Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Казакстандын жаңы тышкы иштер министри болуп Ермек Көшербаев дайындалды


Ермек Көшербаев
Ермек Көшербаев

Казакстандын тышкы иштер министри болуп Ермек Көшербаев дайындалды. Мындай жарлыкка казак президенти Касым-Жомарт Токаев 26-сентябрда кол койду.

Буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеп келген Мурат Нуртлеу казак президентинин эл аралык инвестициялык жана соода кызматташтыгы боюнча жардамчысы болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган Көшербаев буга чейин өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп келген. Ага чейин Чыгыш-Казакстан облусун башкарган, Орусиядагы Казакстандын элчи кызматын аркалаган.

Сентябрь айынын башында Orda.kz басылмасы өлкөнүн тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, ишкер Гажи Гажиев жана коопсуздук кызматынын жогорку кызматкерлери кармалганын жазышкан эле. Бул маалыматты казак бийлиги чекте каккан.

Мурат Нуртлеу 2023-жылдан бери Казакстандын тышкы иштер министрлиги кызматын аркалады. Ага чейин президенттик администрацияны жетектеген. Аны учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары сыпатташат.

Шерине

XS
SM
MD
LG