Германияда 2-октябрда асманда пайда болгон белгисиз дрондун айынан Мюнхен шаарынын аэропортунда 17 рейс убактылуу токтотулду. AFP агенттиги 3-октябрда Германиянын федералдык полициясынын өкүлүнүн маалыматына таянып билдиргендей, аэропорттун жанында дрон учуп жүргөнүн айрым жарандар кабарлашкан, көп өтпөй учкучсуз учак аба майданынын так үстүнөн учканын көргөндөр да болгон.
Полиция тегеректе издөө, иликтөө иштерин жүргүзгөнү, бирок эч кимди аныктай албаганын DPA агенттиги маалымдады.
Каттамдардын тартиби бузулгандыктан 3 миңдей жүргүнчү убагында уча албаганы айтылды.
Мюнхен шаарында бул күндөрү Октоберфест иш-чарасы өтүп жатат, адатта ага дүйнөнүн чар тарабынан көптөгөн коноктор барат.
Сентябрь айында Даниянын аэропортторунун жана аскердик объектилеринин үстүнөн белгисиз дрондор учканы катталган. Белгисиз учактар аба мейкиндигинин чек арасынан өтүп кеткенин Польша, Эстония жана Румыния да айтып чыгышкан.
Бул үчүн аталган өлкөлөр Орусияны айыпташкан. Орус бийлиги мындай кинени четке каккан.
2-октябрда Копенгагенде Европа саясий бирлигинин жыйынында сүйлөп жатып үч жылдан ашык убакыттан бери Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылып келаткан Украинанын президенти Владимир Зеленский Европанын кайсы гана жери болбосун, Орусиянын дрон соккусуна кабылышы ыктымал экенин эскерткен.
"Орустар Польшага каршы дрон колдонууга, Түндүк Европанын аба мейкиндигин бузууга батынып жаткан болсо, демек, мындайга Батыш Европа да, түштүк да кабылышы мүмкүн", - деген украин лидери. (RK)
Шерине