Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози беш жылга кесилди


Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози жубайы менен. Париж, 25-сентябрь, 2025-жыл
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози жубайы менен. Париж, 25-сентябрь, 2025-жыл

Париж шаарынын соту Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини 2005-2007-жылдары шайлоо кампаниясын Ливиянын Муаммар Каддафи башкарган режими тарабынан каржылоо иши боюнча кылмыштуу кутумга барганы үчүн айыптуу деп тапты.

Cудьялар анын жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен 5 жылга кесүү өкүмүн чыгарышты. Le Mondе гезити тактагандай, бул - Саркози сот залында камакка алынбайт дегенге жатат, бир айдын ичинде прокуратурага чакырып, качан камаларын билдиришет.

Мамлекеттик айыптоочу буга чейин аны 7 жылга кесүүнү сураган.

Ошол эле иштин алкагындагы башка эпизоддор, атап айтканда мамлекеттик акчаны кымырып алуу, кыйыр коррупция жана шайлоону каржылоо эрежелерин бузуу боюнча экс-президент акталды.

Соттун төрайымы Натали Гаварино Саркози “ички иштер министри жана UMP партиясынын төрагасы болуп турганда” “өнөктөштөрүнө жана саясий тарапташтарына Ливиянын бийлигинен 2007-жылкы шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн акча суроого жол берген” деген бүтүмгө келди.

Саркози ал жылы президенттик шайлоону жеңген.

70 жаштагы мурдагы мамлекет башчы тагылган айыпты четке кагууда. Ал Францияны 2007-2012-жылдары башкарган жана 2011-жылы Ливияга чет өлкөлүк аскерлерди киргизүүнү колдогон. Интервенциянын натыйжасында Каддафинин бийлиги кулап, ал өзү өлтүрүлгөн.

Экс-президент 2021-жылы паракорлук жана абалынан кыянат пайдалануу иши боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга абакка жана эки жылга шарттуу кесилген. Бирок кийин электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилип, үй камагына алуу чечимине алмаштырылган.

Ошол эле жылы күздө Саркози 2012-жылкы шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылоо айыбы менен дагы бир жолу соттолгон. Камакка алуу өкүмү кийин алты айга чейин жумшартылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG