Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

"Чалдыбар" бекетиндеги коррупцияга шектелип кармалган 23 кызматкер камакка алынды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Казакстан менен чек арада жайгашкан "Чалдыбар" автомобилдик көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемага байланыштуу жыйын учурунда кармалган 23 кызматкер убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 26-сентябрда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин катыштыгы болгону аныкталды.

24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кеңешме өтүп, шектүүлөр ошол жерден кармалган.

Натыйжада Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Транспорт министрлигинин 4, Айыл чарба министрлигинин 6 кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин УКМК "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иш зонасында аталган мекемелердин кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, товарларды коштоочу жалган документтерди колдонуу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталганын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG