Трамп Украина жерин толук кайтарып аларына ишенет
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын лидери Владимир Зеленский 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушту. Мунун алдында Трамп Украина “Орусиянын эбегейсиз армиясын токтотууда эң сонун иш аткарып жатат” деп белгиледи. Ошол эле учурда АКШ лидери Орусияга каршы санкцияларды киргизүү жөнүндө эскертип, Орусиянын учактары жана дрондору НАТОнун аба мейкиндигин бузганда Европа аларды атып түшүрүшү керекпи деген суроого оң жооп берди. НАТОнун мүчөлөрү да Москваны айыптап, өз аймагын чечкиндүүлүк менен коргой турганын эскертишти. Ал эми Кремль Украина Орусия басып алган аймактарын кайра кайтарып ала алат деген ойду жаңылыштык деп атады.
Шерине