Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Курулуш компаниясынын жетекчилери алдамчылыкка шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын "Чыгыш-5" кичи районунда жайгашкан "Санхаус плюс" турак жай комплексинин жетекчилерине карата алдамчылык жана курулуш нормаларын бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгонун 26-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, үй мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен курулганы аныкталган.

"Ишкананын жетекчилиги кирешени көбөйтүү максатында жер астындагы унаа токтотуучу жайды долбоорлоо документтерин жана курулуш нормаларын бузуп, бекитилген пландан четтеп, коммерциялык жайга айландырганы аныкталган. Бул соода-сатык келишимдеринин шарттарын, комплекстин жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын бузуп, айланадагы жол абалын да начарлаткан", - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

24-сентябрда комплекстин жашоочулары видео кайрылуу жарыялап, анда подрядчы өз милдеттенмелерин аткарбай, натыйжада имарат ишке берилбей жатканына нааразы болушкан. Алардын айтымында, курулуш башталганга чейин компания коопсуздук системаларын, тосулган аймакты, жеке жер астындагы унаа токтотуучу жайды убада кылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш ишканасынын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн долбоорлоо уюмунун жетекчиси Б.Э.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Курулуштагы мыйзам бузууларга байланыштуу буга чейин дагы кылмыш иштери козголуп, жетекчилери камалган.

Эки күн мурун УКМК өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип "Береке курулуш компаниясы" ишканасынын директору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С. У. Ч. кармалганын кабарлаган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG