Трамп Киевге Tomahawk ракетасын береби?
Суук түшүп кыш жакындаганы орус армиясы жылдагыдай эле Украинанын маанилүү энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарын күчөттү. Шейшембиде Чернигов, Полтава, Сумы облустарындагы ошондой жайлар бутага алынганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Украин президенти Владимир Зеленский жооп катары каршы тараптын энергетикалык ишканаларына урулган соккуларды комментарийлеп, оурсиялыктар "согуш азабын жон териси менен сезиши керек, ошондо балким бийлигине суроо бере баштар" деп айтты. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Киевди алыс аралыкка учуучу "Томагавк" ракеталары менен камсыздоо маселесине байланыштуу жалпы чечим кабыл алганын айтып, бирок жооп оң же терс болорун тактаган жок.
Шерине