Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Бишкекте спорт журналисттеринин эл аралык форуму өтүүдө


Спорт журналисттеринин эл аралык форумунун катышуучулары.
Спорт журналисттеринин эл аралык форумунун катышуучулары.

Бүгүн 26-сентябрда Бишкекте спорт журналисттеринин эл аралык форуму өтүүдө. Аталган иш-чара Кыргызстандын спорт журналисттери федерациясынын 30 жылдыгына арналган.

Ага жергиликтүү жана чет өлкөлүк спорт журналисттери, спорт уюмдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү, блогерлер жана Азиянын спорт журналисттеринин ассоциациясынын президенти Хии Дон Жоңг, уюмдун башкы катчысы Азиз Амжад Малик баштаган бир катар чет элдик коноктор катышууда.

Форумдун жүрүшүндө уюмдун 30 жыл ичинде аткарган иштерин чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлүп, кыргыз спорт журналистикасынын көйгөйү, жетишкендиги жана багыты талкууланат.

Казакстан, Орусия, Өзбекстандан келген адистер спортту чагылдыруудагы тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Форумда бир нече спорт кабарчыга тиешелүү мекеме-уюмдар сыйлыктарын ыйгарды. Алардын арасында “Азаттык” радиосунун ардагер спорт кабарчысы Кабыл Макешовго Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин “Алтын ордени” тапшырылды. Макешов “Азаттык” радиосунда 20 жылга жакын иштеп, спорттук баяндамачы катары 7 жайкы, 5 кышкы олимпиададан жана бир нече Азия оюндары, Дүйнө чемпионаттарынан жеринен түз репортаж берип келген. Спорт темасын баяндаган 20га чукул китептин автору. Ал Кыргызстандын Спорт журналисттери федерациясынын негиздөөчүлөрдүн бири.

Андан тышкары Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги “Дене тарбия жана спорттун мыктысы” төш белгиси “УТРК Спорт” каналынын продюсери Шайырбек Араповго, “УТРК Чүй” каналынын кабарчысы Жанара Эсеновага, “Азаттыктын” мурдагы спорт жана фото кабарчысы Гүлжан Турдубаевага жана “Азаттыктын” спорт кабарчысы Эмилбек Чекировго ыйгарылды. Ошондой эле аталган мекеменин Ардак грамотасы Адилет Керимбек уулуна (Кыргыз Спорт Тв), Элиза Нурматовага (УТРК Ала-Тоо), Адилет Темирлановго (ЭЛТР), Айзада Нурадилевага (Спорт федерацияларынын ассоциациясы) Эркинбек Абдуллаевге (Кыргыз Спорт ТВ), Мария Ивановага (УТРК Ала-Тоо) тапшырылды. Андан сырткары AIPS ASIA уюмунун атайын сыйлыгын бир нече спорт кабарчылары алды.

Кыргызстандын Спорт журналисттери федерациясы 1995-жылы түзүлгөн. Уюм негизделген жылы ага 8 журналист мүчө болсо, учурда алардын саны 40тан ашат. Уюмду меценат Улукбек Салымбеков жетектейт.

Негизделгенден тартып эле уюм эл аралык спорт журналисттер ассоциациясына (AIPS) жана Азиянын спорт журналисттери федерациясына (AIPS AISA) мүчө. Федерациянын каржылоосу менен 2000-жылдан бери 30дан ашуун журналист спорт журналисттеринин эл аралык конгресстерине, атайын окуу программаларына катышып, тажрыйба топтоп келишти. Учурда Кыргызстанда эки спорттук телеканал, спортту чагылдырууга адистешкен бир нече сайт бар. Андан тышкары бир нече телеканал, радиолордо спортко арналган программалар чыгып келет. “Байге”, “Топ kg”, “Sport.kg” аталышындагы гезиттер бир нече жыл жарык көрүп, акча каражатынын тартыштыгынан улам жабылып калган. Жогорку окуу жайларда спорт журналисттерин даярдаган атайын профилдик багыттагы факультеттер азырынча жок. (ECh)

Шерине

XS
SM
MD
LG