Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Ошто эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы Баткенден табылды


Баткенден табылган апасы менен кызы.
Баткенден табылган апасы менен кызы.

Ош облусунда эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы Баткен облусунан табылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы алар 2-октябда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөнү аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Милициянын маалыматында 1-сентябрда Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын тургуну кайрылып, 41 жаштагы Назгүл Абдисатар кызы жана анын 12 жаштагы кызы Акмарал Абдисатар кызы эки айдан бери дайынсыз болуп жатканын кабарлап, издөө иштери башталган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG