Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жылда 33 пайызга өсүп, 8 млрд доллардан ашты. Кыргыз өкмөтү мындай тенденция кооптуу эмес экенин, ал экономиканын өсүшүнө пайдаланып жатканын айтууда. Карыздар кандай долбоорлорго жумшалууда жана анын өсүшүн кандай тобокелдиктер коштойт?
Кыргызстандын мамлекеттик карызы соңку бир жылда 33,2% көбөйүп, өсүү боюнча Евразия экономикалык биримдикте сап башына чыкты.
Уюмдун статистикалык маалыматына таянсак, карыз соңку бир жыл ичинде 182 млрд сомго же 2 млрд долларга өстү. Анын ичинен ички карыз 71%, тышкы карыз 18% көбөйгөн.
Жалпы көлөмү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы учурда 732,7 млрд сом же 8,4 млрд долларга жетип турат. Түзүмү боюнча мунун 37,5% ички, 62,5% тышкы карыз болуп эсептелет.
Бирок кыргыз бийлиги мындай сандар кооптуу эмес экенин белгилеп, өлкөдөгү экономикалык өсүштүн фонунда карыздын көлөмүнөн чочулоого негиз жоктугун билдирүүдө. Анткени 2023-жылдан бери алынган карыз каражаттар экономикалык ири стратегиялык мааниге ээ болгон инфратүзүмдүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана ички мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө жумшалып жатат.
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер боюнча башкармалыгынын башчысы Абданбек Абдыбапов карыздын номиналдык көлөмү өсүп жатканы менен анын улуттук экономикага кооптуу жагдай түзө албашына ишендирүүдө:
“Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү ички дүң продуктунун 70% ашпоосу зарыл. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыз өскөндөн кийинки абалыбыз 45,1% түзөт. Бул мамлекеттик карыздын туруктуулугунан кабар берет. Ошондой эле негизги көрсөткүчтөрдүн дагы бири – мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгымдын катышы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнөн 30% ашпашы керек. Бүгүнкү күндө, 2024-жылдын жыйынтыгы менен, жалпы мамлекеттик карыздарды тейлөөгө кеткен чыгымдардын көлөмү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн болгону 14% гана түздү. Бул деген мамлекеттик карыздарды тейлөөдө эч кандай коркунуч жоктугунан кабар берет”.
Министрлик ырастагандай, мамлекеттик карыздын бир жыл ичиндеги бат көбөйүшүндө май айындагы еврооблигациялар аркылуу алынган 700 млн доллар каражаттын да орду бар. Өкмөт ал каражат энергетика тармагындагы ири долбоорлорго жумшаларын айтып турат.
Мындан тышкары жыл ичинде дагы бир катар ири суммадагы насыялар алынган.
Ачык булактардагы маалыматтарга карасак, Жогорку Кеңеш 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июнь айына чейин 1 млрд 342 млн доллар турган 23 келишимди ратификациялаган. Анын 914 млн доллары насыя болсо, 428 млн доллары грант түрүндө алынган.
Алардын ичинен ирилерин эсептесек – ипотекалык турак жай куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар, Түштүк Кореядан 500 млн доллар, таза суу долбооруна Дүйнөлүк банктан 101,4 млн доллар, Ысык-Көл айланма жолуна Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар, айыл чарба тармагына Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу уюмдардан 380 млн доллардан ашуун каражат тартылган.
Ички карыз эмне үчүн өсүп жатат?
2025-жылдын ортосуна карай Кыргызстандын ички карызынын көлөмү 274 млрд сомдон ашып турат. Бул көрсөткүч беш жыл мурда 65 млрд сомдой болчу.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдан тартып ички булактан карыз алууну кескин көбөйткөн. Соңку беш жылдыкта алынган ички карыздын көлөмү 2020-жылдагы рекорддук суммадан 4,7 эсе ашып түштү. Андан бери ички булактардан карыз алуу жыл сайын 30-50% өсүү менен келатат.
Финансы министрлиги билдиргендей, казыналык облигацияларды көбүнчө банктар, камсыздандыруу компаниялары, Социалдык фонд жана топтомо пенсиялык фонддор алып жатышат.
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер боюнча башкармалыгынын башчысы Абданбек Абдыбапов өкмөт соңку жылдары улуттук валютада мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен ички ресурстардан карыз тартууга артыкчылык берип жатканын билдирди. Анын айтымында, мындай жол менен валюталык тобокелдиктерди азайтуу аракети көрүлүүдө:
“Отуз жыл ичинде доллардын курсу дээрлик 22 эсе өстү. Биз мамлекеттик карыздарды өз маалында төлөп келген учурда деле доллардын курсунун өсүшүнүн эсебинен мамлекеттик карыздардын көлөмүнүн өсүшүнө негизги себептердин бири болуп калды. Ошол себептен улуттук валютада чыгаруу менен валюталык тобокелдиктерди азайтуу, о.э. тышкы кредиторлордон болгон көз карандылыкты дагы азайтуу максатын көздөйт. Экинчи тараптан алып караганда, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча ички рынокту өнүктүрүү, о.э. мамлекеттик инвесторлордун кошумча киреше табышына жол ачуу үчүн ушундай жолго бардык. Бул атайын стратегияда белгиленген. Жылдын башында президенттин жарлыгы кабыл алынган, ошол жарлыкка ылайык мамлекеттик баалуу кагаздардын ички рыногун өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Мамлекеттик ички рынокту өнүктүрүүдө, биринчиден, өзүбүздүн атамекендик инвесторлор кошумча киреше табышат. Алардын бардыгы биздин салык төлөөчүлөр. Жыйынтыгында өзүбүздүн жарандар байып, ошолордон кайра эле кыйыр түрдө республикалык бюджетке каражаттар келип түшүп, ИДПнын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Жыйынтыгында биз улуттук экономиканы көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алабыз”.
Мамлекеттик казыналык облигациялар аркылуу алынган ички карыздын мөөнөтү салыштырмалуу кыска – 3-5-7 жыл, азыраак учурларда 10 жыл, ал эми үстөк пайызы 7-15% болот.
Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова учурда алынып жаткан карыз каражаттардын негизинен инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталып жатышы улуттук экономиканын өсүшүнө жакшы түрткү берип жатканын белгилейт. Ал эми еврооблигациялардын чыгарылышы жаңы инвестициялык рынокторго чыгып, салттуу донорлордон көз карандылыкты азайтат. Ички карыз болсо жергиликтүү банктарды колдоп, улуттук капиталды мобилизациялоого мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейт. Ошол эле маалда ал айрым тобокелдиктерди да көңүл сыртында калтырбоого чакырат.
“Ички карыздын тез өсүшү сырткы карызга салыштырмалуу өзүнчө бир тобокелдиктерди жаратат. Сырткы карыз валюталык тобокелдиктерди камтыса, ички карыздын көбөйүшү улуттук экономикага түздөн-түз таасир этет. Ички карыздын мамлекеттик бюджетке болгон жүгү өсүп, пайыздары ички булактардан төлөнүп жаткандыктан бул каражаттар экономиканын башка секторлоруна жумшалбай калышы ыктымал. Ички карыздын тез өсүшү жеке секторго кредит алуусун кыскартышы мүмкүн. Анткени банктар өкмөткө артыкчылык берет. Өкмөткө карызга берген алар үчүн бир кыйла пайдалуу. Ошон үчүн бул чакан бизнеске терс таасир этиши мүмкүн”.
Тышкы карыз жана насыялоонун жаңы ыкмалары
Өкмөт алдыда “Камбар-Ата-1” ГЭСи, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоолорго да миллиарддаган долларлык насыяларды алууга ниеттенип турат.
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин инвестициялык суммасы 3,6 млрд доллар деп аталган. Бишкек аны каржылоо үчүн Дүйнөлүк банктан 500 млн доллар алууда. Евразия өнүктүрүү банкы да ошончо насыя берүүгө даярдыгын билдирген.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун наркы 4,7 млрд доллар деп бааланган. Анын тең жарымы насыя каражатка курулары айтылган. Насыя булагы азырынча ачык эмес, бирок каражат Бээжинден алынары болжолдонуп келет. Калган 2 миллиарддан ашуунун үч өлкө биргелешип көтөрмөкчү.
Бул каражаттардын бардыгы айланып келип Кыргызстандын карыз куржунун толуктайт. Бирок бул инфратүзүмдүк долбоорлор мезгили менен өзүн актап, экономикага киреше да алып келе турчу долбоорлор болуп эсептелет.
2024-жылы мамлекеттик карыздын өсүшү боюнча коомдо кызуу талкуу жаралганда президент Садыр Жапаров сырткы карызды алуудан чочулоого негиз жоктугун билдирген.
“Кабар” агенттигине курган маегинде ал соңку жылдары алынып жаткан тышкы карыздар мурункудай бюджеттин тешигин жапканга эмес, өзүн актай турган долбоорлорго жумшалып жатканын айткан:
“Азыркы алып жаткан сырткы карыздарыбыз кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн өзү актарын тактап, “жети өлчөп, бир кесип”, анан алып жатабыз. Бир эле мисал келтирейин. "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин "Токтогул" ГЭСи сыяктуу долбоор өмүр бою мамлекетке пайда алып келет. Ал эми "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт. Бирок кыргыз мамлекети дүйнөгө чыгууда туюк болбой, транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондуктан бул жол өмүр бою кыргыз элине, мамлекетибизге кызмат кылат. Бул долбоорду сырттан карыз алуу эмес, башкача ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса бул маселени да чечебиз. Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн өзү актай тургандар”.
Ал тапта бийликке жакын маалымат каражаттары Кыргызстандын алтын резерв корунун көлөмү 7 млрд долларга жеткенин кабарлап, экономика үчүн өтө жакшы жаңылык катары сыпаттоодо.
Мамлекеттик карыздарды башкаруу стратегиясына ылайык, бир булактан алган карыздын көлөмү тышкы карыздын 45% ашпоосу зарыл.
Кыргызстандын тыштан алган насыяларында Кытай башкы булак бойдон калууда. Бээжиндин Эксимбанкынан алынган насыянын көлөмү 36% ашат.
Бирок Кытай өкмөтүнүн ар кандай банктар жана корпорациялар аркылуу Кыргызстанга берип жаткан насыяларынын көлөмү тынымсыз өсүп келет. Соңку кездери мындай карыз берүүнүн форматы бир кыйла өзгөрүүгө дуушар болуп, кытайлыктар көзөмөл кылган биргелешкен ишканаларга берилген насыялар көбөйдү. Алар адатта мамлекеттик тышкы карыздын расмий статистикасына кирбей калат.
AidData ресурсунун изилдөөсү боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинен Кыргызстандын аймагында Кытайдын мамлекеттик институттарынын же аларга тийиштиги бар компаниялардын катышуусундагы биргелешкен ишканалар түзүлүп, алар жеке каражатын же кытайлык банктардын насыясын инвестициялап жатышат. Биргелешкен ишканаларда кытайлык компаниялардын үлүшү көзөмөл пакетке ээлик кылып, чыгымын жаап жана белгилүү бир пайда тапканга чейин долбоорду башкарууга укук алышат. Кыргыз өкмөтү мындай кызматташууну “мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” деп атаганы менен иш жүзүндө аларда кытайлыктардын стратегиялык кызыкчылыктары үстөмдүк кылат. Жумшалган карыздын кайтарылышына кыргыз өкмөтү кепилдик берет.
Шерине