Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:22

"Кокустук эмес, кооптуу чагым". НАТОнун аймагына кирген орус учактары


Орусиянын МиГ-31 учагы Балтика деңизинин үстүндө. 2025-жылдын 19-сентябры.
Орусиянын МиГ-31 учагы Балтика деңизинин үстүндө. 2025-жылдын 19-сентябры.

НАТО альянсына мүчө өлкөлөр Орусиянын аскердик учактары Эстониянын аймагында учканы аныкталганын билдирип, мындай аракеттерди айыптай турганын жарыялашты. Соңку бир нече күн ичинде эле орусиялык истребителдер (кыргын салуучу аскердик учак) Эстониянын аба мейкиндигине кирген кеминде үч окуя катталганы маалымдалды.

Муну чагым катары кабыл алган союздаштар альянстын чукул жыйынын уюштуруп, маселени бирге талкуулоону чечишти.

«Мен жаңы эле Эстониянын премьер-министри Кристен Михал менен сүйлөшүп, орусиялык учактар алардын аба мейкиндигинин чек арасын бузганы боюнча маселени талкууладым», — деп НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте 19-сентябрда билдирди.

Марк Рютте
Марк Рютте

«НАТОнун реакциясы ыкчам жана чечкиндүү болду», — деп кошумчалады Рютте Балтика деңизинин жээгиндеги бул чакан өлкө орусиялык МиГ-31 истребителинен үчөө анын аймагында катталганын билдиргенден кийин альянстын тийиштүү күчтөрү дароо аракетке келтирилгени тууралуу айтып жатып.

НАТОнун Европадагы бирдиктүү куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын өкүлү Мартин О'Доннелл «Eastern Sentry ("Чыгыштагы күзөт") командачылыгы астында НАТО Эстониянын аймагында жайгашкан италиялык F025 истребителдерин учуруп, ыкчам чара көргөнүн» айтты.

«Швеция менен Финляндия да өз учактарын тез арада даярдыкка келтирип, учурушту», — деди О'Доннелл.

Орусия учактары Эстониянын аба мейкиндигине кирип барганы тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги учактар «пландалган каттамын аба мейкиндигин пайдалануу боюнча эл аралык эрежелерди так сактоо менен аткарганын» билдирди.

"Учуу планы жок, транспондери өчүк болчу"

Эстониянын аскер мекемеси Орусиянын учактары аларга таандык аба мейкиндигинде, Вайндлоо аралынын аймагында эч кандай уруксатсыз 12 мүнөт учуп жүргөнүн айтышты.

«Истребителдер учуу планы жок эле учуп жүрүштү, алардын транспондерлери өчүрүлүп коюлган экен. Аба мейкиндигиндеги чек арадан өтүп кетишкен учурда учактарда эстониялык авиадиспетчерлер менен эки тараптуу радио байланышы болгон эмес», — деп билдирди мекеме.

Кристен Михал эстон өкмөтү НАТОнун Уставынын 4-беренесинин негизинде чара көрүү талабын койгонун билдирди. Бул беренеде альянстын мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө жыйынга чогулушу керектиги жазылган, бирок андан курчураак чаралар жазылган 5-беренеге жетпейт. 4-беренеде «эгер тараптардын арасынан кимдир бирөө аймактык бүтүндүгүнө, саясий эркиндигине жана коопсуздугуна коркунуч жаралганы тууралуу айтып чыкса ич ара кеңешүү жүргүзүлөт» деп көрсөтүлгөн.

Эстониянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бул өлкөдөгү иштери боюнча ишенимдүү өкүлүн чакыртып, окуяга байланыштуу «протест билдирип, тынчсыздануу нотасын тапшырды».

Кристен Михал
Кристен Михал

«Ооба, НАТОнун абадан коргонуу системасы ишин көрсөттү — учактар кетишти, орусиялык учактарды кетирүүгө аргасыз кылышты. Бирок Эстониянын үстүндө ошончолук убакыт учуп жүрүү — албетте, атайын даярдалган операция болбосо да, жок эле дегенде ниети жакшы эместик», — деди Михал.

Эстониядагы окуяга байланыштуу НАТО чечим кабыл алуудагы негизги саясий органы болуп эсептелген Түндүкатлантикалык кеңештин отурумун келерки аптанын башында өткөрөрүн билдирди. Датасы так айтыла элек, бирок анда күн тартибиндеги негизги маселе Орусиянын соңку аракети болот.

АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул тууралуу жакын арада кеңири маалымат аларын билдирди:

«Мага бул жаккан жок... Мындай болуп жатканы мага жакпайт. Кесепети чоң проблемага айланышы мүмкүн», — деди ал.

Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин башчысы Кая Каллас Орусиянын соңку аракетин «өтө кооптуу чагым» деп мүнөздөдү.

Бир нече күн мурда Орусиянын аскердик техникасына байланыштуу ушундай эле окуялар Польшада жана Румынияда катталган. Аталган эки өлкө да НАТОнун жана Европа Биримдигинин мүчөсү.

Польша менен батыш тарабынан, Румыния менен түштүк-чыгышынан чектешкен Украина 2022-жылда коңшусу Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылгандан бери аймагына орус тараптан күн сайын дрон жана ракетанын түрлөрү учурулуп, шаар-кыштактары жабыр тартып келатат.

Жаңы америкалык коопсуздук борборунун трансатлантикалык коопсуздук программасынын илимий кызматкери, АКШнын коргоо министринин жардамчысынын мурдагы орун басары Жим Таунсенд "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде Эстониядагы соңку окуяны бул өлкөнүн аймагынын чакандыгын жана орусиялык учактар ага таандык аба аймагында учуп жүргөн жалпы убакытты эске алганда «ири кийлигишүү» деп атады.

«Бул өтө олуттуу нерсе», — деди ал.

Адистин пикиринде, НАТО, балким, Балтика аймагындагы өлкөлөрдүн аба мейкиндигинде күзөт жүргүзүүчү атайын учактардын санын көбөйтүшү керек болот, анткени эгер учкучтар узак убакыт бою чыңалган абалда иштесе чарчап, жумушунун тактыгына залакасы тийиши ыктымал.

2004-жылы Литва, Латвия жана Эстония курамына киргенде НАТО Балтика деңизинин жээгиндеги бул өлкөлөрдүн асманын кайтара турган өзүнчө миссиясын түзгөн. Анын курамында адатта кыргын салуучу учактардан төртөө, учкучтар, аларга жардам берүүчү атайын персонал болот.

Жим Таунсенд НАТО чыгыштагы мүчөлөрүн учкучсуз учактардын ыктымал чабуулдарынан коргоо үчүн зарыл технологияларды иштеп чыгууну тездетүүсү зарыл экенин кошумчалады.

Вашингтондогу Хадсон Институтунун илимий кызматкери Люк Коффи НАТО бекемдигин, катаал чара көрүүгө даярдыгын көрсөтмөйүнчө орус бийлигинин мындай аракеттери улана берет деп эсептейт. "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып ал альянс Орусия акыры өкүнүп кала тургандай күчтүү кадамдарга барганда гана тыйыларын белгиледи.

«Менимче, бул [Орусия президенти Владимир] Путиндин Трампка чакырык таштап, ошол эле учурда альянстын ичиндеги ажырымды күчөтүүгө багытталган чоң стратегиясынын бир аз бөлүгү гана», — деди Коффи.

12-сентябрда НАТО өзүнүн чыгыш флангындагы коргонуусун бекемдей турганын жарыялап, Eastern Sentry деген аталыштагы «операциясын» баштады. Анын алкагында Орусиянын ыктымал агрессиясына туруштук берүү максатында Улуу Британиядан, Даниядан, Франциядан жана Германиядан кошумча аскердик техника жайгаштырылат.

Зеленский: Бул кокустук эмес

Украинанын президенти Владимир Зеленский Эстониянын аймагында орусиялык истребителдер аныкталган окуядан кийин Орусияны кырдаалды курчутуп жатат деп айыптады.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

«Бул кокустук эмес. Бул Орусиянын Европага, НАТОго, Батышка каршы багытталган системалуу өнөктүгү. Буга системалуу жооп талап кылынат», — деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.

«Чечкиндүү чаралар көрүлүшү зарыл», — деп кошумчалады ал.

Путин кырдаалды курчутуп жатканын Европа Комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да билдирди. Орус бийлиги Украинага каршы согуш ачканы үчүн жарыяланып келаткан санкциялардын 19-пакетин жарыялап жатып ал:

«Президент Путин кайрадан кайра кырдаалды курчутуп жатат. Жооп катары Европа басымын күчөтүүдө», - деди.

Шерине

XS
SM
MD
LG