттенип турат. Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров 2024-жылы Кытайдын Хами шаарына барып, титанды кайра иштеткен ири компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп келген. Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин Жогорку Кеңештеги сөздөрүнө таянсак, Куттуу-Сайдагы сейрек кездешүүчү элементтер кенин иштетүү кытайлык компанияга берилүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги майдын соңуна чейин сейрек кездешүүчү минералдарды иштетүү боюнча стратегия иштелип бүтөрүн билдирди. Стратегия жана пландар тууралуу толугураак маалыматты ошондон кийин берүүнү убада кылышты.
Геолог Дүйшөнбек Камчыбеков Кыргызстандын кен байлыктарын ким келип иштетпесин, кыргыз өкмөтү демилгени эл аралык карт бөрүлөргө алдырып жибербей, өлкө аймагында кайра иштетүү үчүн технологияларды тартууга аракет кылышы зарыл экенин айтат:
“Кытай өлкөсү келеби, же Орусия өлкөсү келеби, же ошол эле Европа өлкөлөрүнөн келеби – бизге биринчи кезекте экономикалык чоң пайда болушу керек. Экинчиден, экологиялык шарттар боюнча жакшы көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Экологиялык бузуулар болбошу керек. Үчүнчүсү, алар келсе тиешелүү адистери Кытай тараптан болсо дагы, калган адистер өзүбүздүн адистер болушу керек. Анан төртүнчүсү, сөзсүз түрдө кандай мыйзамдарыбыз, кодекстерибиз бар болсо, ошонун талаптары сөзсүз аткарылыш керек”.
Кытайдын Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын табигый ресурстарына кызыгуусу кыргыз коомунда кандайдыр бир деңгээлде чочулоону да жаратып келет. БУУнун "Жаңы Жибек Жолу" программасынын аткаруучу директору Рафис Абазов мындай шартта кыргыз бийлигинин аракети кандай болушу керектигине токтолду:
"Кытай өтө тез ыргакта өнүгүп баратат. Бир жылда эле Бээжин экономикасында олуттуу өзгөрүүлөрдү жасарын эстен чыгарбайлы. Андыктан Кытай Борбор Азиянын өлкөлөрүндө гана эмес, Азияда, Африкада, Жакынкы Чыгышта табигый ресурстарга жигердүүлүк менен жол издеп жатат. Бул жерде белгилей кетчү нерсе – Кыргызстан глобалдык жараянга, өнөктөш издеген чоң чынжырга кирет. Сүйлөшүүлөрдө кыска бир мөөнөткө инвестор тартып, капитал топтоого азгырылбай, келечекке кең карап, улуттук кызыкчылыктарды алдыга сүрөө зарыл".
Кыргыз өкмөтү 2026-2030-жылдарга карата жаңы программасын даярдап жатат. Өкмөт жетекчилери программада темир өндүрүшү боюнча чоң пландар бар экенин, алар Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолуна тыгыз байланыштуу болорун белгилеп келет.
Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев Кытайдын СУАР аймагында курулуш материалдарын чыгарган ири заводдордун тажрыйбасы менен таанышып жүргөнүн жазды. Президенттин иш башкармасы “келечекте мекенибизде дагы темир өндүргөн жана кайра иштеткен ири заводдорду куруу планыбыз бар” деп айтты.
Айрым талдоочулар Бедел ашуусу аркылуу авто жана темир жолдун курулуп жатышын Бээжиндин Кыргызстандын кен байлыктарына карата умтулуусунун бир кадамы катары көрүшөт. Ал жолдорго Кызыл-Омполдогу титан, Жетим-Тоодогу темир, Куттуу-Сай менен Калесайдагы сейрек кездешүүчү минерал кендери жакын жайгашкан. Божомолдорго ылайык, Сары-Жаздагы, Нарын дарыясындагы чакан ГЭСтер ошол тараптагы тоо-кен өндүрүштөрүн электр энергиясы менен камсыздоону көздөйт.
Саясат талдоочу Чынара Эсенгул Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы айрым стратегиялык долбоорлор Кытай компанияларынын энчисине кетип баратат деген пикирде:
“Экономикалык жактан көзгө көрүнүктүү статистиканы камтыган, көзгө көрүнбөгөн дагы бир топ долбоорлор болуп жатат. Анткени, мисалы, Жетим-Тоо жана башка минералдар болгон маанилүү ресурстарды Кытайга кайра бере баштадык. Бул 2020-жылы бийлик өзгөргөндө солгундап кетти эле. Бирок акырындан, 3-4 жылдын ичинде биздин тоо-кен тармагында Кытай өзүнүн позицияларын кайра күчөтүп алды деген ойдомун. Жалпысынан, чыр-чатактар ошол чөйрөдө көп болчу. Кытайлардын иштеген ыкмаларын биз жергиликтүү өнүгүүгө салым кошпойт деген мааниде туура эмес деп таап жатабыз. Бирок анын баарын расмийлештирип, элге жеткирип, керек болсо документтештиргенге аракет өзүбүздө дагы жок”.
Соода-логистикалык борборлор
Инвестор компания “Манас” шаары кытай стандарттарына ылайык куруларын, ал Бээжиндин “Евразия континенталдык көпүрө” деп аталган ири программасын жүзөгө ашырууга чоң салым болорун жар салууда. Кыргыз өкмөтү 700 гектар аянтка курула турган долбоордун жалпы наркы 4,2 млрд доллар, анын ичинен биринчи фазасына 700 млн доллар сарпталарын билдирген.
Өкмөттүн мурунку башчысы Акылбек Жапаров долбоорду баштоо аземине катышып жатып Кытай менен кызматташуу кыргыз экономикасына эбегейсиз түрткү берерин айткан:
“Бул логистикалык борборду ири деңиз порту менен салыштырууга болот. Дүйнө жүзүнүн баары тең ушу Кытай мамлекети менен соода-сатык кылсак дейт. Буйруса, дүйнөдөгү кайсы өлкө болсо да, биз деңиз аркылуу чыкканга, соода-сатык кылууга мүмкүнчүлүк алып жатабыз. Бул биздин айыл чарбабызга, өндүрүшүбүзгө, биздин кендерди кайра иштетүүдө, жаңы технологиялардын келүүсүнө абдан чоң шарттардын баарын түзүп бергени жатат”.
Кытай тараптагы жарыяланган маалыматтарга карасак, Hunan Construction Investment Group (HCIG) деп аталган холдинг долбоордун биринчи фазасына 482 млн доллар инвестиция кылары маалым.
Кытайдын дипломаты Ду Дэвэн жергиликтүү медиаларга курган маегинде бул соода-логистикалык комплекстин Кытайдын “Бир алкак–бир жол” демилгесинин логикалык бөлүгү экенин билдирген:
“Логистика азыркы дүйнөдөгү кызматташуунун абдан маанилүү тармагы болуп саналат. Өзгөчө Кытай менен Кыргызстан үчүн. Анткени биз коңшубуз. Коңшулар ортосунда соода жүргүзүүдө логистика өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстандын Борбор Азияда эле эмес, жалпы Азия менен Европа үчүн маанилүү орду бар. Кыргызстан бириктирүүчү өлкө. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууда дагы бул өзүнчө бир мааниге ээ болгон. Темир жолду куруп жаткандан кийин жакшы базарларды, кампаларды жана логистикалык борборлорду да курушубуз керек”.
Нарын облусунда кыргыз-кытай чек арасынан 100 чакырымдай аралыкта курулуп жаткан “Атбашы” эл аралык соода-логистикалык борбору да темир жолду утурлай салынууда. Борборго формалдуу түрдө “Нарын Сухой Порт” деп аталган ишкана ээлик кылат. Ал ишкананы Кыргызстандан “Кара-Булак” фирмасы менен “Кыргызпочтасы” акционердик коому, ал эми Кытай тараптан Shaanxi Lingyun Logistics деп аталган компания түзгөн. Соода-логистикалык борборго Кытайдан келген товарды бажылык тариздөө боюнча эксклюзивдүү укук берилген.
“Нарын Сухой Порттун” жетекчиси Эркинбек Сансызбайдын айтымында, көзөмөл пакет кытайлык компаниянын колунда турат:
“Өткөн жылы майда президент Садыр Жапаров Сианга барган. Кытайдын президентине “чек арада соода-логистикалык борбор иштетели” деп өзү сунуш жасаган. Жалпысынан, “Атбашы” логистикалык борборунда үч компания бар. “Нарын Сухой Портто” башкы негиздөөчү Shaanxi Lingyun (Шанши Лингвин) деген кытайлык инвестор. “Атбашы” логистикалык борборунун ичинде “Кыргызпочтанын” 20% үлүшү бар. Кытайлык компаниянын үлүшү 50-52% болсо керек”.
Кыргызстандагы билим берүү жана маданий багыт
Кытай барган сайын Кыргызстандын берешен камкорчусу болууда. Бишкек Бээжиндин казынасынан каражат алып, жүздөгөн чакырымдык жолдорду, электр чубалгыларын, ирригациялык каналдарды, мектептерди, ооруканаларды курат жана ондогон-жүздөгөн ар кандай техника алат. Кытай компаниялары дагы толгон-токой жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк долбоорлорду да куруп берүүдө. Алардын мындай берешендигинин шарттары коомго белгисиз.
Расмий маалыматтарга таянсак, 2024-жылы кытай инвесторлору Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданынын ордуна заманбап базар куруп берүүгө киришти. Ошол эле Жалал-Абадда эл аралык аба майданын куруу боюнча кытайлык China Construction Fifth Engineering Division Corp компаниясы менен келишим түзүлдү. Аба майдан 360 гектар жерге курулуп, инвестициялык наркы 200 млн доллар деп эсептелген.
Кытай компаниялары Бишкек менен Ошто таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду куруу келишимин түзгөн. Бишкектеги долбоордун наркы 95 млн доллар турат.
Ысык-Көлдө Барскоон айылында алгачкы кытай мейманканасы курулуу алдында турат. Министрлер кабинетинин төрагаснын орун басары Бакыт Төрөбаев февраль айында кытай инвесторлору менен сүйлөшүп жатканы кабарланды. Бул жер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ири соода, өндүрүштүк жана туристтик агымды тейлеген жол каттамы болуп калат – келечекте Барскоон–Бедел–Ак-Суу–Үчтурпан автожолу менен темир жолу өтөт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов океандай болгон Кытай менен тыгыз кызматташуунун тобокелдигине караганда артыкчылыктары көп экенин айтат:
“Бул жерде биз кайыр сураган жерибиз жок. Биз өзүбүз өнүгөбүз, бизге өзүбүз жетиштүү. Өзүбүз улуттук мамлекет катары калабыз. Биз канча эсе андан азыраак болсок дагы тең ата сүйлөшөбүз. Өзүбүздүн эгемендигибизден, кызыкчылыгыбыздан бир сантиметр да кайтпайбыз. Биздин мамлекеттүүлүгүбүз түбөлүк. Бирок, керек болсо ошол мамлекеттүүлүгүбүзгө дагы бир кепилдик берип турган ушундай жакшы, бекем кошуналардын болуп турганы жакшы да. Ошондуктан Кытай Эл Республикасынын таасиринен эч кандай коркпошубуз керек. Тескерисинче, мен каалайт элем, бизде он миңдеген эмес, жүз миңдеген кыргыздар кытай тилин билсек, ошончо жакшы болот эле. Биз үчүн бул дагы өтө чоң маданият, илим, техника, өтө чоң бир жакшылыктарга ачкыч болот эле”.
Инфратүзүмдүк долбоорлор мурдагыга салыштырмалуу бир аз артка сүрүлгөндөй сыяктанганы менен анын ордуна билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтык бир кыйла кызуу фазага өткөндөй.
Соңку жылдары Бээжин Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагына да көбүрөөк назар бура баштаган. Кытай тилин жана маданиятын жайылтуу иши активдүү жүрүп келет. Төрт Конфуций институту менен Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддагы 20дан ашуун Конфуций класстарында 10 миңден ашуун окуучу билим алууда. Кытайдагы жогорку окуу жайларда билим алган кыргызстандыктар бир кыйла көбөйгөн. Учурда Кытайдын ар кайсы провинцияларындагы окуу жайларда акысыз билим алууга кетип жаткан кыргызстандык студенттердин агымы болуп көрбөгөндөй өстү.
Апрель айында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз-кытай факультети ачылды. Элчи Ду Дэвэн факультет “Бир алкак–бир жол” демилгесин биргеликте сапаттуу ишке ашыруу үчүн мыкты адистерди чыгарарына үмүт артарын билдирген. Кыргыз техникалык университетте “Лу Бан өнөрканасы” деп аталган долбоор ишке кирди. Кытай элчилиги Кыргызстанда машина куруу, суу чарба, гидроэнергетика, жол куруу жаатында 15 лаборатория ачуу планын жарыялаган.
Саясат талдоочу Чынара Эсенгул Кыргызстандагы экономикалык долбоорлору көбөйгөн сайын Бээжиндин Бишкекке таасири улам артып баратканын айтат:
“Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да Кытай менен аябай жакындап жатат. Көзөмөл-өткөрүү жайлардын пайда болгондугу, биздин көп ресурстардын Кытайга чыгып кетип жаткандыгы, биздин транзиттик мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуп, жанагыдай темир жолдорду салабыз деп жаткандыгы. Акырындан аны саясий жана коопсуздук чөйрөлөрүнө дагы өткөргөнгө аракет кылып жатат. Анткени азыр Орусия алсырап жаткандыктан тарыхый ыңгайлуу учур болуп жатат окшойт. Кытай азыр саясий маселелерди Борбор Азия менен түздөн-түз талкуулап жатат. Керек болсо “бирдеме болуп кетсе Борбор Азиянын коопсуздугун биз камсыз кылабыз” деген сөздөр болду быйыл. Бул Кытайдын дымагын көрсөтүп жатат. Ал экономикалык жактан эле негизги өнөктөш болбой, коопсуздук жагынан дагы “эгерде силерге жардам керек болсо, мен силерге кепилдик бере аламын” деп ишарат кылды”.
Кытай менен жакындашуунун мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелдиктери кандай?
Талдоочулар чөйрөсүндө Кытайдын Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүгү кош кырдуу кылыч сыяктуу деген пикир бар. Туура пайдаланса, өлкө үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдүн булагы, начар башкарылса, экономикалык жана саясий көз каранды кылуучу факторго айланышы мүмкүн.
Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова Кытайдын насыялары менен курулган долбоорлордун кайтарымы жетиштүү болбой калса Кыргызстандын мамлекеттик карызы ого бетер оорлошуп, төлөө мөөнөтү келгенде бюджетке чоң күч келтирүү тобокелдиги бар экенин эске салат:
“Кытайдын катышуусундагы долбоорлор – Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, жаңы энергетикалык объектилер, өнөр жай парктары – Кыргызстандын экономикалык ландшафтын олуттуу өзгөртөт. Позитивдүү сценарийде, республика Борбор Азиядагы транзиттик хабга айланып, өнөр жайы өнүккөн, энергетикалык кору бар өлкөгө айланышы мүмкүн. Терс сценарийде, карыздын капасынан чыга албай, экономикалык саясатын өз алдынча жүргүзүү мүмкүнчүлүгү чектелген, ресурстарын арзан берип жиберген өлкө болуп калуу коркунучу турат”.
Ошол эле маалда Кытайдын Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүгүнүн өсүшү бир кыйла мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деген пикирлер да бар. Маселен, аларга баам салсак, Кытай инвестициялары аркылуу курулган завод-фабрикалар өлкөдө өнөр жай базасын түптөөгө көмөк көрсөтөт. Кытайдын кеңири базарына кыргыз продукцияларын чыгаруу – келечектеги дагы бир зор мүмкүнчүлүк. Кытай менен мамилелерди бекемдөө аркылуу Кыргызстан каржы секторунда диверсификацияга бара алат. Бул атаандаштык банктардын пайыздык чендерин төмөндөтүп, ишкерлерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Туризм тармагында да Кытайдан туристтерди тартуу келечеги бар.
Саясатчы Равшан Жээнбеков Кремлдин узактан келаткан таасиринен арылууда Кытайдын инвестициялары чоң күч боло аларын айтат. Ошол эле маалда ал Бээжиндин жумшаган каражаты Кыргызстандагы жакырчылык маселесин чече албашын белгилейт:
“Кытай инвестициясы бир эле Кыргызстанга эмес, жалпы Борбор Азияда аябай маанилүү. Бирок биз так айтышыбыз керек, Кытайдын инвестициясы Борбор Азияда, же болбосо Кыргызстанда жакырчылык маселесин чече албайт. Кыргызстандагы негизги тобокелдик, негизги коркунуч бүгүнкү күндө – бул жогорку деңгээлдеги жакырчылык маселеси болуп эсептелет. Кыргызстанда, Борбор Азияда Кытай менен атаандаш бүгүнкү күндө Батыш эмес, бул Орусия. Орусиянын басымына карата каршы биздин Кытай менен болгон мамилебиздин активдүү болушу, Кытайдын инвестициясынын көбүрөөк келиши Орусиядан кандайдыр бир деңгээлде коопсуздук маселесин чече алат деп айтсак болот. Анткени, кандай болгон күндө дагы Кытайдын инвестициясы экономикалык жардам берип жатат. Орустардын басымынан чыкканга кандайдыр бир өбөлгө түзүп жатат. Бирок, орто мөөнөттө дагы, алыскы мөөнөттө дагы Кытайдын инвестициясы Кыргызстанды коопсуздук жагынан дагы, жакырчылыктан чыгарууда дагы эч кандай маанилүү салым жасай албайт”.
АКШнын Кытай менен соода согушу күчөп бараткан маалда мындай жагдайдан пайда менен чыгуу идеясын көтөргөндөр да бар. Мурунку өкмөт башчы Акылбек Жапаров болуп көрбөгөндөй чоң бажы алымдары киргизилип жаткан Кытайдын экономикасына басым жасоо менен “Кыргызстан аркылуу” деген стратегияны иштеп чыгуу зарылдыгын эскертет. Бул үчүн ал тез арада “Азия өндүрүүчүлөрүнө локалдаштыруу, таңгактоо, маркалоо, реэкспорт боюнча реалдуу шарттарды сунуштоо, АКШнын талаптарына ылайык «экспорттук чогултуу» аймактарын түзүүгө жетишүү” сыяктуу бир нече маанилүү иштерди колго алуу туура болот деп эсептейт.
Шерине