Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Мамдума "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды дагы катаалдаштырды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы
Орусиянын Мамлекеттик Думасы

Орусиянын Мамлекеттик думасы “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамды катаалдаштырган долбоорду акыркы окууда жактырды. Түзөтүүлөр “чет элдик агенттин” милдеттерин аткаруудан баш тартууга байланышкан беренеге киргизилүүдө. Мурда кылмыш ишин козгоо үчүн бир жылда эки административдик айып пул салуу каралса, эми бир айып пул салуу жетиштүү болмокчу.

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, “Орусияны дос эмес өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоо зарыл”.

Коопсуздук боюнча комитеттин жетекчиси Василий Пискарёв 2023-2025-жылдар аралыгында 1620 административдик протокол түзүлгөнүн билдирди.

“Чет элдик агент” түшүнүгү Орусиянын мыйзамдарына 2012-жылы киргизиле баштаган. Алгач бул макам чет элден каржылык жардам алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга берилчү. Кийинчерээк мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жарандык активист, журналист, укук коргоочу жана ЖМКга карата колдонула баштаган. Укук коргоочулар анын куугунтуктоо куралына айланганын белгилешет.

2025-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы "чет элдик агенттер" макамын ыйгаруу боюнча кеңири мыйзамдар топтомун кабыл алды.

Шерине

XS
SM
MD
LG