АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушкан учурда Түркиянын орус мунайын сатып алууну токтотуусу Украинадагы согушту токтотуудагы эң жакшы жардамы болорун билдирди.
"Путин дагы, Зеленский дагы Эрдоганды сыйлайт. Эгер ал кааласа Украинадагы согушка чоң таасирин тийгизе алат, бирок ал нейтралдуу болуп калууну туура көрүүдө", - деди Трамп Ак үйдүн Сүйрү залында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинден "аябай көңүлү калганын" кайталады. Анын айтымында, орус армиясы "миллиондон ашуун аскерин" жоготту, бирок акыркы апталарда жапырт бомбалоого карабастан Украинада алдыга жылган жок.
"Мындан ары мен эч кимди "кагаз жолборс" деп атабайм. Бирок Орусия миллиондогон долларларды ракета, бомба, ок-дары жана адамдарды өмүрүнөн ажыратууга коротту. Өздөрүнө эч нерсе ала алган жок. Муну токтотуш керек, мен буга ишенем", - деди Трамп.
АКШнын президенти НАТОго мүчө өлкөлөрдү жана Европа Биримдигин Орусиянын мунайын сатып алууну токтотууга чакырып келет. Ал Орусиянын энергетикалык ресурстарын импорттоону уланткан өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга катаал санкцияларды киргизерин убада кылган.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинен Түркия орус мунайын эң ири импорттоочу өлкө болуп эсептелет. Түндүкатлантикалык биримдик ичинде Түркиянын үлүшү 26% түзөт. Energy Intelligence сайты июнь айында Түркия 300 миң баррелден ашуун орус мунайын сатып алганын жазган.
Шерине