Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

"Орой мамилени үлгү кылып алышты". Мэрлердин жүрүм-туруму талкууда


"Азаттыктын" коллажы. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев
"Азаттыктын" коллажы. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев

мазмуну

  • Соңку кезде Кыргызстанда айрым жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерине, жарандарга корс мамиле жасаганы, ачык кагып-силккени көндүм адатка айланды.
  • Мындан улам коомчулукта сын, доомат көбөйдү. Президент Садыр Жапаров дагы жетекчилерге орой болбоо, аша чаппоо тууралуу эскертүү берди.

Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине байланышкан соңку окуялар жалпы мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жана этикасына байланыштуу талкуу жаратты.

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп ушул жылдын январь айында дайындалган жана ошондон бери жоон топ кызматкерлери менен дээрлик күн сайын таң атпай шаар кыдырып, рейд өткөргөнү, кабелтең тапшырма бергени кадыресе көнүмүшкө айланды. Адатта мындай рейддердин видеолору мэриянын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланат жана анда мэр көпчүлүк учурда кызматкерлерин ачык жемелеп жатканын да көрүүгө болот. Токторбаевдин мындай жүрүм-турумун колдогондор дагы, сындагандар дагы четтен чыгат.

"Интербилим" уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева мэриянын өзүндө этиканы караган комиссиялар болорун, бирок алар иштебей жатканын айтты. Ошол эле учурда айрым жетекчилер кээ бир жогорку бийлик өкүлдөрүн үлгү тутуп, ушундай кадамга барып жатышы мүмкүндүгүн айтты.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

"Ар бир мэриянын түзүмүндө этикалык эрежелерди караган атайын комиссия болот. Азыр ошол комиссиялар иштебей жатат. Эгер кайсы бир мэр жумуш жадыбалына карабай кызматкерлерди иштетип жатса же ошол адам арыз бериши керек, же комиссия өзү көзөмөлдөөгө керек, өзүнүн отурумунда карашы керек. Азыр ошол шаарларда жашаган ар бир эле жаран кайсы бир мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму тууралуу ушул каралсын деп арыз таштаса болот. Алар мэр кызматына киришип жатканда ошол шаардагы жашоочулардын бакубаттуулугун, жашоосун жогорулатабыз, муктаждыктарын чечебиз деп милдеттеме алышкан. Алар орой мамиле кылып, адамдык сапатына шек келтирип жатат. Эми ошондой орой мамилени калаа башчыларынын башында турган айрым адамдар көрсөтүп атса, анан ошолордон үлгү алышат да. Шаар башчыларына адамдарга аяр, сый мамиле кылгыла деген так буйрук түшпөй жатат . Өйдө жактагылар ушундай корс мамиле кылса, алардан кийинкилер деле ушундай мамиле кыла берсек деп ойлоп жатышса керек".


Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Токторбаевге катуу сөгүш берген. Президенттин администрациясы шаар башчысы мындай жазаны "этика ченемдерин аткарбаганы үчүн алганын" маалымдаган. Өкмөттөгү айрым булактардын маалыматында, буга Токторбаевдин "Ош-сити" комплексине баргандагы жүрүм-туруму себеп болгон.

Садыр Жапаров жетекчилерди, ириде Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери Жеңишбек Токторбаев менен Айбек Жунушалиевди өткөн апта аягында электр энергиясын чектөөлөрдү текшерген рейди үчүн "бөрк ал десе баш алганы" үчүн сынга алган. Анда элге орой мамиле жасабоо тууралуу эскерткен.

"Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!".

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаев мамлекеттин жүрүм-турумун тескеген мыйзамдар жетиштүү экенин белгиледи. Мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчилигин сезиши керектигине токтолду.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

"Мамлекеттик кызмат өтө кылдаттыкты, өтө чоң кесипкөйлүктү талап кылат. Айрыкча азыркыдай ачык коомдун учурунда, укуктук мамлекет курабыз деп жаткан мезгилде мамлекеттик кызматка барууга макулдук берүүдөн мурда ошол адам терең ойлонушу керек. Кызмат барбы десе бар деп эле бара берген көрүнүштү башынан эле жактырчу эмесмин. Катуу тандоо болушу керек, союздун тушунда дагы ушундай тандоо болгон. Азыр мамлекеттик кызмат боюнча тийиштүү мыйзамдар, укуктук-нормативдик актылардын баары жетиштүү. Анын ичинде мамлекеттик кызматкердин этикасы тууралуу кодекс бар. Жетекчилер кол алдында иштеп жаткан кызматкерлерге астейдил мамиле кылышы керек. Мамлекеттик кызматтагы айрым жетекчилер тартип киргизебиз деп өздөрүнө берилген укуктан ашыгыраак пайдаланып, анын баарын соцтармакка чыгарып, анын айынан өйдө-төмөн учурлар болуп жатат. Эми бул дагы өткөөл мезгилге таандык көрүнүш болсо керек деп ойлойм. Бирок жетекчилер кандай болгон күндө дагы мамлекеттик кызматкердин этикасын сакташы керек. Азыр мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен "Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик" деген мыкты доктрина - уңгу жол иштелип чыккан. Анын ичинде баары, мамлекеттик кызматкердин этикасынан өйдө жазылган. Биз президенттин администрациясынын демилгеси иенен Илимдер академиясында мамлекеттик кызматкерлерлерди эки жолу окуттук. Ушундай окутуулар такай болуп турушу керек".

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аймактарда ынтымакташып иштебегендерди какыс-какус кылганын айтканы талкууга түшкөн.

Ушул тушта буга чейин мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштебей туруп Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган Баатырбек Жантаевдин жүрүм-туруму тууралуу ар кыл кеп айтыла баштады.

Мэриянын социалдык тармактагы баракчаларына Жантаевдин рейд, жолугушууларды өткөрүп, анда кайсы бир кызматкерди жемелеп жатканы тартылган видеолор жарыяланат. Мындай соңку видеолордун биринде Соң-Көл кичи районундагы жылуулук менен камсыз кылган кызматкерлерди урушуп жатканын көрүүгө болот.

Баатырбек Жантаев.
Баатырбек Жантаев.

"Эки күндө ичи Ташкент болушу керек. Түшүндүңөрбү? Кайтып келбейин. Кечээ эле тапшырманы алгансыз. Шылтоо эмес, ток этерин айтыңызчы. Неге ысыбай жатат? Атайын келдим, бүгүн саат жетиден бери жылуулук боюнча кыдырып жүрөм. Айтып жатышат, "былтыр майкачан жүрчүбүз" деп. Мен өзүм келип текшерип кетем, тезирээк бүтүргүлө. Менин проблемамбы? Маселе кылбай тезирээк бүтүргүлө. Эмне бул жагы мышык өлгүдөй болуп кеткен", - деп айткан анда Жантаев.

Ушул жылдын март айында президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун кыргыз-тажик чек арасындагы Баткендин Достук айылынан көчүп жаткан элге мамилеси сынга кабылып, эскертүү алган.

Ал эмоцияга алдырганын айтып, элден кечирим сураган. Бул көрүнүштөн улам дагы мамлекеттик кызматкерлердин этикасы тууралуу талкуулар болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG