Италия Газага жардам жеткирип бараткан эл аралык флотилияны коштоо үчүн экинчи кемесин жөнөттү. Бул тууралуу коргоо министри Гвидо Гросетто бейшембиде билдирди.
Global Sumud Flotilla деп аталган миссияга кирген 50 чакты кемеден турган кербен дрон чабуулуна туш болгон. Кампанияга бир катар укук коргоочулар, адвокаттар менен активисттер, арасында климатты коргоо аракеттери менен таанылган швециялык Грета Тунберг катышууда.
Шаршембиде флотилия грекиялык Гавдос аралынын жанында эл аралык сууда сүзүп баратканда учкучсуз аппараттан кулак тундурган гранаталар ыргытылганы кабарланган. Миссия бул үчүн Израилди айыптады.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги мындай дооматка түз жооп бербегени менен гуманитардык жардамды портторунун бирине калтырууну, болбосо зарыл чара көрүлөрүн эскерткен.
Кербенди коштоо үчүн Испания да согуш кемесин жөнөтүүнү чечкен.
Министр Гросетто Израилдин блокадасын бузууга аракет көрбөөгө чакырып, флотилия башка өлкөлөрдүн аймагына кирсе, алардын коопсуздугун камсыздоо кыйын болорун айтты.
Гуманитардык жардам жүктөлгөн кемелер буга чейин да Газага жетүүгө аракеттенип, бирок миссиясынын өтөсүнө чыга алган эмес.
Эл аралык уюмдар Газадагы гуманитардык абал апаатка айланганын айтып, коңгуроо кагып келишет.
Шерине