Саламаттык сактоо министрлиги интернеттеги холера оорусу жөнүндө тарап жаткан маалыматтар боюнча билдирүү таратып, эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө экенин маалымдады.
Мекемеден билдиришкендей, пландуу санитардык мониторинг алкагында аймактык санитардык кызматтар ачык суу сактагычтардын, дарыялардын жана агын суулардын суусун үзгүлтүксүз текшерип турушат.
“Акыркы жолу Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону Vibrio cholerae O1 (серовар Огава) аныкталган, бирок ал авируленттүү, башкача айтканда, адам үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холерадагыдай эпидемиялык потенциалы жок. Эпидемиялык коркунуч жок болгонуна карабастан толук көлөмдө тиешелүү чаралар көрүлдү”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.
Бул жөнүндө Ош облусундагы бардык санитардык кызматтар кабардар кылынып, тиешелүү кызматкерлер профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн тартылган. Координациялык органдардын кезексиз жыйындары өткөрүлүп, Ош шаарындагы Увам каналы боюнча абал каралган.
Мунун алдында социалдык тармактарда Ош облусунун аймагында, анын ичинде Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынан, Увам каналынан жана Араван районундагы каналдардын биринен алынган үлгүлөрдөн холера вибриондору табылганы жөнүндө маалыматтар тараган. Айрым басылмалар жазгандай, кийин илдеттин вирусу Бишкекте да табылганы жөнүндө кабарлар чыккан.
2024-жылы апрелде Казакстандын санитар-карантин көзөмөл кызматы Индиянын Дели аймагынан Алматыга Air Astana аба компаниясынын учагы менен келген кыргызстандык аялдан холера оорусун аныкташканы маалымдалган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги ошондо да билдирүү таратып, өлкөдө холера оорусу боюнча коркунуч жок экенин кабарлаган.
Холера - адамдын ичеги-кардын катуу сезгентип, курч кармаган жугуштуу оору. Оорунун булагы болуп оорулуу киши же анын козгогучун алып жүрүүчүлөр эсептелет. Кайнатылбаган суу ичкенден, оорулуу колдонгон буюмдарды кармаганда жугат. Холеранын суу менен таралышы айрыкча коркунучтуу. Агын сууларга түшкөн вибриондор тез көбөйөт. Аларды ичкен, сууга түшкөн, кир чайкаган жана башка керек-жаракка жумшаган учурда оору жайылып, эпидемияга айланат. (ErN)
Шерине