Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Копенгаген учкучсуз учактарга каршы чараларды күчөтүүдө


Даниянын коргоо жана юстиция министрлери. Копенгаген, 25-сентябрь, 2025-жыл
Даниянын коргоо жана юстиция министрлери. Копенгаген, 25-сентябрь, 2025-жыл

Копенгаген учкучсуз учактарга каршы чараларды күчөткөнү жатат. Даниянын бийлиги дрондордун өлкөнүн аба мейкиндигин бузууну «гибрид чабуул» деп сыпаттады. Юстиция министри Петер Хуммельгордун айтымында, анын максаты эл арасында «коркуу сезимин» пайда кылуу. Андай окуялардын коркунучу сакталып жаткан чакта өкмөт учкучсуз учактарды аныктоо жана жок кылуу үчүн жаңы технологияларды сатып алууну, дрондорду атып түшүрүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алууну көздөөдө.

Белгисиз дрондорго байланыштуу Даниянын Ольборг шаарындагы аэропорт 24-сентябрдын кечинде учууларды убактылуу токтоткон.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Эсбьерг, Сённерборг жана Войенс аэропорттору да аба мейкиндигинде дрондордун пайда болгонун кабарлап, бирок ишин улантты.

Даниянын коргоо министри Троелс Лунд Поулсен ал окуянын Орусия менен байланышы жоктугун айтты. Орусиянын Копенгагендеги элчиси Москванын дрон учурууга тиешеси жоктугун билдирди. Дания НАТО жана Еврошаркетке кеңешме өткөрүүнү пландап жатат. Бирок альянстын 4-беренесин колдонууну чече элек.

23-сентябрга оогон түнү Копенгаген жана Норвегиянын борбору Осло шаарларындагы аэропорттордо да дрондор учуп жүргөнү кабарланган.

Даниянын бийлиги ошондо учкучсуз аппараттардын Орусия менен байланышы болушу ыктымалдыгын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG