Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:31

"Украина өз жерин толук кайтара алат". Зеленский менен Трамптын жолугушуусу


Зеленский жана Трамп. 23-сентябрь, 2025-жыл. Нью-Йорк
Зеленский жана Трамп. 23-сентябрь, 2025-жыл. Нью-Йорк

АКШнын жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушту. Жолугушуунун алдында Трамп Украина “[Орусиянын] чоң армиясын токтотуу боюнча эң сонун ишти аткарып жатканын” белгиледи.

Орусиянын учактары жана дрондору НАТОнун аба мейкиндигин бузган учурда Европа атып түшүрүшү керекпи деген суроого Трамп оң жооп берди.

Ал ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алуудан баш тартышы мүмкүн экенин айтты.

Ошондой эле АКШнын президенти Орусиянын экономикасы абдан начар абалда экенин кошумчалады.

Зеленский өткөн айда Украинанын 360 чарчы километр аймагы бошотулганын жана Украина армиясы орусиялык миң аскерди курчоого алганын, натыйжада туткундагы украиналыктарды алмашууну көздөп жатканын билдирди. Украин президенти Орусияга каршы санкцияларды жана басымды күчөтүүгө чакырып: "Биз Европа өлкөлөрүнүн орусиялык мунай менен газды сатып алууну токтотуу тууралуу идеяңызды толугу менен колдойбуз", - деди.

Зеленский бул маселени буга чейин Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен талкуулаганын билдирди.

"Аларга белгилүү бир альтернативдүү жол керек, ошондо гана алар бул идеяны колдошот", - деди украин президенти.

Зеленский менен жолуккандан кийин Трамп Truth Social социалдык тармагына "Европа биримдигинин колдоосу менен Украина баштапкы аймагын толугу менен өзүнө кайтара аларын", "андан дагы ары кетиши мүмкүн" экенин жазды.

"Путин менен Орусия чоң экономикалык кыйынчылыкка кабылды, азыр Украина аракет кылышы керек. Кандай болгон күндө да мен эки өлкөгө тең жакшылык каалайм. Биз НАТОго курал-жарак жеткирүүнү улантабыз, ошондуктан НАТО аларды өзү каалагандай пайдалана алат. Баарына ийгилик!" - деп жазды Трамп.

Дүйнө лидерлери БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко чогулган.


Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолукканда, кеминде эки негизги маселе боюнча колдоо күтөрү айтылып жаткан. Бул - Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү жана Киев менен Москва тынчтык келишимине келген учурда коопсуздук кепилдигин алуу.

Нью-Йоркто Трамп менен жолугушууну көздөгөн Зеленский жалгыз эмес. 23-сентябрда АКШ лидери БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, Аргентинанын президенти Хавьер Милей менен жолугат жана Катар, Сауд Арабиясы, Индонезия, Түркия, Пакистан, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания лидерлери менен көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланды.

Ал эми украин президенти Зеленский 24-сентябрда Ассамблеяда сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Трамп менен жолугушуудан кийин ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына да катышат.

Эксперттер Зеленский Трамп менен жолугушууда кооптоно турган эки жагдайды белгилешкен. Бири Трамп аны Орусияга жеңилдик берүүгө мажбурлап коет, экинчиси Украина тынчтык келишиминде жылыш болбогону үчүн айыпталышы мүмкүн деген жоромол айтылган.

Буга чейин февралда Ак үйдөгү жолугушууда Трамп Зеленскийди «диктатор» деп атап, согуш үчүн күнөөлөп, катуу сынга алганы белгилүү.

Андан кийин августта Европанын лидерлери катышкан жолугушууда Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү өткөн. Анын алдында АКШ лидери орус президенти Владимир Путин менен Аляскада сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал кезде Трамп Украина тарапта болуп, бирок Орусиядан ок атышпоону талап кылуудан баш тартып, эки тарап тең тынчтык келишимине умтулуусу керек экенин айткан.

Августтагы сүйлөшүүлөр Украина менен Орусия ортосундагы тынчтыкка жетүү процессинде жылыш болот деген үмүттү жараткан. Буга Трамптын Зеленский менен Путиндин ортосунда жеке же үч тараптуу жолугушуу болушу мүмкүн экенин айтканы себеп болгон. АКШ лидери 1945-жылдан берки Европадагы эң чоң согушту токтотуу керектигин дагы бир ирет кайталаган.

Расмий Кремль Зеленский менен Путиндин Москвадан башка жерде жолугушуусун дароо четке какты. Орусиянын мындай шартын Украина бир нече ирет четке каккан.

«Путин согуштан сүйлөшүү жолу менен чыгууга таптакыр кызыкдар эместигин көрсөттү, ал дагы деле өзүнүн таптакыр кабыл алынгыс шарттарын таңуулап жатат», — деп жазды Лондондагы Кингс коллежинин согуш изилдөөлөрү боюнча профессору, аналитик Лоуренс Фридман.

Украина үчүн АКШ колдогон коопсуздук кепилдиги согушту токтотуу боюнча келишим болгондо керек. Бирок тынчтыкка жетүүдө жылыш болбой жаткан маалда Киев Вашингтондон Москвага каршы санкцияларды күчөтүүнү каалап турат.

Трамп орус лидери Владимир Путинден көңүлү калганын бир нече ирет кайталап, Москвага жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин белгилеген. Анын ичинде Орусиядан энергия сатып алган же согушта пайдаланылуучу технологияны жектирген өлкөлөр менен компанияларга каршы кошумча санкциялар да каралууда. АКШ Конгрессиндеги эки партиянын депутаттары жаңы санкциялык мыйзам долбоорлорун сунуш кылышкан.

7-сентябрда журналисттердин «санкциялардын экинчи баскычына өтүүгө даярсызбы?» деген суроосуна Дональд Трамп: «Ооба, даярмын», — деп жооп берген. 18-сентябрдагы маегинде болсо Путин тууралуу: «Ал мени абдан көңүлүмдү калтырды», — деген.

«Мен Орусияга каршы олуттуу санкцияларды киргизүүгө даярмын. Бирок бул бардык НАТО өлкөлөрү ушул кадамга барып, Орусиядан мунай сатып алууну токтоткондо гана ишке ашат. Ошондой эле НАТО өлкөлөрү Кытай товарларына 50–100% бажы салыгын киргизиши керек», — деген АКШ лидери.

Азырынча Трамп Орусияга жана анын соода өнөктөштөрүнө жаңы жаза чараларын киргизүүдөн карманып турат. Болгону Индиянын Орусия мунайын сатып алуусуна байланыштуу товарларга бажы салыгын 25 пайызга жогорулаткан. Ошол эле учурда ал кошумча санкциялар тескерисинче Путинди сүйлөшүү үстөлүнө алып келүү аракетине тоскоол болушу мүмкүн экенин билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да 15-сентябрдагы билдирүүсүндө Орусияга каршы жаңы санкциялар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн экенин айткан.

«Эгер кандайдыр бир жол менен [Трамп] бул процесстен чыгып кетсе же Орусияга санкция салып, “болду” десе, анда дүйнөдө согушту токтотууга ортомчулук кыла ала турган эч ким калбайт. Балким, ошондой учурга да жетип калышыбыз мүмкүн. Биз андай болбойт деп үмүттөнөбүз, анткени бул абдан оор согуш жана ал мунун аякташын каалайт», — деди Рубио.

Шерине

XS
SM
MD
LG