Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Kav&Kev дыйкан чарбасынын башчысы, Кыргызстандын жараны А.В.К. кармалганын 18-ноябрда ырастады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, ал тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан деп шектелүүдө.
"Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан сырткары продукциялардын чыныгы жасалган убактысына дал келбеген даталарды чаптоо фактылары аныкталаган", - деп билдирди УКМК.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү" беренесинин негизинде иш козголуп, ишкананын директору УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.
17-ноябрда айрым маалымат каражаттар Kav&Kev ишканасынын кеңсеси тинтүүгө алынып, жетекчиси кармалганын жазышкан. Шектүүнүн адвокаты жана жакындары комментарий бере элек.
Аталган компания 1999-жылы негизделген, кондитердик азыктарды, колбаса, сыр, сэндвич чыгарат. Ишкананын расмий сайтында директор катары Алексей Викторович Клевцовдун ысымы жазылган. (КЕ)
Шерине