Борбор Азия лидерлери АКШга жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Орусияга барып келгенден кийин чөлкөмдүн жетекчилери Ташкентте жолугушту.
16-ноябрдагы саммитке Азербайжандын лидери Илхам Алиев "ардактуу конок" болуп келип, Баку бул жолугушуунун тең укуктуу катышуучусуна айланды.
Жыйында Борбор Азиянын коопсуздук, туруктуулук жана өнүгүү концепциясы жана 2026–2028-жылдарга күн тартиби кабыл алынды. Саммиттин чыныгы максаты кандай? C5 форматына Азербайжан кошулабы? "Азаттык" бул суроолорду эл аралык мамилелер жана саясат таануу боюнча илимдин доктору Ныгмет Ибадилдинге жолдоду.
- Ташкентте өткөн саммиттин чыныгы максаттары кандай? Бул аймактагы интеграцияны күчөтүүбү же лидерлердин саясий туруктуулугун көрсөтүүбү? Жыйында айтылган биригүү тууралуу билдирүүлөр өлкөлөрдүн ортосундагы кызыкчылыктардын карама-каршылыгына канчалык шайкеш келет?
Менин оюмча бул жерде авторитардык лидерлердин да, мамлекеттердин да кызыкчылыктары бири-бирине дал келип турат. Алар дайыма эле карама-каршы эмес. Аймактык интеграциянын зарылдыгы тууралуу Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев да айткан. Бирок ал кезде интеграция идеясы ишке ашпай калган, себеби бири-бирине ишенбөөчүлүк жана жеке амбициялар тоскоол болгон.
Азыр дүйнөдө туруксуздук. Орусия автократтардын коопсуздугунун кепили деп айтылганы менен аймактын коопсуздугуна кепил боло албайт. Ошондуктан кандай шарт болбосун биригүү туура. Автократтар да кээде өздөрү үчүн гана эмес, башкалар үчүн да пайдалуу чечим кабыл ала алышат. Ар бир авторитардык режимдин негизги идеясы өзүн сактап калуу. Бирок өзүн сактоо үчүн жана тышкы коркунучтардын алдын алуу үчүн алар жалпы кызыкчылыкка таянып аракет кылууга мажбур.
Экинчиден, аларды дайыма элге өчү бардай карайт деп айтуу ашыкча. Мен аларды актап жаткан жокмун, бирок ар бир авторитардык режим бир нече түркүккө таянат, алардын бири кайсы бир белгилүү деңгээлде элдин колдоосуна ээ болуу. Бул жөн гана репрессия жана коркутуу эмес, кээде акылга сыйган чечимдерди кабыл алууга да туура келет.
Азербайжан да авторитардык өлкө. Ошого карабастан анын катышуусу жакшы көрүнүш жана оң кадам. Чек арага мина коюу сыяктуу аракеттерден көрө достук мамиле түзүү алда канча жакшы. Мисалы, Өзбекстандын чек араны миналардан тазалоосу абдан маанилүү чечим.
- Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бул жолугушууда Борбор Азия биримдигин түзүүнү сунуштады. Европа Биримдигинин кантип түзүлгөнүнө назар салсак бул Борбор Азия союзуна башталыш деп айтууга болобу?
- Азыр баары абдан тез жүрүп жатат. Жалпысынан авторитардык режимдер ар кандай интеграция процесстерине тоскоолдук кылууга жакын. Себеби интеграция – жогорку деңгээлден гана эмес, төмөндөн баштала турган институционалдык биригүү. Эң негизгиси - ыйгарым укуктарды бөлүшүү. Башкача айтканда, интеграция учурунда жаңы органдар пайда болот, алар автократтардын жеке бийлигин алсыратат. Бийликтин таасиринин бөлүштүрүлүшү автократтардын кызыкчылыгына туура келбейт. Бирок азыр тышкы саясий факторлордун таасири менен интеграция аргасыз жүрүп жатат. Анткени Орусия таптакыр алдын ала божомолдоого болбой турган өлкөгө айланды. АКШ менен Кытайдын ортосундагы чыңалуу да күчөп жатат. Мындай учурда “бороонду бирге күткөн” туура эмеспи.
Европа Биримдиги да оңой түзүлгөн эмес. Бир мезгилде Улуу Британиянын айланасында биригип, кийин Brexit болуп Британия биримдиктен чыкты. Түштүк Европа менен Түндүк Европа, кичине жана чоң мамлекеттер – баары дайыма аракетте, бул токтобогон процесс. Эгер интеграция элге пайда алып келсе эмне үчүн аны улантпаш керек?
Борбор Азиядагы интеграция Европа Биримдигине окшобойт. Анткени бул жерде демография да, экономикалык өнүгүү деңгээли да башка. Бирок өз ара соода-сатыкты көбөйтүү, коопсуздукка келгенде бири-бирин колдоо качан болбосун пайдалуу. Эң негизгиси бул жөн гана бюрократиялык түзүм болуп калбастан, реалдуу прогресске жеткирген механизмге айланышы керек.
Интеграциянын деңгээлдери ар кандай. Европа Биримдиги саясий интеграцияга чейин жеткен жогорку деңгээл. Ал эми Борбор Азияга бул жолдун баарын али басып өтүү керек. Эч ким андан ары тереңдөөгө милдеттүү эмес. Мисалы, айрым Еврошаркеттин өлкөлөрүндө азыркыга чейин эле өз валютасы бар, алар үчүн ошол деңгээл жетиштүү. Же болбосо Норвегия Европада визасыз эркин жүрө алат, бирок башка тармактарда интеграцияны зарыл деп эсептеген эмес.
Борбор Азия лидерлеринин кеңешмелик жолугушуусу – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан лидерлеринин жолугушуу форматы. Бул жыйынды өткөрүү идеясын 2017-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында Шавкат Мирзиёев сунуш кылган. Алгачкы жолугушуу 2018-жылы март айында Астанада өткөн.
- Азербайжан Борбор Азиянын кеңешмелик саммитинин тең укуктуу катышуучусу болгонун эске алсак, C5+1 форматы келечекте C6+1 форматына айланышы мүмкүнбү?
- Бул толук мүмкүн. Көпчүлүк «стан» менен аяктаган өлкөлөрдүн баары бири-бирине абдан окшош деп ойлошот, бирок иш жүзүндө биз көп параметрлер боюнча айырмаланабыз. Акыркы 30 жылда Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан ар бири өз жолу менен өнүктү. Түркмөнстан болсо башынан эле өзүнчө багытта келатат. Ар биринде ар башка тарыхый тажрыйба калыптанган. Азербайжан жана жалпы Кавказ да өз жолу бар аймак. Грузия менен Азербайжан өнүгүү багыттары жагынан да айырмаланат. Бирок Азербайжан маданий, инфраструктуралык жактан жана өзүн түрк коомчулугунун бир бөлүгү деп эсептегендиктен Борбор Азияга жакын.
Азербайжан үчүн Борбор Азия маанилүү. Баку Түркия менен бирге болгону менен көбүнчө кичүү өнөктөштүн ролунда калат. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү менен теңата деңгээлде сүйлөшө алат. Бул маанилүү фактор. Ошондой эле Түркия жана Орусия менен болгон мамилесинде артында чоң аймак турса Азербайжан өз позициясын таасирдүү көрсөтө алат. Башкача айтканда институционалдык же уюштуруучулук жактан бирикме болушу өлкөгө кошумча күч берет.
Борбор Азия үчүн да азыркы мезгилде Азербайжандын ролу абдан маанилүү. Эң биринчи кезекте Орто коридор жагынан. Бирок бул жол Азербайжан менен гана чектелбейт, Грузия, Түркия да долбоордун толук кандуу катышуучулары. Жолдор, түтүктөр, ар кандай инфраструктура элдерди жакындатат, ал эми автократтардын ойлонбой жасалган кадамдары тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ооба, Орусия менен Украинага келгенде алар өтө интеграцияланганына карабай бул натыйжа берген жок. Бирок инфраструктуралык байланыштар көбүнчө туруктуулуктун фактору болуп саналат.
- Борбор Азия саммиттери авторитардык режимдердин бири-бирин өз ара легитимдештирүү куралына айланып кеткен жокпу? Бул "тышкы басымга каршы аймактык элиталардын өз ара кызматташтыгы" эмеспи?
- Интеграциянын мааниси бирге болсок, тышкы коркунучтарга да келгенде да бирге кубаттуубуз дегенге такалат, туурабы? Албетте, расмий түрдө мындай айтылбайт, бирок эл аралык кырдаалдын олку-солку экенин баары түшүнүп турат. АКШ, Орусия, Кытай ортосундагы геосаясий чыңалуу жана дүйнөлүк туруксуздук чакан мамлекеттерди биригүүгө түртүп жатат.
Азыр Казакстан өзүн “орто державалардын” катарына кошууга аракет кылууда. Бирок классикалык орто державалар – Австралия, Италия. Алар менен Казакстанды салыштыруу кыйын, анткени алардын экономикасы да, аскердик күчү да кыйла жогору. Түркия да орто держава болуп эсептелет, НАТОнун мүчөсү, калкы 90 миллион, Орусия менен теңата деңгээлде сүйлөшө алат. Башкача айтканда, Казакстандын орто держава болуу дымагы бар, бирок ресурстук базасы кыйла төмөн.
Сырттан легитимдешүү белгилүү бир тобокелдикке түртөт: сен союзга кирсең, өз эгемендигиңдин бир бөлүгүн жоготосуң. Автократтар үчүн бул абдан сезимтал маселе. Ошондуктан көптөгөн авторитардык лидерлер жабык системага өтүп, автаркияга кирип кетет. Борбор Азия лидерлери азырынча анын зыяндуу экенин түшүнүп турат деп ойлойм. Дал ушул себептен интеграцияга барууга даяр. Бул жөн гана кол куушуруп отургандан жакшы.
Учурда авторитардык режимдердин кызыкчылыктары коомдун кызыкчылыктары менен бир аз дал келип турганы чын. Маселен, Орусия жакында даңазага ширелген жаңы келишимдерди түздү. Бирок, тилекке каршы, Украинадагы согуш уланууда. Андыктан Орусиянын бардык билдирүүлөрүнө жана келишимдерине чоң күмөн саноо менен кароого туура келет.