Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Казак-орус чек арасы: Орусиядагы "ортомчулар" иштебей, жүк өтпөй турат


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Орусияга жүк ташыган кыргызстандык айдоочулар казак-орус чек арасындагы тоскоолдук жоюлбай жатканын айтып даттанууда. Апта башында Кыргызстандан Орусияга жүк ташыган автоунаалардын айдоочулары 9-сентябрдан бери чек арадан өтүү кыйын болуп жатканын айтып чыгышкан эле. Буга казак тарап киргизген электрондук кезек күтүү системасынын талаптарынын күчөшү, ал эми Орусия тараптан талап кылынган тиешелүү документтердин жетишсиздиги негиз болуп жатканы айтылган. Чек арадагы текшерүүлөрдөн кийин кайра артка кайтууга аргасыз болгон айдоочулар да бар. Кыргыз өкмөтү бул боюнча комментарий бере элек.

Аты-жөнүн толук айтпоону өтүнгөн кыргызстандык айдоочу Азамат казак-орус чек арасынан 16 күндөн бери өтө албай турганын айтып берди. 8-сентябрда ал Чүйдүн Кант шаарынан күндөлүк керектелүүчү товар жүктөп, Москвага бет алган. Жанындагы шериги экөө Казакстандын Актөбө облусундагы Кобда шаарына жеткенде жүк жүктөп берген фирмадан телефон чалышып, казак-орус чек арасынан өтпөй турууну айтышкан экен. Азамат ошондон бери чек арага 200 чакырым жетпей 16 күн унаанын ичинде жашап, артка да кете албай турганын айтып берди:

"Биз бул фирма менен көптөн бери иштешип келебиз. Бул жолу да жүк жүктөп, колубузга документтерибизди берген. 10-сентябрга чек арадан өтүү үчүн электрондук кезек алып койгонбуз. Бирок 9-сентябрдын түнүндө "чек арадан өтпөй тургула, сүйлөшүүлөр болуп жатат" деген кат келди. Азыр эми же кирерибизди же артка кетерибизди билбей турабыз. Д-2 деген фирма жүк жөнөтүп атканда Вотсапта 4-5 группа ачат, алардын ар биринде кеминде 50-60тан айдоочу отурат, демек, 200 фура деп эсептеп кое берсек болот, бул аз дегенде. Жөн эле турганыбыз үчүн 100 доллардан төлөнөт дегени менен андан деле кабар жок. Фирмага чалсак албайт, кыска эле "кирбегиле, дагы эле сүйлөшүп атабыз, чечилет" деп коюшат. Кытайдан кирип, Кыргызстан аркылуу бажыда таризделген товардын 20% гана документи болбосо, башкасы документи жок. Ошого кирбей тургула деп жатат".

Азамат жүктөлгөн товарга документ толук болбой калган учурлар буга чейин деле болуп келген дейт. Бирок мындай учурда ич ара сүйлөшүү аркылуу маселени чечип келишкенин кеп салды:

"Биз, мисалы, бир жүктү 4 миң долларга алып кетебиз деп сүйлөшсөк, чек арадагы тоскоолдуктарга кетчү каражат ошонун ичинде болот деп сүйлөшөбүз. Анан Кыргызстандан чыгып жатканда колдогу документтерибизди эле көрсөтүп коюп, бат эле өтөбүз. Казакстандан болсо 40 миң теңгеге чейин кетет. Ал эми Орусиянын бажычылары 5 миң рубль алчу. Ошону менен толук документтештирилбеген товарды алып өтчүбүз. Эми азыр талаптар күчөп жатат эмнегедир. Жарым айдан бери жөн жатып, тажадык. Эми артка кайталы десек Кыргызстан убактылуу сактоочу кампага киргизип, ар бир товардын документин текшерет. Анан жанагы тастыкталбаган товарлар чыкканда олчойто айыппул салат, Д-2 фирмасын жоопкерчиликке тартат. Ошого булар бизди артка кайтпагыла деп отурушат. Бул коррупциялык схема мурдатан бери жакшы эле иштеп келген, ар бир чек арадан бүт маселелер акча менен бүтчү. Эми андай болбой жатат. Мен эмне кылышты билбей жатам, үстүмдө 3 миң долларлык кредит, үй-бүлөм, ата-энемдин жоопкерчилиги турат. Тийиштүү органдар ушу жагын караштырып бербесе болбой калды. Жеке эле Д-2 деген фирманын эмес, Кыргызстандан бараткан оор жүк ташуучу унаанын баары турат өтпөй".

Жүк алып бараткан айдоочулардын бири Икромидин Саттаров да 7-сентябрда Чүйдөн күндөлүк керектелүүчү товар жүктөп, Москвага бет алган. Ал 17-сентябрда Казакстандын Орал шаарына жетип, чек арадан өтпөй, кайра кайткан. Азыр кыргыз-казак чек арасына жакын Кордайга 30 чакырым жетпей токтоп турганын билдирди. Анын жүгүн казак салыкчылары убактылуу товар сактоочу кампага киргизип, бир аптадан бери кармап турат.

"Казак салыкчылары тез текшерип, бизди кое берсин деп аларга кайрылсак, Астанадан буйрук келе электигин, ансыз биздин товарды текшере албастыгын айтып кармап турушат. Биз азыр эмне кылышты билбей калдык. Д-2 деген фирманын жетекчилери биздин балдарды тоготпой, "билгениңерди кылгыла, бирок жүк үчүн силер жооп бересиңер" деп жатат. Азыр айлабыз кетип турат, эмне кылышты билбейбиз".

Оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги Сырым-Маштаково деп аталган казак-орус текшерип өткөрүү пунктунда орун алган. Казакстандын транспорт министрлиги 21-сентябрда чек арадагы узун кезек бар экенин тастыктап, бул Орусия тараптын текшерүү иштерин күчөтүп жатканынан улам болгонун белгилеген. Маалыматты министрлик өзүнүн расмий сайтына жарыялаган.

"Чек ара кызматынын жана Транспорт министрлигинин адистери казак-орус чек арасында жайгашкан текшерип өткөрүү пункттарына барып, абал менен таанышкан. Орусияга бараткан нейтралдуу жерде унаалардын топтолуп калганы, өзгөчө оор жүк ташуучу унаалар көп экени аныкталган. Бул кезектин көбөйүшүнө, өткөрүү процедураларынын жайлашына алып келген. Бул жагдайлар негизинен Орусия тараптан көзөмөл чараларынын күчөтүлүшү менен байланыштуу. Атап айтканда, жүктөрдү текшерүү тартиби күчөтүлдү, транспорт каражаттарын кароо убактысы узартылды, ошондой эле документтерди текшерүү жана санитардык-фитосанитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча кошумча чаралар киргизилди",-деп айтылат казак министрлигинин сайтында жазылган маалыматта.

Кыргызстандык ишкер Айбек Сарыгул казак-орус чек арасынан өтө албай турган бир гана кыргызстандык айдоочулар эмес экенин өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал соңку тоскоолдуктар орус тарапта туруп, бул жүктөргө кошумча "сый акы" алып, эч маселесиз өткөрүп жүргөндөр азыр ал кызматынан баш тарткандыктан улам жаралганын белгилеген.

"Аныгы так эмес маалымат боюнча азыр орус-казак чек арасында, казак тарапта 12 миңден ашык фура токтоп турат. Булар бир гана кыргыз фуралары эмес, казак, өзбек, орус фуралары да турат. Бул жүктүн баары кийим-кече жана ар түр оокаттар, мындайча айтканда, күнүмдүк керектелүүчү товарлар. Бир гана тамак-аш ташыгандар өтүп атат. Аба аркылуу Бишкек жана Оштон Шереметьево, Внуково, Домодедового учкан жүргүнчү учактарына гана карголор жүк берип атат. Мурда баалары килосуна 150-180 сом болсо, азыркы баалары килосуна 245-260 рубль болуптур. Темир жолдо бир гана фирма 3 агенти менен иштейт. Алар да баасын килосуна 45 рублдан 85 рублга көтөрүптүр, анда да жер жок. Анткени жумасына 2 эле поезд бар, ошондо 4 вагон жумасына кетет. Ал жакта да баа 100 рублга чыгат болуш керек эгер бул жума маселе чечилбесе",-деген Айбек Сарыгул.

Орусиянын Федералдык бажы кызматы 24-сентябрда бир катар орусиялык медиага маалымат берип, казак-орус чек арасындагы узун кезек тууралуу кеңири айткан. Анда контрабандалык товарды Казакстан аркылуу Орусияга ташыган жүк ташуучулар чек арадан өтүүдөн кооптонуп, мындан улам узун кезек жаралганы айтылган.

"Азыркы учурда өткөрүү пункттарында тыгын Орусиянын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн айрым абийирсиз катышуучуларынын айынан жаралууда. Алар ташуучуга жолго чыкпа деп көрсөтмө берип жатышат, анткени күчөтүлгөн көзөмөл маалында алардын "көмүскө" импорт же контрабанда менен алектенгени билинип калышы мүмкүн деп коркуп жатышат",-деп жазылган маалыматта.

Федералдык бажы кызматы учурда Казакстан тарап кошумча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Орусиядан Казакстанга чыгуучу багытта да унаалардын топтолушу байкаларын, ал эми Орусияга кирүүчү багытта унаалардын топтолушу катталган жок деп маалымдаган.

"Орусиянын бажычылары товарларды мыйзамдарга ылайык, текшерип, тандалма текшерүүлөрдү да жүргүзүп жатат. Бажы органдарынын мобилдик топтору чек арага жакын аймактарда көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу болгондуктан комплекстүү системалык чаралар кабыл алынган. Көзөмөл жүргүзүүдө өзгөрүүлөр киргизилген эмес. Эгер ташуучунун бардык документтери талапка ылайык болсо, чек арадан өтүүдө эч кандай кыйынчылык же тоскоолдук жаралбайт, текшерүү орточо эсеп менен 8 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт", - деп мекемеден билдиришкен.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. Ошол кезде Кыргызстан уюмга мүчө болушун мигранттарга эркиндик берилиши жана уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү тоскоолдуксуз ишке ашарына байланыштырган эле. Бирок кыргыз тарап чек арадан жүк алып өтүүдө улам-улам тоскоолдуктарга кабылганын айтып келет.

Соңку кырдаал боюнча азырынча өкмөттүк деңгээлде реакция боло элек.

Ал тапта Кыргызстанда Казакстан менен чек арада жайгашкан "Чалдыбар" автомобилдик көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемага байланыштуу жыйын учурунда кармалган 23 кызматкер убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-сентябрда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин катыштыгы болгону аныкталды.

24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кеңешме өтүп, шектүүлөр ошол жерден кармалган. Натыйжада Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Транспорт министрлигинин 4, Айыл чарба министрлигинин 6 кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин УКМК "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иш зонасында аталган мекемелердин кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, товарларды коштоочу жалган документтерди колдонуу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG